Skip to content

суроо: Уктоонун адептери кайсылар?

الباب / الفصل
قسم الآداب الإسلامية

السؤال

س11: ما آداب النوم؟

11-суроо: Уктоонун адептери кайсылар?

الجواب

ج:1. أنام مبكرًا.

لحديث:

«عن أبي برزة رضي الله عنه أن رسول الله صلى الله عليه وسلم كان يكره النوم قبل العشاء، والحديث بعدها»

رواه البخاري.

  1. أنام على طهارة.
  2. لا أنام على بطني.
  3. أنام على جنبي الأيمن، وأضع يدي اليمنى تحت خدي الأيمن.
  4. أنفض فراشي.
  • في الحديث:

عن البراء بن عازب رضي الله عنه قال: قال النبي صلى الله عليه وسلم:

«إذا أتيت مضجعك فتوضأ وضوءك للصلاة ثم اضطجع على شقك الأيمن»

  • وعن أبي هريرة رضي الله عنه قال: رأى رسول الله صلى الله عليه وسلم رجلا مضطجعا على بطنه فقال:

«إن هذه ضجعة لا يحبها الله»

رواه الترمذي وأحمد.

  • وقال النبي صلى الله عليه وسلم:

«إذا أوى أحدكم إلى فراشه، فلينفض فراشه بداخلة إزاره؛ فإنه لا يدري ما خلفه عليه»

  1. أتلو أذكار النوم، من آية الكرسي، وسورة الإخلاص، والمعوذتين ثلاث مرات. وأقول:

«باسمك اللهم أموت وأحيا».

  1. أستيقظ لصلاة الفجر.
  2. وأقول بعد الاستيقاظ من النوم:

«الحمد لله الذي أحيانا بعدما أماتنا وإليه النشور».

Жооп: 1. Уйкуга эрте жатам.

Хадисте минтип келген:

Абу Барза (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: "Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) куптан намазынан мурун уктоону жана андан кийин сүйлөшүп отурууну жактырчу эмес".

Бухари риваят кылган.

  1. Даарат алып уктайм.
  2. Көмкөрөсүнөн жатып уктабайм.
  3. Оң капталым менен уктайм, оң колумду оң жаагымдын астына коюп жатам.
  4. Жатарда төшөгүмдү кагып тазалайм.

Хадисте минтип айтылган:

Ал-Бара бин Аазиб (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

"Төшөгүңө жатаарда, намазга даарат алгандай даарат ал, андан соң оң капталың менен жат".

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көмкөрөсүнөн жаткан бир кишини көрүп, мындай деди:

"Бул жатышты Аллах жакшы көрбөйт".

Ат-Тирмизи жана Ахмад риваят кылган.

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

"Силерден бирөөңөр төшөгүнө жатаарда, кийиминин ички этеги менен төшөгүн каксын. Анткени, ал өзүнөн кийин төшөгүнө эмне киргенин билбейт".

  1. Уктоо алдында "Аят ал-Курсини" андан соң "Ихлас", "Фалак" жана "Наас" сүрөөлөрүн үч жолу окуп, мындай деп айтам:

"О Аллах! Сенин ысымың менен өлүп (уктап), Сенин ысысмың менен тирилемин (ойгономун)".

  1. Багымдат намазын окуу үчүн ойгономун.
  2. Уйкудан ойгонгондон кийин төмөнкү сөздү айтамын:

"Бизди өлтүргөндөн соң кайра тирилткен Аллахка мактоолор болсун жана баарыбыз анын Өзүнө кайтабыз".