«Ким Куранды ачык ашкере окуса, анда ал садаканы ашкере берген сыяктуу болот. Ал эми Куранды ичинен окуса, анда ал садаканы жашырып берген сыяктуу болот».
Укба бин Амир Аль-Жухани, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Ким Куранды ачык ашкере окуса, анда ал садаканы ашкере берген сыяктуу болот. Ал эми Куранды ичинен окуса, анда ал садаканы жашырып берген сыяктуу болот».
«الجاهِرُ بالقرآن كالجاهِرِ بالصَّدَقَةِ، والمُسِرُّ بالقرآن كالمُسِرِّ بالصَّدَقَة».
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Куранды ачык окуган адам ачык садака кылгандай болот. Ал эми Куранды ичинен окуган адам жашырып садака берген адам сыяктуу болорун ачыктап берди.
...:
Садаканы жашырып берген жакшыраак болгондой эле Куранды да ичинен окуган жакшы. Анткени ичинен окуган Куран тилаватында ыкластуулук болот. Риякерликтен жана өзүнө өзү суктануудан алыс болот. Бир гана муктаждык болгондо тышынан окуса болот. Мисалы: Куран үйрөтүү сыяктуу үн көтөрүп окуу муктаждыгы болсо, анда үнүн тышынан чыгарып окуйт.
Сунан Абу Дауд (2/ 494) (1333).
Сунан ат-Тирмизи (5/ 40) (2919).
Сунан ан-Насааи (5/ 80) (2561).
Дагы (4)
الكاشف عن حقائق السُّنن (5/1688).
شرح أبي داود للعيني (5/238).
تحفة الأحوذي (8/ 191).
التنوير في شرح الجامع الصغير (5/286).