Skip to content

السؤال

س١٣: اقرأ سورة النصر وفسرها.

13-суроо: "Наср" сүрөсүн окуп, тафсирлеп бериңиз.

الجواب

ج:سورة النصر وتفسيرها:

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

﴿إِذَا جَآءَ نَصۡرُ ٱللَّهِ وَٱلۡفَتۡحُ 1

وَرَأَيۡتَ ٱلنَّاسَ يَدۡخُلُونَ فِي دِينِ ٱللَّهِ أَفۡوَاجٗا 2

فَسَبِّحۡ بِحَمۡدِ رَبِّكَ وَٱسۡتَغۡفِرۡهُۚ إِنَّهُۥ كَانَ تَوَّابَۢا 3﴾

[النصر: ١-٣].

التفسير:

  1. ﴿إِذَا جَآءَ نَصۡرُ ٱللَّهِ وَٱلۡفَتۡحُ1﴾:

إذا جاء نصر الله لدينك - أيها الرسول - وإعزازه له، وحدث فتح مكة.

  1. ﴿وَرَأَيۡتَ ٱلنَّاسَ يَدۡخُلُونَ فِي دِينِ ٱللَّهِ أَفۡوَاجٗا2﴾:

ورأيت الناس يدخلون في الإسلام وفدًا بعد وفدٍ.

  1. ﴿فَسَبِّحۡ بِحَمۡدِ رَبِّكَ وَٱسۡتَغۡفِرۡهُۚ إِنَّهُۥ كَانَ تَوَّابَۢا3﴾:

فاعلم أن ذلك علامة على قرب انتهاء المهمة التي بُعِثْتَ بها، وعلى قرب انتهاء أجلك ولقائك بربك، فسبِّح بحمد ربك، شكرًا له على نعمة النصر والفتح، واطلب منه المغفرة، إنه كان توابًا يقبل توبة عباده، ويغفر لهم.

Жооп: "Наср" сүрөсү жана тафсири:

"Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын аты менен (баштаймын).

"(Оо, Мухаммад, эгер сага) Аллахтын жардамы жана жеңиши келсе,

жана адамдарды Аллахтын динине топ-топ болуп кирип жатканын көрсөң...

"Анда, Раббиңе хамд (мактоо) айтуу менен (Аны жаман-төмөн сыпаттардан) аруула жана күнөөлөрүңдү кечирүүсүн сура! Чынында, Ал тооболорду кабыл кылуучу!"

(Наср сүрөсү, 1-3-аяттар).

Тафсир (чечмелөө):

Оо, пайгамбар! Сенин диниңе Аллахтын жардамы келип, аны күч-кубаттуу кылса жана Меккени багындыруу ишке ашса,

Адамдар биринин артынан бири топ-топ болуп Исламга кирип жатканын көрсөң,

Анда бул сен жиберилген иштин аяктап баратканынын жана ажалың жакындап, Раббиңе жолугарыңдын белгиси экенин билгин. Эми сен жеңиш жана багындыруу жакшылыгына шүгүр кылып, Раббиңе мактоолорду айтып аруула жана Андан кечирим сура. Чынында, ал пенделеринин күнөөлөрүн кечирип, тооболорун кабыл кылуучу.