Skip to content
البَقَرَة /

Аят 222

2 : 222

Аят 222 of البَقَرَة (2 : 222). This page carries the verse in the Uthmani script with a translation of its meaning, at a stable URL that can be cited on its own.

البَقَرَة Аяттар 286
2 : 222

وَيَسۡـَٔلُونَكَ عَنِ ٱلۡمَحِيضِۖ قُلۡ هُوَ أَذٗى فَٱعۡتَزِلُواْ ٱلنِّسَآءَ فِي ٱلۡمَحِيضِ وَلَا تَقۡرَبُوهُنَّ حَتَّىٰ يَطۡهُرۡنَۖ فَإِذَا تَطَهَّرۡنَ فَأۡتُوهُنَّ مِنۡ حَيۡثُ أَمَرَكُمُ ٱللَّهُۚ إِنَّ ٱللَّهَ يُحِبُّ ٱلتَّوَّٰبِينَ وَيُحِبُّ ٱلۡمُتَطَهِّرِينَ

Сенден айыз (каны) жөнүндө сурашат. Айткын: “Ал жагымсыз нерсе”. Демек, айыз убактысында аялдарга кошулбагыла. Жана таза болмоюнча аларга жакындабагыла. Ал эми, алар таза болгондо, аларга Аллах буюрган тараптан келе бергиле. Аллах тообо кылуучуларды жана таза-пакиза адамдарды сүйөт.

Explanation & meanings · 1
  1. “Таза болмоюнча аларга жакындабагыла” деген аяттын мааниси “айыз каны келчү орунга (жыныстык мүчөгө) жакындабагыла дегенди билдирет. Ошондуктан, пайгамбарыбыз аялынын айыз мезгилинде аны менен бир төшөктө жатууну кааласа “дамбалыңды кийип ал” деп буюрат эле. Айыздан таза болуунун эки шарты бар: 1) айыз канынын токтошу. 2) аялдын гусул кылуусу (оозу-мурдун үч жолу чайкап, бүт денесин жуусу).