Эгерде аял таң аткандан кийин дароо айыз каны токтоп тазаланып калса, ошол күнү орозо кармай береби, же ал күндүн казасын тутуп береби?
السؤال
1-суроо:
Эгерде аял таң аткандан кийин дароо айыз каны токтоп тазаланып калса, ошол күнү орозо кармай береби, же ал күндүн казасын тутуп береби?
س1: إذا طهرت الـمرأة بعد الفجر مباشرةً فهل تمسك وتصوم هذا اليوم، ويكون يومها لها، أو عليها قضاء ذلك اليوم؟
الجواب
Жооп:
Эгерде аял таң аткандан кийин айыз каны токтоп тазаланса, ошол күндүн орозосун кармоо боюнча аалымдар эки пикирде:
Биринчи пикир: Ал ошол күндүн калган бөлүгүндө орозо кармашы керек. Бирок бул парз орозо катары эсептелбейт. Ошол күндүн казасын тутуп бериши керек. Бул Имам Ахмад рахимахулланын мазхабындагы белгилүү болгон көз караш.
Экинчи пикир: Ал күндүн калган бөлүгүндө тамактанууну таштоо шарт эмес. Анткени ал күнү ага орозо тутуу туура эмес. Ал аял ошол күндүн башында айыз болгондуктан орозо кармоо ага парз эмес. Эгер ошол күнү орозо кармоо туура эмес болсо, анда кечке чейин жеп-ичүүдөн тыйылуусунан пайда жок. Бул убакыт ал аял үчүн арам эмес. Анткени ал аял күндүн башында оозун ачууга буюрулган. Жада калса ага күндүн башында орозо кармоо арам болгон.
Шарияттагы орозо: Бул таң аткандан күн батканга чейин Алла Таалага ибадат кылуу үчүн орозону бузган нерселерди таштоо.
Бул экинчи пикир сиз көрүп тургандай жеп-ичүүдөн өзүн кармашы керек деген биринчи пикирге караганда туурараак. Бул эки пикирде да ошол күндөгү орозонун казасын тутуп берүү керек.
ﺟ1: إذا طهرت المرأة بعد طلوع الفجر فللعلماء في إمساكها ذلك اليوم قولان:
القول الأول: أنه يلزمها الإمساك بقية ذلك اليوم، ولكنه لا يحسب لها، بل يجب عليها القضاء، وهذا هو المشهور من مذهب الإمام أحمد رحمه الله.
والقول الثاني: أنه لا يلزمها أن تمسك بقية ذلك اليوم؛ لأنه يومٌ لا يصحّ صومها فيه؛ لكونها في أوله حائضًا ليست من أهل الصّيام، وإذا لم يصح لم يبق للإمساك فائدةٌ، وهذا الزمن زمنٌ غير محترمٍ بالنّسبة لها؛ لأنها مأمورةٌ بفطره في أول النهار، بل محرمٌ عليها صومه في أول النهار،
والصوم الشرعيّ: هو الإمساك عن المفطّرات تعبّدًا لله عز وجل من طلوع الفجر إلى غروب الشمس.
وهذا القول -كما تراه- أرجح من القول بلزوم الإمساك، وعلى كلا القولين يلزمها قضاء هذا اليوم.