السؤال
س٢٢: ما أركان الصلاة؟
22-суроо: Намаздын түркүктөрү кайсылар?
الجواب
ج:هي أربعة عشر ركنًا، كما يلي:
- أحدها: القيام في الفرض على القادر.
لحديث عمران بن حصين رضي الله عنه، عن النبي صلى الله عليه وسلم:
«صل قائمًا، فإن لم تستطع فقاعدًا، فإن لم تستطع فعلى جنب»
رواه البخاري.
- تكبيرة الإحرام، وهي: "الله أكبر".
لقوله عليه الصلاة والسلام:
«إذا قمت إلى الصلاة فكبر»
متفق عليه.
- قراءة الفاتحة.
«لا صلاة لمن لم يقرأ بفاتحة الكتاب»
- الركوع، ويمد ظهره مستويًا ويجعل رأسه حياله.
الرفع منه.
- الاعتدال قائمًا.
لقوله صلى الله عليه وسلم:
«ثم اركع حتى تطمئن راكعًا، ثم ارفع حتى تعتدل قائمًا»
- السجود، وتمكين جبهته، وأنفه، وكفيه، وركبتيه، وأطراف أصابع قدميه من محل سجوده.
- الرفع من السجود.
- الجلوس بين السجدتين.
«ثم اسجد حتى تطمئن ساجدًا، ثم ارفع حتى تطمئن جالسًا»
والسُّنَّة: أن يجلس مفترشًا على رجله اليسرى، وينصب اليمنى، ويوجهها إلى القبلة.
لحديث أم المؤمنين عائشة رضي الله عنها:
«وكان يفرش رجله اليسرى، وينصب رجله اليمنى»
رواه مسلم.
- الطمأنينة، وهي السكون في كل ركن فعلي.
- التشهد الأخير.
لحديث ابن مسعود رضي الله عنه قال:
كنا نقول في الصلاة قبل أن يفرض التشهد.
رواه النسائي وأصله في الصحيحين.
- الجلوس له.
- التسليمتان، وهو أن يقول مرتين: "السَّلام عليكم ورحمة الله".
لحديث:
«أنه كان يسلم عن يمينه وعن يساره: السلام عليكم ورحمة الله، السلام عليكم ورحمة الله»
رواه الترمذي وغيره.
- ترتيب الأركان -كما ذكرنا-، فلو سجد مثلًا قبل ركوعه عمدًا؛ بطلت صلاته، وسهوًا؛ لزمه الرجوع ليركع، ثم يسجد.
Жооп: Намаздын түркүктөрү он төрт, алар төмөнкүлөр:
- Биринчиси: Кудурети болсо, парз намазда тике туруу.
Имран бин Хусейндин (Аллах андан ыраазы болсун) хадисинде Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айткан:
"Намазды туруп оку. Эгер тура албасаң, отуруп оку. Эгер отура да албасаң, жатып оку".
Бухари риваят кылган.
- Биринчи киришүү такбирин айтуу, ал – "Аллаху акбар" деп айтуу.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:
"Намазга турганыңда, такбир айт".
Бухарий менен Муслим риваят кылган.
- Фатиханы окуу.
"Фатиханы окубаган адамдын намазы жок".
- Рүкү кылуу; (мында) аркасын түз сунуп, башын аркасы менен бир деңгээлде (түз) кармайт.
Андан өйдө болуп, түздөлүү.
- Турганда белин түздөп тике туруу.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:
"Анан рүкү кыл да, бейпил бол, анан өйдө бол да белиңди түзөп тике тур".
- Сажда кылуу; (мында) чекесин, мурдун, эки алаканын, эки тизесин жана эки бутунун манжаларынын учтарын сажда кыла турган жерге бекем тийгизүү.
- Саждадан өйдө болуу.
- Эки сажданын ортосунда отуруу.
"Анан сажда кылып, бир азга токтол. Анан өйдө болуп, бир азга отур".
Сүннөт – сол бутун төшөп, ага отуруп, оң бутун тик кылып, манжаларын кыбылага каратуу.
Ыймандуулардын энеси Айша ага (Аллах андан ыраазы болсун) минтип айткан:
"(Пайгамбар) сол бутун жерге төшөп, оң бутун тике кылып отурчу".
Муслим риваят кылган.
- тынч алуу дегени, ар бир кыймылдуу түркүгүндө бир азга токтоп, дене мүчөлөрүнүн жай алуусу.
- Акыркы ташахуд.
Ибн Масъуд (Аллах андан ыраазы болсун) айтты:
"Ташаххуд парз кылынуудан мурда, биз намазда (минтип) айтчу элек..."
Насаий риваяты, негизи Сахихейнде.
Ташахуд үчүн отуруу.
- Эки салам берүү: эки жолу «Ассаламу алайкум уа рахматуллах» деп айтуу.
Хадисте минтип келген:
«Ал оң тарабына: «Ассаламу алайкум уа рахматуллах» жана сол тарабына «Ассаламу алайкум уа рахматуллах» деп салам берчү».
Тирмизи жана башкалар риваят кылган.
- Парздарды тартиби менен аткаруу: мисалы, рүкүдөн мурун атайылап сажда кылса, намазы бузулат, ал эми жаңылып кылса, рүкүгө кайтып, андан кийин сажда кылуусу зарыл.