Skip to content

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы мактоосу болсун): "Самиаллааху лиман хамидах" деп, анан саждага кетмейинче, бизден бирөө да белин ийчү эмес, саждага кеткенден кийин анан саждага жыгылчубуз.

Абдуллах бин Язид ал-Хутамий (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Мага Ал-Бараа (ага Аллах ыраазы болсун) минтип айтып берди, ал жалган сүйлөчү эмес:

"Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы мактоосу болсун): "Самиаллааху лиман хамидах" деп, анан саждага кетмейинче, бизден бирөө да белин ийчү эмес, саждага кеткенден кийин анан саждага жыгылчубуз".

كَانَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ إِذَا قَالَ: سَمِعَ اللَّهُ لِمَنْ حَمِدَهُ، لَمْ يَحْنِ أَحَدٌ مِنَّا ظَهْرَهُ حَتَّى يَقَعَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ سَاجِدًا، ثُمَّ نَقَعُ سُجُودًا بَعْدَهُ.

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Ал-Бараа бин Аазиб (Аллах андан ыраазы болсун) кабарлайт, ал чынчыл киши эле: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үрүкүдөн башын көтөрүп: "Самиаллааху лиман хамидах" дегенде, анын артындагылар тике турган бойдон калышчу, жана ал (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чекесин жерге коймоюнча, саждага бирөө да белин ийчү эмес, андан кийин анан саждага жыгылышчу.

Хадистин пайдалары

Сахабалардын намазда Аллахтын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ээрчүү сыпаты жана ал саждага жыгылмайынча алардын кыямдан саждага өтпөгөндүгү.

Ибн Дакик ал-Айд айтат: "Бул – Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) узак убакыт жайбаракаттыкта болгондугуна далил".

Имамга уюган кишиде ээрчүү жагынан төрт абал болот: 1- Алдыга озуп кетүү: кайсы бир амалды имамдан мурда баштоо, б.а., уюган кишинин кайсы бир үрүкүнгө имамдан мурда жетүүсү. Мисалы: имам үрүкү кыла электе урүкү кылуу, же имам сажда кыла электе сажда кылуу. Бул – арам. Эгерде тыюу салынганын билип туруп атайылап озуп кетсе, анын намазы бузулат, ал үрүкүндү андан мурда аткарабы же үрүкүнгө андан мурда жетеби айырмасы жок. Ал эми киришүү такбиринде озуп кетсе, намазы байланбайт жана намазды кайра башынан окуусу важыб. 2- Имам менен бирдей кылуу: имам менен тең аткаруу, ал үрүкү кылганда кошо үрүкү кылып, сажда кылганда кошо сажда кылып жана ал турганда кошо туруу. Бул абалдын эң жеңили – макирөө, ал эми далилдердин сырткы мааниси боюнча буга да тыюу салынган (арам). Эгерде киришүү такбиринде имам менен бирдей кылса, намазы байланбайт жана аны кайра окуусу керек. 3- Ээрчип аткаруу: намаздын аракеттерин имамдан кийин кечикпей аткаруу. Шариятка ылайыгы жана сүннөткө туура келгени ушул. 4- Өтө кечигип калуу: имамдан ээрчүү чегинен чыгарып жибере тургандай даражада көп артта калуу. Мисалы, имам үрүкүгө барып, бирок уюган адам имам үрүкүдөн турайын деп калганга чейин кыямда тура берүүсү. Бул шариятка каршы келет жана ал – арам. Бирок оору же карылык сыяктуу үзүрү (себеби) болсо, анда уруксат.

Булактар

Сахих ал-Бухари (1/ 140) (690).

Сахих Муслим (1/ 345) (474).

Сахих ал-Бухари (1/ 140) (690).

Сахих Муслим (1/ 345) (474).

Дагы (8)

الإلمام بشرح عمدة الأحكام.

لإسماعيل الأنصاري (1/ 114).

تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.

لعبد الله البسام (ص139).

الإلمام بشرح عمدة الأحكام.

لإسماعيل الأنصاري (1/ 114).

تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.

لعبد الله البسام (ص139).