Мусулман аялдын жанында махрамы (ага үйлөнүүгө шариятта тыюу салынган эркек жакыны) болбосо, бир түндүк аралыктагы жолго сапарга чыгуусу адал эмес.
- التصنيف الشرعي
- الفضائل والآدابالآداب الشرعيةآداب وأحكام السفر
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
«Мусулман аялдын жанында махрамы (ага үйлөнүүгө шариятта тыюу салынган эркек жакыны) болбосо, бир түндүк аралыктагы жолго сапарга чыгуусу адал эмес».
«لَا يَحِلُّ لِامْرَأَةٍ مُسْلِمَةٍ تُسَافِرُ مَسِيرَةَ لَيْلَةٍ إِلَّا وَمَعَهَا رَجُلٌ ذُو حُرْمَةٍ مِنْهَا».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман аялдын жанында махрамы жок туруп, бир түндүк (бир суткалык) аралыкка сапарга чыгуусу арам (тыюу салынган) экенин баяндаган.
Ибн Хажар бул тууралуу мындай деген: «Аял кишинин жанында махрамы жок сапарга чыгуусуна тыюу салынат. Бул өкүм — ажылык, умра жана ширк (куфр) өлкөсүнөн көчүп кетүүдөн (хижраттан) башка бардык сапарлар үчүн бир добуштан кабыл алынган чечим (ижма) болуп саналат. Ал эми айрым аалымдар махрамдын болушун ажылык милдетин аткаруунун атайын шарттарынан деп эсептешкен».
Бул эрежелер Ислам шариятынын кемелдигин (толуктугун) жана анын аялзатын коргоого, колдоого өзгөчө көңүл бурарын айкын көрсөтүп турат.
Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирүү — Аллахтын шариятына моюн сунууну жана Анын койгон чектерин (тыюуларын) сактоону талап кылат.
Аялдын махрамы — анын күйөөсү, ошондой эле жакын тууганчылык, эмчектештик же куда-сөөк (кайын журт) байланыштары себептүү ортодо түбөлүккө нике жүрбөй турган эркектер. Махрам боло турган адам мусулман, балакат жашына жеткен, акылы жайында жана ишеничтүү болуусу шарт. Анткени сапарда махрам болуунун негизги максаты — аялды коргоо жана ага кам көрүү болуп саналат.
Имам Байхаки аял кишинин жанында махрамы жок сапарга чыгуусуна тыюу салынган аралыктын узактыгы тууралуу келген риваяттар жөнүндө мындай деген: «Жыйынтыктап айтканда, сапардын узактыгы үч күндүк, эки күндүк, бир күндүк, бир барид (болжол менен 22 чакырым) же башка аралык болобу — айтор, шариятта "сапар" деп аталган жолдун баарында аял киши күйөөсү же махрамы менен гана жүрүүгө тийиш. Буга Ибн Аббастан келген, Муслимдин жыйнагындагы жогорудагы риваяттардын эң акыркысы болгон жана жалпы маанини билдирген: {Аял киши махрамы менен гана сапарга чыгат} деген хадис далил болот. Бул өкүм "сапар" деп эсептелген аралыктын баарын камтыйт». Ал эми хадистердеги убакыт жана аралыктардын ар башка айтылышы суроо берген адамдардын абалына жана алардын жашаган аймактарына байланыштуу болгон.
Сахих ал-Бухари (2/ 43) (1088).
Сахих Муслим (2/ 977) (1339).
Сахих ал-Бухари (2/ 43) (1088).
Сахих Муслим (2/ 977) (1339).
Дагы (12)
تيسير العلام.
لعبد الله البسام (ص374).
تنبيه الأفهام شرح عمدة الإحكام.
لابن عثيمين (3/ 501).
خلاصة الكلام شرح عمدة الأحكام.
لفيصل آل مبارك (ص178).
تيسير العلام.
لعبد الله البسام (ص374).
تنبيه الأفهام شرح عمدة الإحكام.
لابن عثيمين (3/ 501).
خلاصة الكلام شرح عمدة الأحكام.
لفيصل آل مبارك (ص178).