Намаз убактысы киргенден кийин аялдын айызы келсе, өкүмү кандай? Айыз каны токтоп таза болсо, ал намаздын казасын окуш керекпи? Намаздын убагы чыгаардан алдын айыз каны токтосо, ошол намаздын казасын окуш керекпи?
السؤال
1-суроо:
Намаз убактысы киргенден кийин аялдын айызы келсе, өкүмү кандай? Айыз каны токтоп таза болсо, ал намаздын казасын окуш керекпи? Намаздын убагы чыгаардан алдын айыз каны токтосо, ошол намаздын казасын окуш керекпи?
س31: ما الحكم إذا حاضت المرأة بعد دخول وقت الصلاة؟ وهل يجب عليها أن تقضيها إذا طهرت؟ وكذلك إذا طهرت قبل خروج وقت الصلاة؟
الجواب
Жооп:
Биринчиден, намаздын убагы киргенден кийин айызы келип калса жана ал айызы келгенге чейин намазын окубаган болсо, анда ошол намазынын казасын окуусу керек болот.
Себеби, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Ким бир рекет намазга жетишсе, анда ал намаздын баарына жетишкен болот».
Эгерде аял намаз убактысы киргенден кийин бир рекеттин убагынча убакыт өтсө жана андан кийин намаз окуй электе айыз көрсө, анда ал айызы токтоп таза болгондо ал намаздын казасын окуп берүүсү керек.
Экинчиден, намаздын убагы чыгаардан алдын айызы токтоп тазаланса, анда ошол намаздын казасын окуйт. Күндүн чыгышына бир рекеттин убагынча убакыт калганда айызы токтоп тазаланып калса, багымдат намазынын казасын окушу керек.
Ал эми күн батканга чейин бир рекеттин убактынча убакыт калганда айызы токтоп тазаланса, асыр намазын окуу ага парз болот.
Түндүн жарымы бүтөөрүнө бир рекеттин убагынча мөөнөт калганда айызы токтоп тазаланса, куптан намазынын казасын окуу ага парз болот.
Түндүн жарымынан кийин айызы токтоп тазаланса, куптан намазын окуу ага парз эмес. Ага багымдат намазынын убактысы келгенде аны окуусу керек.
Алла Таала айтты: {Анда качан тынчтык абалында болсоңор намаз окугула. Чындыгында, ыймандууларга өз убагында намаз окуу парз болду.} (Ниса: 103).
Башкача айтканда, көрсөтүлгөн убагында намаз окуу парз болду. Адам баласы намаздын өз убактысынан өткөрүп окуусу же намазды убактысынан мурда баштоосу туура болбойт.
ﺟ31: أولًا: المرأة إذا حاضت بعد دخول الوقت -أي: بعد دخول وقت الصلاة- فإنه يجب عليها إذا طهرت أن تقضي تلك الصلاة الّتي حاضت في وقتها، إذا لم تصلّها قبل أن يأتيها الحيض،
وذلك لقول الرسول ﷺ:
«مَنْ أَدْرَكَ رَكْعَةً مِنَ الصَّلَاةِ فَقَدْ أَدْرَكَ الصَّلَاةَ» [1]،
فإذا أدركت المرأة من وقت الصلاة مقدار ركعةٍ، ثم حاضت قبل أن تصلّي، فإنها إذا طهرت يلزمها القضاء.
[11] تقدم تخريجه.
ثانيًا: إذا طهرت من الحيض قبل خروج وقت الصلاة فإنه يجب عليها قضاء تلك الصلاة، فلو طهرت قبل أن تطلع الشمس بمقدار ركعةٍ وجب عليها قضاء صلاة الفجر،
ولو طهرت قبل غروب الشمس بمقدار ركعةٍ وجبت عليها صلاة العصر،
ولو طهرت قبل منتصف الليل بمقدار ركعةٍ وجب عليها قضاء صلاة العشاء،
فإن طهرت بعد منتصف الليل لم يجب عليها صلاة العشاء، وعليها أن تصلّي الفجر إذا جاء وقتها، قال الله سبحانه وتعالى:
﴿...فَإِذَا ٱطۡمَأۡنَنتُمۡ فَأَقِيمُواْ ٱلصَّلَوٰةَۚ إِنَّ ٱلصَّلَوٰةَ كَانَتۡ عَلَى ٱلۡمُؤۡمِنِينَ كِتَٰبٗا مَّوۡقُوتٗا﴾
[النساء:103]،
أي: فرضًا مؤقتًا بوقتٍ محدودٍ، لا يجوز للإنسان أن يخرج الصلاة عن وقتها، ولا أن يبدأ بها قبل وقتها.