суроо: Кошунанын адеби кандай болот?
- الباب / الفصل
- قسم الآداب الإسلامية
السؤال
س6: ما هي آداب الجار؟
6-суроо: Кошунанын адеби кандай болот?
الجواب
ج:1. أحسن للجار بالقول والفعل، وأساعده إذا احتاج مساعدتي.
- أهنئه إذا فرح بالعيد أو الزواج أو غيرهما.
- أعوده إذا مرض وأعزيه إذا أصيب.
- أقدم له ما أصنع من الطعام ما أمكن.
- لا ألحق به أذى بقول أو فعل.
- لا أزعجه بصوت مرتفع أو أتجسس عليه، وأصبر عليه.
- قال تعالى:
﴿۞ وَٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ وَلَا تُشۡرِكُواْ بِهِۦ شَيۡـٔٗاۖ وَبِٱلۡوَٰلِدَيۡنِ إِحۡسَٰنٗا وَبِذِي ٱلۡقُرۡبَىٰ وَٱلۡيَتَٰمَىٰ وَٱلۡمَسَٰكِينِ وَٱلۡجَارِ ذِي ٱلۡقُرۡبَىٰ وَٱلۡجَارِ ٱلۡجُنُبِ وَٱلصَّاحِبِ بِٱلۡجَنۢبِ وَٱبۡنِ ٱلسَّبِيلِ وَمَا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُكُمۡۗ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُحِبُّ مَن كَانَ مُخۡتَالٗا فَخُورًا﴾
[النساء: ٣٦].
- وقال رسول الله صلى الله عليه وسلم:
«يا أبا ذر، إذا طبخت مرقة فأكثر ماءها وتعاهد جيرانك»
رواه مسلم.
- في الحديث عن النبي صلى الله عليه وسلم:
«من كان يؤمن بالله واليوم الآخر فلا يؤذي جاره»
متفق عليه.
Жооп: 1. Кошунага сөзүм менен да, ишим менен да жакшылык кылам жана жардамыма муктаж болсо, ага жардам берем.
- Айт, үйлөнүү той же ушул сыяктуу кубанычтарында аны куттуктаймын.
- Ооруса кабар алам, башына мүшкүл түшсө көңүл айтам.
- Колумдан келишинче өзүм жасаган тамактан ага да берем.
- Ага сөз менен да, иш менен да зыян тийгизбейм.
- Катуу үн менен анын тынчын албайм, аны аңдыбайм жана анын анча-мынча зыянына сабыр кылам.
Аллах Таала минтип айткан:
"Аллахка ибадат кылгыла (Анын бардык өкүмдөрүнө моюн сунгула) жана Ага эч нерсени шерик кылбагыла. Ата-энеңерге, тууган-уругуңарга, жетимдерге, жарды-жармачтарга тууганчылыгы бар кошунаңарга, бөтөн кошунаңарга, жаныңардагы жолдошуңарга, мусаапыр-карыптарга жана кол астыңардагы адамдарга (жана айбандарга да) жакшылык кылгыла. Аллах текебер, мактанчаак адамдарды сүйбөйт".
(Ниса сүрөсү, 80-аят).
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Эй, Абу Зар, шорпо бышырсаң, суусун көбөйтүп, кошуналарыңдан кабар ал".
Муслим риваят кылган.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
«Кимде-ким, Аллахка жана Акырет Күнүнө ыйман келтирсе, анда кошунасына зыян тийгизбесин!»
Бухарий менен Муслим риваят кылган.