суроо: Бир туугандарым жана досторум менен кандай мамиледе болушум керек?
- الباب / الفصل
- قسم الآداب الإسلامية
السؤال
س5: كيف أكون مع إخواني وأصدقائي؟
5-суроо: Бир туугандарым жана досторум менен кандай мамиледе болушум керек?
الجواب
ج:1. أحب وأصاحب الأخيار.
- أتجنب وأترك مصاحبة الأشرار.
في الحديث:
«لا تصاحب إلا مؤمنًا، ولا يأكل طعامك إلا تقي»
رواه الترمذي وأبو داود.
- أسلم على إخواني وأصافحهم.
«ما من مسلمين يلتقيان فيتصافحان، إلا غفر لهما قبل أن يفترقا»
رواه أبو داود والترمذي.
- أعودهم إذا مرضوا وأدعو لهم بالشفاء.
- وأشمت العاطس.
- أجيب دعوته إذا دعاني لزيارته.
«حق المسلم على المسلم خمس: رد السلام، وعيادة المريض، واتباع الجنائز، وإجابة الدعوة، وتشميت العاطس»
متفق عليه.
- أقدم له النصيحة.
«ومن أشار على أخيه بأمر يعلم أن الرشد في غيره فقد خانه»
رواه أبو داود.
- أنصره إذا ظلم، وأمنعه عن الظلم.
قال رسول الله صلى الله عليه وسلم:
«انصر أخاك ظالمًا أو مظلومًا» فقال رجل: يا رسول الله، أنصره إذا كان مظلومًا، أفرأيت إذا كان ظالمًا كيف أنصره؟ قال: «تحجزه - أو تمنعه - من الظلم؛ فإن ذلك نصره»
رواه البخاري.
- أحب لأخي المسلم ما أحب لنفسي.
في الحديث عن أنس رضي الله عنه عن النبي صلى الله عليه وسلم قال:
«لا يؤمن أحدكم حتى يحب لأخيه ما يحب لنفسه»
- أساعده إذا احتاج إلى مساعدتي.
«والله في عون العبد ما كان العبد في عون أخيه»
رواه مسلم.
- لا أمسه بأذى، بقول أو فعل.
«المسلم من سلم المسلمون من لسانه ويده»
- أحفظ سره.
«إذا حدث الرجل بالحديث ثم التفت فهي أمانة»
- لا أشتمه، ولا أغتابه، ولا أحتقره، ولا أحسده، ولا أتجسس عليه، ولا أغشه.
«المسلم أخو المسلم لا يظلمه، ولا يخذله، ولا يحقره، وحسب امرئ من الشر أن يحقر أخاه المسلم»
البخاري ومسلم.
Жооп: 1. Жакшы адамдарды жакшы көрөм жана алар менен бирге болом.
- Жаман адамдар менен бирге болуудан сактанам жана аларды таштайм.
Хадисте минтип айтылган:
"Ыймандуу адам менен гана жолдош бол. Тамагыңды такыба адам гана жесин".
Тирмизи жана Абу Дауд риваят кылган.
- Бир туугандарыма салам айтам жана алар менен кол алышып учурашам.
«Эки мусулман жолугуп, кол кармашып учурашса, ал экөө ажырап кеткенче күнөөлөрү кечирилет».
Абу Дауд жана Тирмизи риваят кылган.
- Ооруп калышса, алардан кабар алып, аларга шыпаа тилеп дуба кылам.
- Чөчкүргөнгө жакшылык тилеп жооп кайтарам.
- Зыяратка чакырса чакырыгына жооп берип барам.
"Мусулмандын мусулманга болгон акысы бешөө. Алар: Салам берсе алик алуу, ооруса зыярат кылуу, дүйнөдөн өтсө жаназасына катышуу, чакырса баруу, чүчкүрсө "ярхамукаллах" деп жакшылык тилеп жооп берүү".
Бухарий менен Муслим риваят кылган.
- Аны жакшылыкка буйруп насаат кылам.
«Кимде-ким мусулман бир тууганына туура жол башка экенин билип туруп кеңеш берсе, анда ага кыянаттык кылган болот».
Абу Давуд риваят кылган.
- Эгер ал зулум чексе, ага жардам берем жана анын өзүн да зулумдук кылуудан кайтарам.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) минтип айткан:
«Бир тууганыңа заалым болсо да, зулум чеккен болсо да жардам бер». Ошондо бир киши: «О Аллахтын элчиси, ал зулум чеккен болсо ага жардам берем, бирок заалым болсо ага кантип жардам берем?» – деп сурады. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Аны зулумдуктан тыясың, мына ушул – ага жардам бергениң».
Бухари риваят кылган.
- Өзүмө жакшы көргөн нерсени башка мусулман бир тууганыма да жакшы көрөм.
Анас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Силердин эч кимиңер өзүнө жакшы көргөн нерсени диндеш боордошу үчүн да жакшы көрмөйүнчө ыйманы толук болбойт".
- Жардамыма муктаж болсо, ага жардам кылам.
"Пенде бир тууганына жардам берсе, Аллах Таала да ал пендеге жардам берет".
Муслим риваят кылган.
- Ага сөз же иш-аракет менен зыян бербеймин.
"Башка мусулмандар анын тилинен жана колунан зыян көрбөгөн адам - чыныгы мусулман."
- Анын сырын сактаймын.
«Эгер киши сөз сүйлөп, анан башка тарапка бурулса, анда ал сөз сага аманат».
- Ага тил тийгизбейм, аны кыйбат кылбайм, кемсинтпейм, ага көрө албастык кылбайм, аңдып-тыңчылык кылбайм жана алдабайм.
«Мусулман мусулмандын бир тууганы. Ага зулум кылбайт, аны таштап койбойт, аны кемсинпейт. Мусулман бир тууганын кемсинтүү кишиге жетиштүү күнөө болот».
Бухарий жана Муслим риваят кылган.