Skip to content

“Силердин энеңердин курсагындагы өрчүүңөр кырк күн (суу абалда) болот.

Абу Абдурахман Абдуллах бин Масуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:

Чынчылдыгы тастыкталган Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге минтип айткан: “Силердин энеңердин курсагындагы өрчүүңөр кырк күн (суу абалда) болот. Андан кийин дагы ошончо күн канга айланат. Андан кийин дагы ошончо күн бир тиштем этке айланат. Андан кийин периште жиберилип, ага жан үйлөйт. Ошондой эле (ал периште) төрт нерсени: баланын ырыскысын, ажалын, амалын, бактылуу же бактысыз болорун жазууга буйрулат. Андан башка ибадатка татыктуу кудай болбогон Аллага ант берип айтам, кээ бириң бейишке барчулардын иш-амалын кылып жүрүп, бейишке кирерине бир чыканактай калганда китебинде жазылганы ишке ашат да, тозокко кирчүлөрдүн иш-амалын кылып тозокко кирет. Кээ бириң тозокко кирчүлөрдүн иш-амалын кылып жүрүп, тозокко кирерине бир чыканактай калганда, китебинде жазылганы ишке ашат да бейишке кирчүлөрдүн иш-амалын кылып бейишке кирет”.

حَدَّثَنَا رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ وَهُوَ الصَّادِقُ المَصْدُوقُ: «إِنَّ أَحَدَكُمْ يُجْمَعُ خَلْقُهُ فِي بَطْنِ أُمِّهِ أَرْبَعِينَ يَوْمًا، ثُمَّ يَكُونُ عَلَقَةً مِثْلَ ذَلِكَ، ثُمَّ يَكُونُ مُضْغَةً مِثْلَ ذَلِكَ، ثُمَّ يُرْسَلُ إلَيْهِ المَلَكُ فَيَنْفُخُ فِيهِ الرُّوحَ، وَيُؤْمَرُ بِأَرْبَعِ كَلِمَاتٍ: بِكَتْبِ رِزْقِهِ، وَأَجَلِهِ، وَعَمَلِهِ، وَشَقِيٍّ أَوْ سَعِيدٍ؛ فَوَالَّذِي لَا إلَهَ غَيْرُهُ إنَّ أَحَدَكُمْ لَيَعْمَلُ بِعَمَلِ أَهْلِ الجَنَّةِ حَتَّى مَا يَكُونُ بَيْنَهُ وَبَيْنَهَا إلَّا ذِرَاعٌ فَيَسْبِقُ عَلَيْهِ الكِتَابُ فَيَعْمَلُ بِعَمَلِ أَهْلِ النَّارِ فَيَدْخُلُهَا، وَإِنَّ أَحَدَكُمْ لَيَعْمَلُ بِعَمَلِ أَهْلِ النَّارِ حَتَّى مَا يَكُونُ بَيْنَهُ وَبَيْنَهَا إلَّا ذِرَاعٌ، فَيَسْبِقُ عَلَيْهِ الكِتَابُ فَيَعْمَلُ بِعَمَلِ أَهْلِ الجَنَّةِ فَيَدْخُلُهَا».

Бухарий жана Муслим риваяты
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Ибн Масуд айтат: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге мындай деди, ал айтканында чынчыл жана чынчылдыгы Аллах Таала тарабынан тастыкталган. Ал айтты: Силердин жаралууңар бириктирилет. Себеби эркек аялы менен жакындык кылса, анын чачылган уругу аялдын жатынында кырк күн тамчы түрүндө жыйналат. Андан кийин уюган кан түрүндө болот, ал – коюу уюган кан, бул экинчи кырк күндүктө болот. Андан кийин бир үзүм эт түрүндө болот, ал – бир тиштем өлчөмүндөгү эт, бул үчүнчү кырк күндүктө болот. Андан кийин Аллах ага периште жөнөтөт, ошентип ал үчүнчү кырк күндүк бүткөндөн кийин ага жан үйлөйт. Ал периште төрт нерсени жазууга буйрулат, алар: анын ырыскысын, ал – өмүрүндө ала турган немат-жакшылыктарынын өлчөмү; ажалын, ал – бул дүйнөдө кала турган мөөнөтү жана кыла турган амалдары, ал кандай болот? Жана бактылуу же бактысыз болорун. Андан кийин Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ант берип айтты: Чындыгында, силерден бирөөңөр бейиш ээлеринин амалдарын кылат жана анын амалы жакшы болот, тактап айтканда, адамдарга көрүнгөнүндө. Ошентип бейиш менен анын ортосунда бир чыканактай аралык калгыча ушул абалында уланат, башкача айтканда: анын бейишке жетүүсүнө адам менен жердеги бир орундун ортосунда бир чыканак аралык калган сыяктуу гана аралык калат. Бирок анын жазылган китеби б.а ага тагдыр кылынган нерсе озуп кетет да, ал тозок ээлеринин амалдарын кылып, (өмүрү) ошону менен жыйынтыкталып тозокко кирет. Анткени амалдын кабыл болуу шарты – анда бекем туруу жана аны өзгөртпөө. Ал эми адамдардан дагы бири тозок ээлеринин амалдарын кылат, алтургай тозокко кирүүгө жакындап калат, аны менен тозоктун ортосунда жердеги бир чыканактай гана өлчөмдөгү аралык калат. Ошентип анын жазылган китеби б.а. ага тагдыр кылынган нерсе озуп кетет да, ал бейиш ээлеринин амалдарын кылып, (өмүрү) ошону менен жыйынтыкталып бейишке кирет.

Хадистин пайдалары

Инсандын жаралуу этаптары айтылган.

Тагдыр жана жазмышка ыйман келтирүү зарыл.

Жаман өлүмдөн коркуу жана өлүмгө чейин Аллахтан дининде бекем кылуусун суранууга үндөө.

Иш-аракеттердин тышкы сүрөттөрүнө алданып калуудан эскертүү болду. Анткени иш-аракеттер акырына карап бааланат.

Бул хадис ыклас жана ыйман менен амал кылбаган, тескерисинче, адамдарга гана көрүнүү үчүн бейиш ээлеринин амалдарын аткаргандарга тиешелүү. Ал эми чындыгында бейиш ээлеринин амалдарын ыклас жана ыйман менен аткаргандарга келсек, Аллах Таала өтө адилеттүү, эң берешен жана өтө мээримдүү болгондуктан, аларды өмүрүнүн аягында жардамсыз таштап койбойт. Аллах Таала айтты: «Аллах ыймандуу адамдарды дүйнө жашоосунда да, Акыретте да бекем сөз менен кубаттайт. Залымдарды болсо, Аллах адаштырат. Аллах каалаган нерсесин жасайт».

Булактар

Сахих ал-Бухари (9/ 135) (7454).

(4/ 111) (3208).

Сахих Муслим (4/ 2036) (2643).

Дагы (2)

عمدة القاري شرح صحيح البخاري (15/ 130).

شرح الأربعين النووية للعثيمين (ص: 84).