суроо: Конок тосуунун жана конок болуунун адептери кайсылар?
- الباب / الفصل
- قسم الآداب الإسلامية
السؤال
س7: ما هي آداب الضيافة والضيف؟
7-суроо: Конок тосуунун жана конок болуунун адептери кайсылар?
الجواب
ج:1. أجيب من دعاني إلى ضيافته.
- إذا أردت زيارة أحد أطلب الإذن والموعد.
- أستأذن قبل الدخول.
- لا أتأخر في الزيارة.
- أغض البصر عن أهل البيت.
- أرحب بالضيف وأستقبله أحسن استقبال، ببشاشة وجه، وأحسن عبارات الترحيب.
- أجلس الضيف في أحسن مكان.
- أكرمه بالضيافة من طعام وشراب.
- قال تعالى:
﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَدۡخُلُواْ بُيُوتًا غَيۡرَ بُيُوتِكُمۡ حَتَّىٰ تَسۡتَأۡنِسُواْ وَتُسَلِّمُواْ عَلَىٰٓ أَهۡلِهَاۚ ذَٰلِكُمۡ خَيۡرٞ لَّكُمۡ لَعَلَّكُمۡ تَذَكَّرُونَ﴾
[النور: ٢٧].
- في الحديث:
«إنما جعل الله الاستئذان من أجل البصر»
متفق عليه.
- وقوله عليه الصلاة والسلام:
«من كان يؤمن بالله واليوم الآخر فليكرم ضيفه»
- Мени конокко чакыргандын чакыруусун кабыл алып, чакырганга барам.
- Бирөөнү зыярат кылууну кааласам, уруксат алам жана жолугушуу убактысын тактап сураймын.
- Кирээрден мурун уруксат сурайм.
- Зыяратты кечиктирбейм.
- Үй ичиндегилерди кароодон көздү сактайм.
- Конокту тосуп алып, аны жарык маанайым менен, жакшы жылуу сөздөр менен жакшы кабыл алам.
- Конокту эң жакшы орунга отургузам.
- Аны тамак-аш жана суусундук менен коноктоп сыйлаймын.
Аллах Таала минтип айткан:
"О ыйман келтирген пенделер! Өзүңөрдүн үйүңөрдөн башка үйлөргө, үй ээлеринен уруксат сурамайынча жана салам бермейинче кирбегиле! Ушундай кылууңар силер үчүн жакшы! Балким (жогорудагы буйруктарды) эсиңерге алаарсыңар".
(Нур сүрөсү, 27-аят).
Хадисте минтип айтылган:
"Аллах уруксат суроону көздү сактоо үчүн гана белгилеген".
Бухарий менен Муслим риваят кылган.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дагы мындай деген:
"Кимде-ким Аллахка жана Акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда коногун сыйласын".