суроо: "Масад" сүрөсүн окуп, чечмелеп бериңиз.
- الباب / الفصل
- قسم التفسير
السؤال
س١٤: اقرأ سورة المسد وفسرها.
14-суроо: "Масад" сүрөсүн окуп, чечмелеп бериңиз.
الجواب
ج:سورة المسد وتفسيرها:
بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
﴿تَبَّتۡ يَدَآ أَبِي لَهَبٖ وَتَبَّ 1
مَآ أَغۡنَىٰ عَنۡهُ مَالُهُۥ وَمَا كَسَبَ 2
سَيَصۡلَىٰ نَارٗا ذَاتَ لَهَبٖ 3
وَٱمۡرَأَتُهُۥ حَمَّالَةَ ٱلۡحَطَبِ 4
فِي جِيدِهَا حَبۡلٞ مِّن مَّسَدِۭ 5﴾
[المسد: ١-٥].
التفسير:
- ﴿تَبَّتۡ يَدَآ أَبِي لَهَبٖ وَتَبَّ1﴾:
خسرت يدا عم النبي صلى الله عليه وسلم، أبي لهب بن عبد المطلب بخسران عمله؛ إذ كان يؤذي النبي صلى الله عليه وسلم، وخاب سعيه.
- ﴿مَآ أَغۡنَىٰ عَنۡهُ مَالُهُۥ وَمَا كَسَبَ2﴾:
أيّ شيء أغنى عنه ماله وولده؟ لم يدفعا عنه عذابًا، ولم يجلبا له رحمة.
- ﴿سَيَصۡلَىٰ نَارٗا ذَاتَ لَهَبٖ3﴾:
سيدخل يوم القيامة نارًا ذات لهب، يقاسي حرّها.
- ﴿وَٱمۡرَأَتُهُۥ حَمَّالَةَ ٱلۡحَطَبِ4﴾:
وستدخلها زوجته أم جميل التي كانت تؤذي النبي صلى الله عليه وسلم، بإلقاء الشوك في طريقه.
- ﴿فِي جِيدِهَا حَبۡلٞ مِّن مَّسَدِۭ5﴾:
في عنقها حبل مُحْكَم الفَتْل تساق به إلى النار.
Жооп: "Масад" сүрөсү жана анын тафсири:
"Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын аты менен (баштаймын).
"Абу Лахабдын эки колу (өзү) куурап калсын! Куурап да калды!"
"Ага мал-дүйнөсү да, бала-чакасы да пайда берген жок!"
"Ал жакында алоолонгон тозокко ташталат!"
"Отун ташуучу аялы да (тозокто болот)"
"Анын мойнунда курма дарагынын буласынан (эшилген) жип!"
(Масад сүрөсү, 1–5-аяттар).
Тафсир (чечмелөө):
Пайгамбардын абасы Абу Лахаб ибн Абдулмутталибдин кылган иштери себептүү колдору курусун. Анткени, ал пайгамбарга зыян берчү. Анын кылган аракети таш капсын.
Анын мал-мүлкү жана балдары ага пайда берди? Алар андан Аллахтын азабын кайтара алган жок жана ага эч кандай ырайым алып келе алган жок.
Ал кыямат күнү жалындаган тозокко кирет, анын ысыктык азабын тартат.
Анын аялы Умму Жамил дагы тозокко кирет. Анткени ал пайгамбар баскан жолдорго тикенектерди таштап зыян берчү.
Аны мойнунда бекем эшилген аркан болот, ал (аркан) менен тозокко сүйрөлүп барат.