Skip to content

суроо: Мечит адептери кайсылар?

الباب / الفصل
قسم الآداب الإسلامية

السؤال

س18: ما آداب المسجد؟

18-суроо: Мечит адептери кайсылар?

الجواب

ج:1. أدخل المسجد بقدمي اليمنى وأقول:

«بسم الله، اللهم افتح لي أبواب رحمتك».

  1. لا أجلس حتى أصلي ركعتين.
  • لحديث:

«إذا دخل أحدكم المسجد فلا يجلس حتى يصلي ركعتين»

متفق عليه.

  1. لا أمرُّ بين يدي المصلين، أو أنشد الضالة في المسجد، أو أبيع وأشتري في المسجد.

قال عليه الصلاة والسلام:

«لو يعلم المار بين يدي المصلي ماذا عليه لكان أن يقف أربعين خيرا له من أن يمر بين يديه»

  • وقول الرسول الله صلى الله عليه وسلم:

«من سمع رجلا ينشد ضالة في المسجد فليقل لا ردها الله عليك، فإن المساجد لم تبن لهذا»

رواه مسلم.

  • وفي الحديث:

«إذا رأيتم من يبيع، أو يبتاع في المسجد فقولوا: لا أربح الله تجارتك»

رواه الترمذي والدارمي.

  1. أحرص على نظافة المسجد.
  • في الحديث عن أم المؤمنين عائشة رضي الله عنها قالت:

«أمر رسول الله صلى الله عليه وسلم ببناء المساجد في الدور، وأن تنظف وتطيب»

رواه الترمذي وأبو داود وأحمد.

  1. أخرج من المسجد بقدمي اليسرى، وأقول:

«اللهم إني أسألك من فضلك».

Жооп: 1. Мечитке оң бутум менен кирип, минтип айтам:

"Аллахтын ысымы менен, о Аллах! Мага ырайымыңдын эшиктерин ач".

  1. Эки ирекет намаз окумайынча отурбайм.

Хадисте минтип келген:

"Силердин бирөөңөр мечитке киргенде, эки ирекет намаз окумайынча отурбасын".

Бухарий менен Муслим риваят кылган.

  1. Намаз окуп жаткандардын алдынан өтпөйм. Жоголгон буюмду мечитте сураштырып жарыя кылбайм. Мечиттин ичинде соода-сатык кылбайм.

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

«Намаз окуп жаткандын алдынан өткөн адам, эгер ага кандай күнөө болорун билсе, анын алдынан өткөндөн көрө кырк (жыл, ай, күн) токтоп туруусу ал үчүн жакшыраак болмок».

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:

«Кимде-ким мечитте бирөөнүн жоголгон буюмун жарыялап жатканын укса, ага: “Аллах аны сага кайтарбасын”, - деп айтсын. Анткени, мечиттер бул үчүн курулган эмес».

Муслим риваят кылган.

«Мечитте сатып же сатып алып жаткан адамды көрсөңөр: «Аллах соодаңа киреше бербесин!» – деп айткыла».

Тирмизи жана Дарими риваят кылган.

  1. Мечитти таза сактоого тырышам.

Хадисте ыймандуулардын энеси Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:

«Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) конуштарда мечиттерди курууга, аларды таза кармоого жана жыпар жыттуу кылууга буйруган».

Тирмизи, Абу Дауд жана Имам Ахмад риваят кылган.

  1. Мечиттен сол бутум менен чыгып, минтип айтам:

«Аллахым, мен Өзүңдүн берешендигиңден суранамын».