Аялдан чыккан ак же сары суюктук тазабы же нажас (11) болобу?. Ал суюктуктун үзгүлтүксүз түшөөрүн билип турса да даарат алса болобу? Көпчүлүк аялдар өзгөчө илимдүү аялдар муну дааратты сындырбаган табигый нымдуулук деп эсептейт. Андай суюктук үзүлүп-узүлүп келсе өкүмү кандай болот?
السؤال
1-суроо:
Аялдан чыккан ак же сары суюктук тазабы же нажас (11) болобу?. Ал суюктуктун үзгүлтүксүз түшөөрүн билип турса да даарат алса болобу? Көпчүлүк аялдар өзгөчө илимдүү аялдар муну дааратты сындырбаган табигый нымдуулук деп эсептейт. Андай суюктук үзүлүп-узүлүп келсе өкүмү кандай болот?
س35: هل السائل الّذي ينزل من المرأة -أبيض كان أم أصفر- طاهرٌ أو نجسٌ؟ وهل يجب فيه الوضوء، مع العلم بأنه ينزل مستمرًّا؟ وما الحكم إذا كان متقطّعًا، خاصةً أن غالب النّساء -لا سيما المتعلّمات- يعتبرن ذلك رطوبةً طبيعيةً، لا يلزم منه الوضوء؟
الجواب
Жооп:
Мага изилдөөдөн кийинки эң туурасы: Аялдан чыккан суюктук табарсыктан чыкпаса, жатындан чыкса, таза болот. Бирок ал таза (12) болсо да дааратты бузат. Анткени, дааратты бузуучу нерселер нажас болушу шарт эмес. Ошондуктан арттан чыккан желдин көлөмү жок, бирок ошондой болсо да ал дааратты бузат.
Ошондуктан даараты бар аялдан чыкса, даараты бузулат жана аны жаңыртуу керек.
Эгерде ал суюктук үзгүлтүксүз келсе, анда дааратты бузбайт. Бирок ар бир парз намазга убагы киргенде даарат алат. Ал даараты менен ошол убакыт чыкканга чейин каалаганча парз жана нафил намаздарды жана Куранды окуй берет ж.б. ага уруксат берилген нерселерден каалаганын жасай берет.
Бул тууралуу аалымдар мындай дешкен: Үзгүлтүксүз суюктук келген аялдар кичи заарасы турбай калган киши сыяктуу. Бул суроо берүүчүнүн өкүмү тазалык жагынан караганда ага келген суюктугу таза (кийимди нажас кылбайт). Дааратты бузуучу жагынан караганда дааратты бузат. Эгерде ал үзгүлтүксүз келсе, дааратты бузбайт. Ал аял убакыт кирмейинче намаз үчүн даарат албашы керек. Анткени үзүр даарат намаздын убагы чыгуусу менен бузулат. Мындай абалда аял сак болушу керек.
Ал эми суюктук үзүлүп-үзүлүп келсе жана намаз убактысында үзүлүп келбей калуусу анын адаты болсо жана убакыттын өтүп кетүүсүнөн коркпосо, анда ал намазды суюктугу үзүлүп келбей калган убакка чейин кечиктирүүсү керек. Эгерде убакыт өтүп кетүүсүнөн корксо, анда даарат алат, ал суюктукту чүпүрөк менен тосот жана намаз окуй берет.
Аз менен көптүн айырмасы жок. Анткени анын баары жыныстык жеринен чыккандыктан азбы, көпбү дааратты бузат. Кан, кусунду сыяктуу дененин башка бөлүгүнөн чыккан нерселердин азы да, көбү да дааратты бузбайт.
Ал эми кээ бир аялдардын ал суюктук дааратты бузбайт деген ишенимине келсек, мен анын далилин билбейм. Ибн Хазм рахимахуллах мындай деп айткан: "Бул суюуктук дааратты бузбайт". Бирок ал буга далил келтирген эмес. Эгерде Курандан же, сүннөттөн же сахабалардын сөздөрүнөн далили болсо, анда анын сөзүн кубаттамак.
Аял киши Алладан коркуп жана дааратына көңүл бурушу керек. Анткени намаз дааратсыз болсо, жүз жолу окулса да кабыл болбойт. Кээ бир аалымдар айтат: Намазды дааратсыз окуган адам каапырлык кылган болот. Анткени бул Алла Тааланын аяттарын шылдыңдоого жатат.
ﺟ35: الظاهر لي بعد البحث: أن السائل الخارج من المرأة إذا كان لا يخرج من المثانة، وإنما يخرج من الرحم، أنّه طاهرٌ، ولكنه ينقض الوضوء وإن كان طاهرًا؛ لأنه لا يشترط للناقض للوضوء أن يكون نجسًا، فها هي الرّيح تخرج من الدّبر، وليس لها جرمٌ، ومع ذلك تنقض الوضوء.
وعلى هذا، إذا خرج من المرأة وهي على وضوءٍ فإنه ينقض الوضوء، وعليها تجديده.
فإن كان مستمرًّا فإنه لا ينقض الوضوء، ولكن تتوضأ للصلاة إذا دخل وقتها، وتصلّي في هذا الوقت الّذي تتوضأ فيه فروضًا ونوافل، وتقرأ القرآن، وتفعل ما شاءت ممّا يباح لها،
كما قال أهل العلم نحو هذا فيمن به سلس البول، هذا هو حكم السائل من جهة الطهارة، فهو طاهرٌ، ومن جهة نقضه للوضوء، فهو ناقضٌ للوضوء إلا أن يكون مستمرًّا عليها، فإن كان مستمرًّا فإنه لا ينقض الوضوء، لكن على المرأة ألا تتوضأ للصلاة إلا بعد دخول الوقت، وأن تتحفظ.
أما إن كان منقطعًا، وكان من عادته أن ينقطع في أوقات الصلاة، فإنها تؤخّر الصلاة إلى الوقت الّذي ينقطع فيه، ما لم تخش خروج الوقت، فإن خشيت خروج الوقت فإنها تتوضأ، وتتلجم -تتحفظ- وتصلّي.
ولا فرق بين القليل والكثير؛ لأنه كله خارجٌ من السبيل، فيكون ناقضًا قليله وكثيره، بخلاف الذي يخرج من بقية البدن كالدم والقيء، فإنه لا ينقض الوضوء، لا قليله ولا كثيره.
وأما اعتقاد بعض النّساء أنه لا ينقض الوضوء فهذا لا أعلم له أصلًا، إلا قولًا لابن حزمٍ رحمه الله، فإنه يقول: إن هذا لا ينقض الوضوء، ولكنه لم يذكر لهذا دليلًا، ولو كان له دليلٌ من الكتاب والسّنة أو أقوال الصحابة لكان حجةً.
وعلى المرأة أن تتقي الله، وتحرص على طهارتها؛ فإن الصلاة لا تقبل بغير طهارةٍ ولو صلت مئة مرةٍ، بل إن بعض العلماء يقول: إن الذي يصلّي بلا طهارةٍ يكفر؛ لأن هذا من باب الاستهزاء بآيات الله سبحانه وتعالى.