Skip to content

Назиринин күнөөсүн жууган акы-төлөм – анттын күнөөсүн жууган акы-төлөмдөй.

Укба бин Аамир (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

«Назиринин каффараты – анттын каффаратындай»

«كَفَّارَةُ النَّذْرِ كَفَّارَةُ اليَمِينِ».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) баяндайт: Эгерде назиринен эмнени каалаганы такталбаса жана аты аталбаса, жалпылай айтылган назиринин каффараты – ант (касамдын) каффараты болот.

Хадистин пайдалары

Назиринин шарияттык мааниси мындай: Балакат жаш курагындагы адамдын өз ыктыяры менен Аллах Таала үчүн кайсы бир амалды өзүнө милдет кылып алуусу.

Анттын каффараты: он жакырды тойгузуу, же аларды кийинтүү, же бир кулду азат кылуу. Эгер булардын эч бирин аткара албаса, анда үч күн орозо кармоо.

Күнөөнү жууган акы-төлөмдүн хикмет-сыры – мусулман киши назирини урматтап, кайра аны кайталабоосу жана тилине адат кылып албоосу.

Назиринин түрлөрү: 1. Мутлак (жалпы) назири: Мисалы: «Алла үчүн назири кылам, эгер айыгып кетсем...» - деп, белгилүү бир амалды ниет кылбай унчукпай калуусу. Бул учурда айыккан соң ага ант каффараты милдеттүү болот. 2. Талаш-тартыш жана ачуулануу назириси: Бул – бир нерсени кылуудан тыйылуу же аны кылууга мажбурлоо максатында назирини бир шартка байлоо. Мисалы: «Эгер сени менен сүйлөшсөм, бир ай орозо кармоого милдеттүүмүн» - деп айтуу. Мунун өкүмү: эгер сүйлөшүп алса, өзүнө милдет кылып алган ишти аткаруу же ант каффаратын берүүнүн ортосунда ыктыярдуу болот. 3. Мубах назири: Мисалы: «Алла үчүн назири кылам, кийимимди кием» - деп айтуу. Мунун өкүмү: кийимди кийүү менен ант каффаратын берүүнүн ортосунда ыктыярдуу болот. 4. Макрух назири: Мисалы: «Алла үчүн назири кылам, аялымды талак кылам» - деп айтуусу. Анын өкүмү: ага ант каффаратын берүү сүннөт болот жана назири кылган ишин аткарбайт. Эгер аны аткарып койсо, анда ага каффарат милдеттүү эмес. 5. Күнөө иштин назири: Мисалы: «Алла үчүн назири кылам, уурулук кылам» - деп айтуу. Анын өкүмү: аны аткаруу арам болот жана ант каффаратын берет. Эгер аны аткарып койсо, күнөөкөр болот жана ага каффарат милдеттүү эмес. 6. Ибадат назири: Мисалы: Аллахка жакындоо максатында «Алла үчүн назири кылам, ушунча намаз окуйм» - деп айтуу. Эгер аны оорулуунун айыгып кетүүсү сыяктуу бир шартка байлаган болсо, ал шарт ишке ашкан учурда назирини аткаруусу важыб болот. Ал эми эч бир шартка байлабаса, анда аны шартсыз түрдө аткаруусу важыб.

Булактар

Сахих Муслим (3/ 1265) (1645).

Сахих Муслим (3/ 1265) (1645).

Дагы (16)

فتح ذي الجلال والإكرام شرح بلوغ المرام.

لابن عثيمين (6/ 128).

توضيح الأحكام من بلوغ المرام.

لعبد الله البسام (7/ 135).

منحة العلام شرح بلوغ المرام.

لعبد الله الفوزان (5/ 98).

سبل السلام.

لمحمد الصنعاني (2/ 558).

فتح ذي الجلال والإكرام شرح بلوغ المرام.

لابن عثيمين (6/ 128).

توضيح الأحكام من بلوغ المرام.

لعبد الله البسام (7/ 135).

منحة العلام شرح بلوغ المرام.

لعبد الله الفوزان (5/ 98).

سبل السلام.

لمحمد الصنعاني (2/ 558).