Skip to content

السؤال

س10: ما آداب المجلس؟

10-суроо: Отуруштун адептери кандай?

الجواب

ج:1. أسلم على أهل المجلس.

  1. أجلس حيث ينتهي بي المجلس، لا أقيم أحدًا من مجلسه، أو أجلس بين اثنين إلا بإذنهما.
  2. أفسح المجلس ليجلس غيري.
  3. لا أقاطع حديث المجلس.
  4. أستأذن وأسلم قبل الانصراف من المجلس.
  • فعن ابن عمر رضي الله عنهما، عن النبي صلى الله عليه وسلم:

«أنه نهى أن يقام الرجل من مجلسه، ويجلس فيه آخر، ولكن تفسحوا وتوسعوا».

رواه البخاري.

  • في الحديث:

«إذا انتهى أحدكم إلى المجلس فليسلم، فإذا أراد أن يقوم فليسلم، فليست الأولى بأحق من الآخرة»

رواه الترمذي وأبو داود.

  1. عندما ينتهي المجلس أدعو دعاء كفارة المجلس وهو:

«سبحانك اللهم وبحمدك، أشهد أن لا إله إلا أنت، أستغفرك وأتوب إليك».

  1. Мажлисте отургандарга киргенде салам берем.
  2. Отурушта бош орунга отурам, бирөөнү ордунан тургузбайм. Эки кишинин ортосуна отура турган болсом алардын уруксаты менен отурам.
  3. Башка бирөөлөр да отуруусу үчүн орун калтырам.
  4. Отурушта эч кимдин сөзүн бөлбөйм.
  5. Мажлистен кетерде уруксат сурайм жана салам айтып чыгам.

Ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

"Бир кишини ордунан тургузуп, анын ордуна башкасы отурбасын, тескерисинче, жылышып, орунду кеңейтип отургула".

Бухари риваят кылган.

Хадисте минтип айтылган:

"Силердин бирөөңөр мажилиске келсе салам берсин, ал эми туруп кетүүнү кааласа дагы салам берсин. Биринчи саламдын кийинки саламдан айырмасы жок"

Тирмизи жана Абу Дауд риваят кылган.

  1. Мажилис бүтүп тарар мезгилде мажилистин каффарат дубасы окулат, ал мындай:

"О, Аллах, Сен (бардык кемчиликтүү сыпаттардан) тазасың. Сага алкыш-мактоолор болсун! Мен, эч бир илах жок, жалгыз Сен барсың деп күбөлүк берем. Мен Сенден кечирим сурайм. Жеке Сага гана тообо кылам".