Skip to content

Намаз окуп жатканда айыз келип калса, эмне кылышым керек? Айыздын убагы бүткөндө намазды каза кылып окуймунбу?

السؤال

1-суроо:

Намаз окуп жатканда айыз келип калса, эмне кылышым керек? Айыздын убагы бүткөндө намазды каза кылып окуймунбу?

س32: دخلت عليّ العادة الشهرية أثناء الصلاة، ماذا أفعل؟ وهل أقضي الصلاة عن مدة الحيض؟

الجواب

Жооп:

Намаздын убагы киргенден кийин айыз келсе, мисалы, чак түштөн жарым саат өткөндөн кийин айыз көрсө, анда айызы токтогондон кийин гусул алып убактысы таза болгондо кирген бул намаздын казасын окуйт.

Анткени, Алла Таала айтты: "Чындыгында, ыймандууларга өз убагында намаз окуу парз болду". (Ниса: 103)

Айызы келген убактагы намаздын казасын окубайт. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, узун хадисте мындай деп айткан:

"Айызы келсе намаз окубайт жана орозо кармабайт эмеспи?"

Аалымдар айыз келген убакта калып калган намаздардын казасы окулбай тургандыгын бир пикирде айтышкан.

Ал эми айызы токтоп таза болуп калганда бир рекеттей же андан көп убакыт калган болсо, анда ал ошол таза болгон убакытта окуйт. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:

«Кимде-ким күн батканга чейин асыр намазынын бир рекетин окууга жетишсе, анда асыр намазына толук жетишкен болот».

Эгер асыр намазынын убагында күн батаарга жакын же күн чыгаардан алдын күндүн чыгышына бир рекеттей убакыт калганда айыз каны токтосо, анда биринчи маселеде асыр намазын окуйт, экинчи маселеде багымдат намазын окуйт.

ﺟ32: إذا حدث الحيض بعد دخول وقت الصلاة -كأن حاضت بعد الزوال بنصف ساعةٍ مثلًا- فإنها بعد أن تطهر من الحيض تقضي هذه الصلاة التي دخل وقتها وهي طاهرٌ؛ لقوله تعالى:

﴿...إِنَّ ٱلصَّلَوٰةَ كَانَتۡ عَلَى ٱلۡمُؤۡمِنِينَ كِتَٰبٗا مَّوۡقُوتٗا﴾

[النساء:103].

ولا تقضي الصلاة عن وقت الحيض؛ لقوله ﷺ في الحديث الطويل:

«أَلَيْسَتْ إِذَا حَاضَتْ لَمْ تُصَلِّ، وَلَمْ تَصُمْ؟» [1]،

وأجمع أهل العلم أنها لا تقضي الصلاة التي فاتتها أثناء مدة الحيض.

[12] تقدم تخريجه.

أما إذا طهرت، وكان باقيًا من الوقت مقدار ركعةٍ فأكثر، فإنها تصلّي ذلك الوقت الذي طهرت فيه؛ لقوله ﷺ:

«مَنْ أَدْرَكَ رَكْعَةً مِنَ الْعَصْرِ قَبْلَ أَنْ تَغْرُبَ الشَّمْسُ، فَقَدْ أَدْرَكَ الْعَصْرَ» [2]،

فإذا طهرت وقت العصر، أو قبل طلوع الشمس، وكان باقيًا على غروب الشمس أو طلوعها مقدار ركعةٍ، فإنها تصلّي العصر في المسألة الأولى، والفجر في المسألة الثانية.

[13] تقدم تخريجه.