Жыйынтыктарды чыпкалоо
339 карточка
الموضوعات
الموضوعات (13)
التصنيف الشرعي
Filter ▾
حجم المحتوى4
Жооп: 1. Кайсы бир жерим ооруганда, оң колумду ооруган жерге коюп, үч жолу "Бисмиллах" деп, анан жети жолу "Өзүм сезген жана кооптонгон ушул ооруунун жамандыгынан Ызаттуу жана Кудуреттүү Аллахтан паана тилейм" деп айтам.
- Аллахтын тагдырына ыраазы болом жана сабыр кылам.
Умму ал-Алаа (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Мен ооруп жатканымда, Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менден кабар алганы келип, мындай деди:
"Сүйүнчү, о Умм ал-Алаа! Чынында, от алтын менен күмүштүн кирин кантип кетирсе, Аллах Таала мусулмандын оорусу аркылуу анын күнөө-каталарын ошондой кетирет".
Абу Давуд риваят кылган.
- Ооруп жаткан бир тууганымды зыярат кылууга шашылам, ага дуба кылам жана жанында көпкө отурбайм.
- Аны менден суратпастан ага дем салам.
- Ага сабыр кылууну, дуба кылууну, ошондой эле алынын жетишинче тазаланып, намаз окуусун насаат кылам.
- Бейтапка дуба кылуу:
"Улук Арштын Раббиси Улук Аллахтан сага шыпаа берүүсүн тилейм" (жети жолу).
Жооп: 1. Ниетти бир гана калыс Аллах Таала үчүн кылуу.
Хадисте минтип айтылган:
"Кимде-ким илимди аалымдарга мактануу, наадандар менен талашып-тартышуу жана адамдардын көңүлүн өзүнө буруу үчүн үйрөнсө, Аллах аны тозокко киргизет".
Ибн Маажа риваят кылган.
- Үйрөнгөн илимди иш-жүзүндө аткарып амал кылуу.
"Кыямат күнү пенде төрт нерседен суралмайынча кадамы алга жылбайт, алардын бири: алган илимине кандай амал кылганы".
Тирмизи жана Дарими риваят кылган.
- Устазды анын жанында да, ал жок жерде да урматтап, сыйлайм.
- Устаздын алдында адеп сактап отурам.
- Сабак учурунда аны кунт коюп угуп, сөзүн бөлбөйм.
- Суроо бергенде адепти сактайм.
- Устазды атынан атап чакырбайм.
"Мусулман карыяны жана Куранды жаттаган адамды сыйлоо - Аллахты сыйлоо".
Абу Давуд риваят кылган.
- Мажлисте отургандарга киргенде салам берем.
- Отурушта бош орунга отурам, бирөөнү ордунан тургузбайм. Эки кишинин ортосуна отура турган болсом алардын уруксаты менен отурам.
- Башка бирөөлөр да отуруусу үчүн орун калтырам.
- Отурушта эч кимдин сөзүн бөлбөйм.
- Мажлистен кетерде уруксат сурайм жана салам айтып чыгам.
Ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Бир кишини ордунан тургузуп, анын ордуна башкасы отурбасын, тескерисинче, жылышып, орунду кеңейтип отургула".
Бухари риваят кылган.
Хадисте минтип айтылган:
"Силердин бирөөңөр мажилиске келсе салам берсин, ал эми туруп кетүүнү кааласа дагы салам берсин. Биринчи саламдын кийинки саламдан айырмасы жок"
Тирмизи жана Абу Дауд риваят кылган.
- Мажилис бүтүп тарар мезгилде мажилистин каффарат дубасы окулат, ал мындай:
"О, Аллах, Сен (бардык кемчиликтүү сыпаттардан) тазасың. Сага алкыш-мактоолор болсун! Мен, эч бир илах жок, жалгыз Сен барсың деп күбөлүк берем. Мен Сенден кечирим сурайм. Жеке Сага гана тообо кылам".
Жооп: 1. Уйкуга эрте жатам.
Хадисте минтип келген:
Абу Барза (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: "Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) куптан намазынан мурун уктоону жана андан кийин сүйлөшүп отурууну жактырчу эмес".
Бухари риваят кылган.
- Даарат алып уктайм.
- Көмкөрөсүнөн жатып уктабайм.
- Оң капталым менен уктайм, оң колумду оң жаагымдын астына коюп жатам.
- Жатарда төшөгүмдү кагып тазалайм.
Хадисте минтип айтылган:
Ал-Бара бин Аазиб (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Төшөгүңө жатаарда, намазга даарат алгандай даарат ал, андан соң оң капталың менен жат".
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көмкөрөсүнөн жаткан бир кишини көрүп, мындай деди:
"Бул жатышты Аллах жакшы көрбөйт".
Ат-Тирмизи жана Ахмад риваят кылган.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Силерден бирөөңөр төшөгүнө жатаарда, кийиминин ички этеги менен төшөгүн каксын. Анткени, ал өзүнөн кийин төшөгүнө эмне киргенин билбейт".
- Уктоо алдында "Аят ал-Курсини" андан соң "Ихлас", "Фалак" жана "Наас" сүрөөлөрүн үч жолу окуп, мындай деп айтам:
"О Аллах! Сенин ысымың менен өлүп (уктап), Сенин ысысмың менен тирилемин (ойгономун)".
- Багымдат намазын окуу үчүн ойгономун.
- Уйкудан ойгонгондон кийин төмөнкү сөздү айтамын:
"Бизди өлтүргөндөн соң кайра тирилткен Аллахка мактоолор болсун жана баарыбыз анын Өзүнө кайтабыз".
Жооп: 1. Ичип-жегенде Аллах Таалага таат-ибадат кылууга күч-кубат алууну ниет кылам.
- Тамактануудан мурун эки колду жууйм.
Ыймандуулардын энеси Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун)
"Тамактанарда же суусундук ичерде колдорун жууп андан кийин жеп, иччү."
Ахмад риваят кылган.
- "Бисмиллах" деп айтып, оң колум менен, өзүмдүн алдымдан жейм жана табактын ортосунан же башкалардын алдынан жебейм.
Хадисте минтип келген:
"Оо, балакай! Аллахтын атын ата, оң колуң менен өзүңдүн алдыңдан алып же".
Бухарий менен Муслим риваят кылган.
- Эгер "Бисмилланы" айтууну унутуп калсам: "Бисмиллахи аввалаху ва ахираху" (Башталышында да, акырында да Аллахтын аты менен баштаймын) деп айтам.
Ыймандуулардын энеси Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун) минтип айткан:
"Эгер силердин бириңер тамак жесе, "Бисмиллах" деп айтсын. Эгер башында унутуп калса, "Бисмиллахи фи аввалихи ва аахирихи" (Башталышында да, акырында да Аллахтын аты менен баштаймын) деп айтсын".
Ат-Тирмизи жана Ахмад риваят кылган.
- Бар тамакка ыраазы болом, аны жамандабайм: жакса жейм, жакпаса жебей калтырып койом.
Абу Хурайранын (Аллах андан ыраазы болсун) хадисинде, ал мындай деген:
"Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эч качан тамакты жамандачу эмес, эгер көңүлү тартса жечү, болбосо жебей калтырып койчу".
- Тамактан бир нече үзүм жейм, көп жебейм.
Хадисте минтип айтылган:
"Адам баласы толтура турган анын ашказанынан өткөн жаман идиш жок. Адам баласына анын дене-мүчөлөрүн кармап тургудай эле тамактанса жетиштүү. Эгер андан ашыкча жегиси келсе, анда аш казанын үчкө бөлүп, бир бөлүгүн тамакка, бир бөлүгүн суусундукка, бир бөлүгүн абага калтырсын".
Тирмизи жана Ибн Маажа риваят кылган.
- Тамакты, ысык суусундукту үйлөп суутпайм. Өзү сууганча күтүп турам.
"Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тамакка жана суусундукка үйлөөдөн тыйган".
Ахмад жана Ибн Маажа риваят кылган.
- Үй-бүлөм же коноктор менен чогуу тамактанам.
Бир киши Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Биз жейбиз, бирок тойбойбуз» – деп айтканда, ал мындай деген:
"Балким, силер бөлүнүп тамактансаңар керек. Тамагыңарга чогулуп, ага Аллах Тааланын ысымын атагыла, ошондо силер үчүн тамагыңар берекелүү болот".
Абу Дауд жана Ибн Маажа риваят кылган.
- Өзүмдөн улуулардан мурун тамакка кол созбойм.
- Суусундук ичерде Аллахтын атын айтамын, отуруп, үчкө бөлүп ичемин, идиштин ичине дем чыгарбаймын.
"Силерден бирөөңөр ичкенде идиштин ичине демин чыгарбасын".
Анастын (Аллах андан ыраазы болсун) хадисинде минтип келген:
"Чынында Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тике туруп ичүүдөн тыйган".
Муслим риваят кылган.
"Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) суусундук ичкенде үч жолу дем алып, бөлүп-бөлүп иччү".
- Жеп, ичип бүткөндөн кийин Аллах Таалага алкыш-мактоо айтамын.
"Чынында, тамак жеп ал үчүн Аллахка мактоо айткан же суусундук ичип ал үчүн Аллахка мактоо айткан пендеге Аллах ыраазы болот".
Жооп: 1. Кийимимди оң жактан кийүүнү баштайм, жана ушул немат-жакшылыкты бергени үчүн Аллахка мактоо айтам.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:
"Кийим кийгениңерде жана даарат алганыңарда оң тарабыңардан баштагыла".
Абу Дауд жана Имам Ахмад риваят кылган.
- Кийимди кызыл ашыктан төмөн түшүрбөйм.
Хадисте минтип айтылган:
"Кийимдин кызыл ашыктан ылдыйкысы тозокто".
Бухари риваят кылган.
Кызыл ашык – бул буттун эки капталындагы төмпөйүп турган сөөк.
- Эркек балдар кыздардын кийимин кийбейт, кыздар да эркек балдардын кийимин кийбейт.
"Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялдарча кийинген эркекке, жана эркектерче кийинген аялга наалат айтты".
- Каапырларга жана бузукуларга кийим жагынан өзүн окшоштурбоо.
Хадисте минтип келген:
"Ким өзүн башка коомго окшотсо, анда ал ошолордон болот".
Абу Давуд риваят кылган.
- Кийим чечүүдө "Бисмилланы" айтуу.
"Адам баласынын аврети менен жиндердин ортосундагы тосмо – силердин бириңер кийимин чечкенде «Бисмиллах» деп айтуусунда».
Ат-Табарани жана Ибну Аби Шайба риваят кылган.
- Бут кийимди биринчи оң бутка кийип, чечкенде сол буттан чечүү.
Ыймандуулардын энеси Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айткан:
"Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бут кийим кийгенде, чач-сакалын тараганда, даарат алганда, деги эле ар бир ишинде оң жагынан баштоону жакшы көрчү".
Жооп: 1. "Бисмиллах, Алхамдулиллах" деп айтам. Анан:
"Бизге ушуну моюн сундурган Аллах (кемчиликтүү сыпаттардан) Аруу-Таза! (Эгер Ал моюн сундурбаса) өзүбүздүн кудуретибиз жетмек эмес".
Биз Раббибизге кайтып барабыз» деген аятты окуйм.
(Зухруф, 13-14-аяттар).
- Мусулмандардын жанынан өтсөм аларга салам айтам.
Жооп: 1. Орточо ылдамдыкта басып, кичи пейил болуп жүрөм.
Аллах Таала минтип айткан:
"Жер бетинде текеберлене-көөп жүрбөгүн! Сен бутуң менен жерди тешип жибере албайсың жана бийиктикте тоолорго тең келе албайсың!"
(Исра сүрөсү, 57-аят).
- Жолуккан адамга салам айтам.
Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Мусулманчылыктын жакшысы кайсы?" - деп суралганда, ал мындай деген:
"Муктаждарды тойгузасың, таанышка да, бейтаанышка да салам айтасың".
Бухарий менен Муслим риваят кылган.
- Көзүмдү сактаймын, эч кимге азар бербеймин.
- Жакшылыкка буйруп, жамандыктан тыямын.
Хадисте Пайгамбар, (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:
«Жолдун акысын бергиле». Сахабалар: «Жолдун акысы эмне?» – деп сурашты. Ал: «Көздү сактоо, зыян тийгизүүдөн сактануу, саламга жооп берүү, жакшылыкка үндөп, жамандыктан тыюу», – деди.
- Зыяны тие турган нерселерди жолдон алып таштайм.
Хадисте минтип айтылган:
"Зыяны тие турган нерсени жолдон алып таштоо да садага".
Жооп: 1. Сол бутум менен чыгып, минтип айтам:
"Аллахтын ысмы менен Аллахка тобокел кылдым (өзүмдү тапшырдым). Аллахтын күчүнөн өткөн күч жана Аллахтын кубатынан өткөн кубат жок. О Аллах! Сен мени адашуудан жана адаштырылуудан, тайылуудан жана тайдырылуудан, зулум кылуудан жана зулумга калуудан, билбей калуумдан жана мага билдирилбей калуудан Өзүң сактай көр".
- Үйгө оң бутум менен кирип, минтип айтам:
"Аллахтын ысымы менен кирдик, Аллахтын ысымы менен чыктык жана Раббибизге тобокел кылдык".
- Алгач мисвак менен оозумду тазалап, анан үйдөгүлөргө салам берем.
Хадисте минтип айтылган:
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үйгө киргенде мисвак менен оозун тазалоодон баштачу.
Ибн Маажа риваят кылган.
Жооп: 1. Сол бутум менен кирем.
- Кирерден мурда минтип айтам:
«Бисмиллах, Аллахым, мени жиндердин эркек-ургачысынын жамандыгынан сакта»
- Ичинде Аллахтын зикири бар нерсени ажатканага алып кирбейм.
Анас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
"Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ажатканага кирээрде шакегин чечип койчу".
Абу Дауд жана Ибн Маажа риваят кылган.
- (Эгер талаа болсо) ажат өтөө учурунда далдаланып отурам.
Хадисте минтип айтылган:
"Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кажетин бүтүрүү үчүн дөбөнүн артына же курмa дарагынын далдасына баарууну жакшы көрчү".
Муслим риваят кылган.
- Ажат өтөөчү жайда сүйлөбөйм.
- Ажат өтөп жаткан учурда кыбылага жүздөнбөйм жана артымды да салбайм.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
«Чоң же кичине даарат ушатканда Кыбылага жүздөнбөгүлө, тескерисинче, чыгышты же батышты карагыла».
Бухарий менен Муслим риваят кылган.
- Нажасатты тазалоодо сол колду колдоном, оң колду колдонбойм.
Хадисте минтип келген:
"(Пайгамбарыбыз) оң кол менен истинжа кылуудан ... тыйган".
- Адамдар басып өтө турган жолго же элдин көлөкөсүнө ажат өтөбөймүн.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айткан:
"Эки наалатка калчу иштен сактангыла". Сахабалар: «О Аллахтын элчиси, ал эки наалатка калчу иш эмне?» – деп сурашты. Ал: «Адамдардын жолуна, же алардын көлөкөлөп отурчу жерине даарат ушатуу», – деди.
- Ажат өтөгөндөн кийин колумду жууйм.
Жарирдин (Аллах андан ыраазы болсун) хадисинде ал мындай дейт: «Мен пайгамбар менен бирге элем, ал даарат ушатуучу жайга барып, ажатын бүтүрдү, анан мындай деди:
«Эй Жарир, тазалана турган суу алып келчи». Мен ага суу алып бардым, ал суу менен истинжа кылып, колун жерге сүрттү.
Насаий риваят кылган.
- Ажатканадан сол бутум менен чыгып, "Гуфранака" (мени кечир) деп айтам.
Жооп: 1. Мечитке оң бутум менен кирип, минтип айтам:
"Аллахтын ысымы менен, о Аллах! Мага ырайымыңдын эшиктерин ач".
- Эки ирекет намаз окумайынча отурбайм.
Хадисте минтип келген:
"Силердин бирөөңөр мечитке киргенде, эки ирекет намаз окумайынча отурбасын".
Бухарий менен Муслим риваят кылган.
- Намаз окуп жаткандардын алдынан өтпөйм. Жоголгон буюмду мечитте сураштырып жарыя кылбайм. Мечиттин ичинде соода-сатык кылбайм.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
«Намаз окуп жаткандын алдынан өткөн адам, эгер ага кандай күнөө болорун билсе, анын алдынан өткөндөн көрө кырк (жыл, ай, күн) токтоп туруусу ал үчүн жакшыраак болмок».
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:
«Кимде-ким мечитте бирөөнүн жоголгон буюмун жарыялап жатканын укса, ага: “Аллах аны сага кайтарбасын”, - деп айтсын. Анткени, мечиттер бул үчүн курулган эмес».
Муслим риваят кылган.
«Мечитте сатып же сатып алып жаткан адамды көрсөңөр: «Аллах соодаңа киреше бербесин!» – деп айткыла».
Тирмизи жана Дарими риваят кылган.
- Мечитти таза сактоого тырышам.
Хадисте ыймандуулардын энеси Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
«Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) конуштарда мечиттерди курууга, аларды таза кармоого жана жыпар жыттуу кылууга буйруган».
Тирмизи, Абу Дауд жана Имам Ахмад риваят кылган.
- Мечиттен сол бутум менен чыгып, минтип айтам:
«Аллахым, мен Өзүңдүн берешендигиңден суранамын».
Жооп: 1. Мусулманга жолукканда «Ассаламу алайкум ва рахматуллахи ва баракатуху» деп, салам берүүдөн баштайм. Саламдан башка сөз менен баштабайм. Же колум менен ишара кылып койбойм.
- Салам айткан адамга жарык маанай менен карайм.
Хадисте минтип айтылган:
«Эч бир жакшылыкты кем санаба, эгерде мусулман бир тууганыңа жолуксаң ага жылмаюу менен жүз көрүшүп болсо да (жакшылык кыл)».
Муслим риваят кылган.
- Аны менен оң колум менен кол алышам.
- Эгер бирөө мага салам айтса, анын саламынан жакшыраак кылып, же саламынын өзүндөй кылып алик алам.
Аллах Таала минтип айткан:
"Силерге салам (же салам сыяктуу сөз же белги) берилсе, андан да жакшыраак же болбосо өзүндөй кылып жооп кайтаргыла. Аллах бардык нерсени Эсептөөчү".
(Ниса сүрөсү, 80-аят).
- Каапырга озунуп салам айтпайм, эгер ал салам берсе, ага "Ва алайкум" деп жооп кайтарам.
Хадисте минтип келген:
"Жөөттөргө жана христиандарга озунуп салам айтпагыла".
- Жашы кичүү адам жашы улууга, улоодогу адам жөө адамга, жөө адам отурган адамга, аз сандагы адам көп сандагы адамга салам айтат.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) минтип айткан:
"Улоодогу адам жөө адамга, жөө адам отурган адамга, азчылык көпчүлүккө салам айтат".
Бухарий менен Муслим риваят кылган.
- Махрам эмес бөтөн аялдар менен кол алышпоо.
Хадисте ыймандуулардын энеси Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
"Аллахка ант, Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) колу эч качан бөтөн аялдын колуна тийген эмес".
Жооп: 1. Бир жерге кирерден мурун уруксат сурайм.
- Үч жолу уруксат сурайм, андан ашырбайм, эгер уруксат бербесе, кайтып кетем.
Хадисте минтип айтылган:
"Эгер силердин бириңер үч жолу уруксат сурап, ага уруксат берилбесе, кайтып кетсин".
Бухарий менен Муслим риваят кылган.
- Эшикти акырын кагып, анын бет маңдайына эмес, оң же сол тарабына туруп, «Ассаламу алейкум» деп айтам.
Хадисте минтип келген:
"Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бирөөнүн эшигине келгенде, эшиктин бет маңдайына турчу эмес, тескерисинче анын оң же сол тарабынан туруп: «Ассаламу алайкум, ассаламу алайкум» деп айтчу".
Абу Давуд риваят кылган.
- Ата-энемдин бөлмөсүнө же башка бөлмөлөргө уруксат сурабастан кирбеймин, айрыкча Багымдат намазынан мурун, түшкү кайлула убагында жана Куптан намазынан кийин.
Аллах Таала минтип айткан:
"О ыйман келтиргендер! Кулдарыңар менен күңдөрүңөр жана эрезеге жетпеген бөбөктөрүңөр (силердин бөлмөгө кирүү үчүн) үч маал уруксат сурашсын: Багымдат намазынан мурун (сырткы кийимиңерди кийе электе), Бешим убактысында(гы ысыктан) чечинип алганыңарда жана Куптан намазынан кийин (жатаарда). Ушул үч убак силер үчүн аврат (кийимсиз) болгон учурлар. Бул үч убактан башка убактарда (уруксатсыз кирсе) силерге да, аларга да күнөө жок. Алар силерге: бири-бириңерге аралашып жүрө бересиңер. Аллах силерге (өкүм) аяттарын мына ушинтип баяндайт. Аллах - Билүүчү, Даанышман".
(Нур сүрөсү, 27-аят).
- Оорукана же дүкөн сыяктуу турак-жай болбогон жайларга уруксат сурабастан кирүүгө мүмкүн.
"Бирок, анда (үй-бүлө) жашабаган жана силерге пайда(ланууга мүмкүн болгон мейманкана, кербен сарай сыяктуу жалпы) үйлөргө уруксат сурабай киришиңерде силер үчүн күнөө жок. Аллах силердин жашырганыңарды да, ачык кылганыңарды да билет".
Жооп: 1. Айбанаттарга жем берем, сугарам.
Хадисте минтип айтылган:
Алар: «О, Аллахтын элчиси, жан-жаныбарлар үчүн да бизге сооп-сый берилеби?» - деп сурашты. Ал: «Ар бир боору бүтүн жан үчүн сооп-сый берилет» - деди.
Бухарий менен Муслим риваят кылган.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ачкалыгынан ичи кабыргасына капталып калган төөнүн жанынан өтүп баратып, мындай деди:
«Бул айбанаттардын акысы үчүн Аллахтан корккула».
Абу Давуд риваят кылган.
- Айбанаттарга мээримдүү, боорукер болуу. Аларга күчү жетпеген ишти кылдырбоо.
Хадисте Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
«Бул төөнүн ээси ким? Бул төө кимдики?» Ансарлардан бир жигит келип: «Меники, о Аллахтын элчиси», - деди. Ал: «Аллах сага ээлик кылып берген бул айбан үчүн Аллахтан коркпойсуңбу? Анткени, ал мага сенин аны ачка калтырып, тынымсыз иштетип кыйнап жатканыңды арызданды», - деди.
Абу Дауд жана Имам Ахмад риваят кылган.
Тагыраак айтканда, чарчаганча иштетет.
- Жаныбарларды эч кандай кыйнабайм жана ага зыян келтирбейм.
Жабир (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жаагына эн салынган эшектин жанынан өтүп бара жатып, мындай деди:
«Силерге менин айбандын жаагына тамга баскан, же аны башына урган адамды наалаттаганым жетпедиби?» Ошентип ал андай кылууга тыюу салды.
Муслим жана Абу Дауд риваят кылган, бул текст Абу Даудга тиешелүү.
Жооп: 1. Спорт менен машыгууда Аллахка баш ийип, Анын ыраазылыгын табуу үчүн такыбалыкты ниет кылам.
- Намаз убагында ойнобойбуз.
Аллах Таала минтип айткан:
"(Кээ бир) намаз окуучуларга азап-тозок болсун!
"Алар намаздарын унутуп коюшат".
(Мааун сүрөсү, 4-5-аяттар).
- Эркек балдар кыздар менен бирге спорт менен машыкпайт.
- Авретимди жапкан спорттук кийимди кием.
- Бетке ура турган, авреттер ачык боло турган сыяктуу тыюу салынган спорттун түрлөрүнөн сактанам.
Хадисте минтип айтылган:
«Эгерде силердин бириңер бир тууганы менен мушташса, жүзүнө уруудан сактансын».
Муслим риваят кылган.
Жооп: 1. Тамашалашканда чын сүйлөө, жалган айтпоо.
Хадисте минтип айтылган:
"Азап болсун адамдарды күлдүрүү үчүн жалган айткан адамга, азап болсун, азап болсун!".
Абу Дауд, Имам Ахмад жана Тирмизи риваят кылган.
- Келекелөөдөн, шылдыңдоодон, азар берүүдөн жана коркутуудан сырткары тамашалашуу.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
«Мусулманга мусулманды коркутууга болбойт».
Абу Дауд жана Имам Ахмад риваят кылган.
- Ашыкча тамашалабоо.
«Көп күлбө, анткени ашыкча күлкү жүрөктү өлтүрөт».
Тирмизи жана Ибн Маажа риваят кылган.