Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизди үч убакта намаз окуудан жана маркумдарыбызды көмүүдөн кайтарган.
Укба ибн Аамир ал-Жуханий (Аллах андан ыраазы болсун) айтты:
"Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизди үч убакта намаз окуудан жана маркумдарыбызды көмүүдөн кайтарган: күн жаркырап чыга баштагандан баштап бир аз көтөрүлгөнгө чейин, чак түш болуп, күн так төбөгө келген учурдан тартып күн чак түштөн оогонго чейин жана күндүн нуру өчүп, батып бара жаткан убактан тартып күн батканга чейин."
ثَلَاثُ سَاعَاتٍ كَانَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَنْهَانَا أَنْ نُصَلِّيَ فِيهِنَّ، أَوْ أَنْ نَقْبُرَ فِيهِنَّ مَوْتَانَا: حِينَ تَطْلُعُ الشَّمْسُ بَازِغَةً حَتَّى تَرْتَفِعَ، وَحِينَ يَقُومُ قَائِمُ الظَّهِيرَةِ حَتَّى تَمِيلَ الشَّمْسُ، وَحِينَ تَضَيَّفُ الشَّمْسُ لِلْغُرُوبِ حَتَّى تَغْرُبَ.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) күндүзгү үч убакта нафил намаз окуудан жана ал убактарда маркумдарды кабырга көмүүдөн тыйган: Биринчи убакыт: күн чыгып жаткан учур, тактап айтканда, күн чыгып баштагандан тартып найза бою көтөрүлгөнгө чейинки убак. Бул болжолдуу он беш мүнөттү түзөт. Экинчиси: Чак түш болуп күн төбөгө келгенде. Бул учурда күн чак түштөн ооп, чыгыш тараптан көлөкө пайда болуп бешим намазынын убагы башталганга чейин чыгыш же батыш тарапка көлөкө түшпөйт. Бул кыска убакыт, ал болжол менен беш мүнөттөй болот. Үчүнчүсү: Күн эңкейип, батууга киришкенден баштап толук батканга чейин.
Бул хадис жана башка хадистер көрсөткөндөй, намаз окууга тыюу салынган убактар төмөнкүлөр: Биринчиси: Багымдат намазынан кийин күн чыкканга чейин. Экинчиси: Күн чыга баштагандан баштап көзгө бир найза бою көтөрүлгөнгө чейин, тагыраагы, болжол менен он беш мүнөттөй убакыт. Үчүнчүсү: Чак түштө, тагыраагы, күн так төбөгө келип оогонго чейин. Бул учурда тике турган нерсенин чыгышта да, батышта да көлөкөсү болбойт жана кээ бирөөлөр муну болжол менен беш мүнөт деп белгилешкен. Төртүнчүсү: Асыр намазынан кийин күн батканга чейин. Бешинчиси: Күн саргайгандан баштап батканга чейин.
Намаз окууга тыюу салынган бул беш убакытта, бир гана парз жана себеби бар намаздарды окууга уруксат.
Хадисте айтылган бул үч кыска убакка маркумду көмүүнү атайылап кечиктирүүгө болбойт. Ал эми түндүн же күндүздүн кайсы гана убагында болбосун маркумду көмсө болот.
Бул убактарда намаз окууга тыюу салуунун даанышмандуулугу (сыры): Негизинен мусулман адам Аллахка ибадат катары Анын буйруктарына моюн сунат жана тыюу салган нерселеринен алыс болот. Ал кайсы бир буйруктун же тыюунун хикматын же себебин билмейинче ибадат кылууну токтотуп койбойт, тескерисинче моюн сунат. Ал эми башка хадистерде бул өкүмдүн төмөндөгүдөй сырлары айтылган: Биринчиси: Чак түштө, күн оогонго чейинки убакта тозок оту катуу жандырылат. Экинчиси: Күн чыгып келе жатканда жана күн батып бара жатканда намаз окууга тыюу салуунун сыры – мушриктерге окшоп калбоо үчүн. Анткени алар күн чыгып келе жатканда жана күн батып бара жатканда күнгө сажда кылышат. Үчүнчүсү: Багымдат намазынан кийин күн чыкканга чейин жана асыр намазынан кийин күн батканга чейин намаз окууга тыюу салуу – бул жамандыктын алдын алуу максатында. Бул аркылуу каапырларга окшошуу токтотулуп, мусулман адам алардын ширк иштеринде аларга окшобошу керек. Анткени алар күн чыкканда жана күн батканда күнгө сажда кылышат.
Сахих Муслим (1/ 568) (831).
Дагы (8)
توضيح الأحكام مِن بلوغ المرام.
لعبد الله البسام (1/ 488).
فتح ذي الجلال والإكرام شرح بلوغ المرام.
لابن عثيمين (1/ 438).
منحة العلام في شرح بلوغ المرام.
لعبد الله الفوزان (2/ 202).
سبل السلام.
لمحمد الصنعاني (1/ 167).