Skip to content

"Баарыңар бир адамдын кол астында турганда силердин араңарды бөлүп-жаргысы келген же жамаатыңарды тыркыратуу үчүн келген адамды өлтүргүлө".

Арфажа, радыяллаху анху, риваят кылып айтты: Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум:

"Баарыңар бир адамдын кол астында турганда силердин араңарды бөлүп-жаргысы келген же жамаатыңарды тыркыратуу үчүн келген адамды өлтүргүлө".

«مَنْ أَتَاكُمْ وَأَمْرُكُمْ جَمِيعٌ عَلَى رَجُلٍ وَاحِدٍ، يُرِيدُ أَنْ يَشُقَّ عَصَاكُمْ، أَوْ يُفَرِّقَ جَمَاعَتَكُمْ، فَاقْتُلُوهُ».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп баяндап жатат. Мусулмандар бир өкүмдардын астына жана жалпы мусулмандар жамаатына биригишсе, андан кийин ал өкүмдар менен өкүм талашууну каалаган же мусулмандарды бир нече жамаатка бөлүүнү каалаган бирөө келсе, анда ал адамды жамандыгынан кайтаруу үчүн жана мусулмандардын канын сактоо үчүн тыюу керек же ал адамга каршы күрөшүү керек.

Сөздөрдүн маанилери

وأمركم جميع: كلمتكم مجتمعة على إمام واحد، وأنتم يد واحدة.

يشق عصاكم: أصل العصا الاجتماع والائتلاف، والمراد هنا أنه يريد تفريق جماعتكم التي اجتمعت على إمام واحد.

Хадистин пайдалары

Күнөө болбогон иштерде мусулмандардын башчысын угуу керек. Ага баш ийүү важиб болот жана ага каршы чыгууга тыюу салынган.

Ким мусулмандардын башчысына жана мусулмандар жамаатына каршы козголоң чыгарса, ар-намысына жана тукумуна карабастан, аны менен согушуу керек.

Бөлүнбөй, каршы чыкпай биригүүгө үндөө керек.

Булактар

Сахих Муслим (3/ 1480) (1852).

Дагы (8)

منحة العلام في شرح بلوغ المرام.

لعبد الله الفوزان (8/ 349).

توضيح الأحكام شرح بلوغ المرام.

للبسام (6/ 329).

فتح ذي الجلال والإكرام بشرح بلوغ المرام.

لابن عثيمين (5/ 302).

المفاتيح في شرح المصابيح.

الحسين المُظْهِري (4/ 295).