السؤال
س١٦: ما هي البشاشة؟
16-суроо: Жарык маанайда болуу деген эмне?
الجواب
ج:هي طلاقةُ الوَجهِ، مع الفَرحِ والتَّبسُّمِ واللطف وإظهار السرور عند لقاء الناس.
وهي بعكس العبوس في وجه الناس مما ينفرهم.
- وفي فضل ذلك جاءت الأحاديث، فعن أبي ذَرٍّ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ، قال: قال ليَ النَّبيُّ ﷺ:
«لا تَحْقِرَنَّ مِنَ المَعرُوفِ شَيْئًا، ولو أَنْ تَلْقَى أخاكَ بِوَجْهٍ طَلْقٍ»
رواه مسلم.
- وقالَ رَسولُ اللهِ ﷺ:
«تَبَسُّمُكَ فِي وَجْهِ أَخِيكَ لَكَ صَدَقَةٌ»
رواه الترمذي.
Жооп: Жүзү жарык, кубаныч, жылмаюу жана сыпайылык менен адамдарга жолукканда сүйүнүп турганын билдирүү.
Бул, адамдарды качыра турган кабагын чытуу сыяктуу жаман адаттын тескериси.
Мындай мүнөздүн артыкчылыгы тууралуу Абу Зар (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте минтип айткан: Мага Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди:
«Эч бир жакшылыкты кем санаба, эгерде мусулман бир тууганыңа жолуксаң ага жылмаюу менен жүз көрүшүп болсо да (жакшылык кыл)».
Муслим риваят кылган.
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
«Мусулман бир тууганыңа карап жылмаюуң – сен үчүн садага болот».
Тирмизи риваят кылган.