Skip to content

суроо: Жолдо жүрүү адеби кандай?

الباب / الفصل
قسم الآداب الإسلامية

السؤال

س15: ما آداب الطريق؟

15-суроо: Жолдо жүрүү адеби кандай?

الجواب

ج:1. أعتدل وأتواضع في مشيتي.

قال تعالى:

﴿وَلَا تَمۡشِ فِي ٱلۡأَرۡضِ مَرَحًاۖ إِنَّكَ لَن تَخۡرِقَ ٱلۡأَرۡضَ وَلَن تَبۡلُغَ ٱلۡجِبَالَ طُولٗا﴾

[الإسراء: ٣٧].

  1. ألقي السلام على من ألقاه.
  • سأل النبي صلى الله عليه وسلم: أي الإسلام خير؟ قال:

«تطعم الطعام، وتقرأ السلام على من عرفت ومن لم تعرف»

متفق عليه.

  1. أغض بصري، ولا أؤذي أحدًا.
  2. آمر بالمعروف، وأنهى عن المنكر.

في الحديث عن النبي صلى الله عليه وسلم، قوله:

«فأعطوا الطريق حقها». قالوا: وما حق الطريق؟ قال: «غض البصر، وكف الأذى، ورد السلام، وأمر بالمعروف، ونهي عن المنكر»

  1. أميط الأذى عن الطريق.
  • في الحديث:

«ويميط الأذى عن الطريق صدقة»

Жооп: 1. Орточо ылдамдыкта басып, кичи пейил болуп жүрөм.

Аллах Таала минтип айткан:

"Жер бетинде текеберлене-көөп жүрбөгүн! Сен бутуң менен жерди тешип жибере албайсың жана бийиктикте тоолорго тең келе албайсың!"

(Исра сүрөсү, 57-аят).

  1. Жолуккан адамга салам айтам.

Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Мусулманчылыктын жакшысы кайсы?" - деп суралганда, ал мындай деген:

"Муктаждарды тойгузасың, таанышка да, бейтаанышка да салам айтасың".

Бухарий менен Муслим риваят кылган.

  1. Көзүмдү сактаймын, эч кимге азар бербеймин.
  2. Жакшылыкка буйруп, жамандыктан тыямын.

Хадисте Пайгамбар, (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:

«Жолдун акысын бергиле». Сахабалар: «Жолдун акысы эмне?» – деп сурашты. Ал: «Көздү сактоо, зыян тийгизүүдөн сактануу, саламга жооп берүү, жакшылыкка үндөп, жамандыктан тыюу», – деди.

  1. Зыяны тие турган нерселерди жолдон алып таштайм.

Хадисте минтип айтылган:

"Зыяны тие турган нерсени жолдон алып таштоо да садага".