عربي - Arabic English Qafár af - Afar Afrikaans - Afrikanns Akan Shqip - Albanian አማርኛ - Amharic Հայերեն - Armenian অসমীয়া - Assamese Azərbaycanca - Azerbaijani Bamanankan - Bambara Bassa Bemba বাংলা - Bengali Bosanski - Bosnian Български - Bulgarian မြန်မာဘာသာ - Burmese Bisaya - Cebuano Cham Нохчий - Chechen chiCheŵa - Chewa 中文 - Chinese Адыгэбзэ - Circassian Hrvatski - Croatian Česky - Czech Dagbani Dansk - Danish فارسی دری - Dari Dendi ދިވެހި ބަސް - Dhivehi Nederlands - Dutch إستوني - Estonian Suomi - Finnish Français - French Fulfulde - Fula ქართული - Georgian Deutsch - German Ελληνικά - Greek ગુજરાતી - Gujrati Kreyòl ayisyen - Haitian Creole Hausa हिन्दी - Hindi Magyar - Hungarian Igbo Indonesia - Indonesian Italiano - Italian 日本語 - Japanese Jóola - Jola ಕನ್ನಡ - Kannada Қазақша - Kazakh ភាសាខ្មែរ - Khmer Kikuyu Ikinyarwanda - Kinyarwanda Ikirundi - Kirundi 한국어 - Korean كوردی سۆرانی - kurdish كوردي kurmancî - Kurmanji Kyrgyz ລາວ - Lao latviešu - Latvian Lingala lietuvių - Lithuanian Luganda Македонски - Macedonian Maguindanaon Malagasy - Malagasy Bahasa Melayu - Malay മലയാളം - Malayalam Mandinka मराठी - Marathi Mõõré - Moore नेपाली - Nepali أنكو - NKo Norwegian ଓଡ଼ିଆ - Odia oromoo - Oromo پښتو - Pashto فارسی - Persian Polski - Polish Portuguese ਪੰਜਾਬੀ - Punjabi Română - Romanian Русский - Russian Српски - Serbian Shona සිංහල - Sinhala Slovenščina - Slovenian Soomaaliga - Somali Soninke Sesotho - Sotho Español - Spanish Kiswahili - Swahili Svenska - Swedish Tagalog Тоҷикӣ - Tajik தமிழ் - Tamil తెలుగు - Telugu ไทย - Thai ትግረኛ - Tigrinya Türkçe - Turkish Ukrainian اردو - Urdu ئۇيغۇرچە - Uyghur Ўзбек - Uzbek Việt Nam - Vietnamese Wolof Yao Yorùbá - Yoruba Zarma زولو - Zulu
545 Хадистер
Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы
Категориялар
Хадистин даражасы
Риваят кылынган булак
Равий
"Баарыңар бир адамдын кол астында турганда силердин араңарды бөлүп-жаргысы келген же жамаатыңарды тыркыратуу үчүн келген адамды өлтүргүлө".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
«Чынында фитналар болот. Билип койгула, анан ушундай бир фитна болот, анда олтурган адам баскан адамдан жакшы, ал эми баскан адам ага чуркаган адамдан жакшы болот. Билип койгула, эгер ал келсе же башталса, кимдин төөсү болсо төөсүнө кетсин, кимдин койу болсо коюна кетсин, кимдин жери болсо жерине кетсин».
Ошондо бир адам: Оо, Аллахтын элчиси, төөсү, койу жана жери жок адам эмне кылуусу керек? деп сурады.
Пайгамбар: «Кылычын алып, анын мизин таш менен чаап мокотсун, андан соң эгер кутулууга мүмкүнчүлүгү болсо, кутулуп кетсин. Оо, Аллах, мен жеткирдимби? Оо, Аллах, мен жеткирдимби? Оо, Аллах, мен жеткирдимби?» деп жооп берди.
Анан дагы бир адам: Оо, Аллахтын элчиси, эгер мени күчкө салып, эки саптын же эки топтун бирине алып барышса, анан бирөө мени кылычы менен чапса же бир жебе келип мени өлтүрсөчү? - деп сурады.
Пайгамбар: «Анда ал өзүнүн да, сенин да күнөөңдү мойнуна алат жана тозок ээлеринен болот» - деп жооп берди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Келечекте силер алардын кээ бир ишине ыраазы болуп, кээ бир ишинен кайтара турган башчылар чыгат. Ким алардын жаман ишин (жүрөгү менен) жактырбаса, (күнөөдөн же эки жүздүүлүктөн) кутулат. Ким аларды (тили же колу менен) кайтарса, алар менен чогуу болуудан өзүн куткарат. Бирок (алар менен күнөө жана азапта бирге болот) ким аларга ыраазы болуп, ээрчисе ". "Аларга каршы чыгалыбы?" - дешти. "Жок, намаз окушса (аларга каршы чыкпагыла)" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламга, биз кыйынчылыкта да, жеңилдикте да, даяр турганыбызда да, жактырбай турганыбызда да (башчыны) угуп, моюн сунууга, бизге каршы терс таасир этсе да жана бир иште алар менен талашып-тартышпашыбызга жана кайда болсок дагы Аллахтын ыраазычылыгы үчүн айыптоочунун жемелөөсүнөн коркпой чындыкты айтууга байъат (2) бердик".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Кимде-ким (башчыларга) баш ийүүсүнөн тайып, жамааттан бөлүнүп өлсө, ал жахилияттын өлүмү менен өлөт. Ким сокур желектин астында согушса, уруусу же улуту үчүн өзгөчө катуу берилип ачууланса, же улутчулдукка чакырса, же аларга жардам берип жүрүп өлсө, анда жахилият өлүмү менен өлөт. Ким менин үммөтүмө каршы чыкса, салихине да, бузукусуна да сокку урса жана ыймандууларды (өлтүрүү азабынан) коркпосо жана берилген убаданы аткарбаса, анда ал менден эмес жана мен андан эмесмин".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.