Skip to content

Эгерде айыз келген аялдын айыз каны багымдат намазынан кийин токтоп тазаланса, ал аял гусул алып, намаз окуса жана ошол күндүн орозосун толук кармаса, ошол күндөгү орозонун казасын тутуп берүү ага важип болобу?

السؤال

1-суроо:

Эгерде айыз келген аялдын айыз каны багымдат намазынан кийин токтоп тазаланса, ал аял гусул алып, намаз окуса жана ошол күндүн орозосун толук кармаса, ошол күндөгү орозонун казасын тутуп берүү ага важип болобу?

س2: إذا طهرت الحائض، واغتسلت بعد صلاة الفجر، وصلت، وكملت صوم يومها، فهل يجب عليها قضاؤه؟

الجواب

Жооп:

Эгерде айыз көргөн аялдын таң атканга чейин бир мүнөт алдын болсо да айыз каны токтосо, бирок айызы токтогонун анык билсе, анда ал Рамазан айында болсо орозо кармашы керек. Ал күнү туткан орозосу туура болот жана казасын кармабайт. Анткени ал таң аткандан кийин гусул алып жуунса да, айызы токтоп анан орозо кармаган. Анын таң аткандан кийин гусул алуусу эч кадай күнөө болбойт.

Ушул сыяктуу эле, эгер эркек жыныстык катнаштан же түшүркөп жунуп болуп калып, таң атканга чейин жуунбаса жана таң аткандан кийин жуунса да анын орозосу туура болот.

Ушул учурдан пайдаланып аялдарга байланыштуу дагы бир маселеге көңүл бургум келет. Эгер аялдын айызы ошол күнү орозо кармап бүткөндөн кийин келсе, кээ бир аялдар ооз ачкандан кийин куптан намазын окуй электе айызы келсе, анда ал күндүн орозосу бузулат деп ойлошот.

Мындай ойго эч кандай негиз жок. Тескерисинче, айыз күн баткандан кийин бир аздан кийин эле келсе да, орозосу толук жана туура болот.

ﺟ2: إذا طهرت الحائض قبل طلوع الفجر ولو بدقيقةٍ واحدةٍ، ولكن تيقنت الطّهر، فإنه إذا كان في رمضان فإنه يلزمها الصوم، ويكون صومها ذلك اليوم صحيحًا، ولا يلزمها قضاؤه؛ لأنها صامت وهي طاهرٌ، وإن لم تغتسل إلا بعد طلوع الفجر فلا حرج،

كما أن الرجل لو كان جنبًا من جماعٍ أو احتلامٍ، وتسحر، ولم يغتسل إلا بعد طلوع الفجر، كان صومه صحيحًا.

وبهذه المناسبة أودّ أن أنبّه إلى أمرٍ آخر عند النّساء إذا أتاها الحيض وهي قد صامت ذلك اليوم، فإن بعض النّساء تظنّ أن الحيض إذا أتاها بعد فطرها قبل أن تصلّي العشاء فسد صوم ذلك اليوم،

وهذا لا أصل له، بل إن الحيض إذا أتاها بعد الغروب ولو بلحظةٍ فإن صومها تامٌّ وصحيحٌ.