Skip to content

Аял эки айдан кийин нифас каны токтоп, таза болгондон кийин кичине тамчы кан көрө баштаса, оозун ачып жана намазын токтотобу? Мындай учурда эмне кылат?

السؤال

1-суроо:

Аял эки айдан кийин нифас каны токтоп, таза болгондон кийин кичине тамчы кан көрө баштаса, оозун ачып жана намазын токтотобу? Мындай учурда эмне кылат?

س24: امرأةٌ بعد شهرين من النّفاس، وبعد أن طهرت بدأت تجد بعض النّقاط الصغيرة من الدم، فهل تفطر، ولا تصلّي؟ أو ماذا تفعل؟

الجواب

Жооп:

Аялдардын айыз жана нифас көйгөйлөрү жээги жок деңиз сыяктуу көп. Ал көйгөйлөрдүн себептери: Бул бойго бүтүрбөөчү таблеткаларды жана айызды токтотуу үчүн таблеткаларды колдонуу. Адамдар мындай көп көйгөйлөрдү билишпейт.

Туура, көйгөйлөр Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, жиберилгенден бери эле бар. Тактап айтканда, аялдар жаралгандан бери эле бар. Бирок, бул көйгөйлөрдү чечүүдө адамдын башын катыруусундай көп болгондугу өкүндүрөт.

Бирок жалпы эреже: Эгер аял айыздан, нифастан тазаланса же айыз канынан жана нифас канынан толук тазаланганын көрсө б.а. ак суу чыкса. Бул ак суу аялдарга белгилүү. Айыз токтогондон кийин келген нерселер: күрөң, саргыч, тамчы жана нымдуулук – мунун баары айыз эмес. Булар Намаз окуудан, орозо кармоодон жана күйөөсү менен жыныстык катнаш кылуудан тыйбайт.

Умму Атийя айтты: Биз саргыч же күрөң түстүү келген сууну эч нерсе деп эсептечү эмеспиз. Бул хадисти Аль-Бухари риваят кылды. Абу Дауд: Айыз токтогондон кийин" - деген хадистин уландысы менен риваят кылды. Бул туура сахих хадистерден.

Биз ушуга таянып мындай деп айтабыз: Айыз каны толук токтогондон кийинки пайда болгон нерселердин баары аялга эч кандай зыян келтирбейт жана намаз окуудан, орозо кармоодон, күйөөсү менен жыныстык катнаш кылуудан тыйбайт. Бирок кандын толук токтогондугун көрмөйүнчө шашпашы керек.

Анткени кээ бир аялдар алардын каны кургап калса эле толук токтогондугун көрө электе гусул алууга шашышат.

Ошондуктан сахабалардын аялдары момундардын энеси Аиша, радияллаху анха, энебизге керсаф жөнөтүшчү б.а. ичинде айыз же нифас каны сүртүлгөн кебез. Аиша энебиз аларга: «Ак сууну (11) көрмөйүнчө шашпагыла» - деп айтчу.

ﺟ24: مشاكل النّساء في الحيض والنّفاس بحرٌ لا ساحل له، ومن أسبابه: استعمال هذه الحبوب المانعة للحمل والمانعة للحيض، وما كان الناس يعرفون مثل هذه الإشكالات الكثيرة،

صحيحٌ أن الإشكال ما زال موجودًا من بعثة الرسول ﷺ، بل منذ وجد النّساء، ولكن كثرته على هذا الوجه الذي يقف الإنسان حيران في حلّ مشاكله أمرٌ يؤسف له.

ولكن القاعدة العامة: أن المرأة إذا طهرت، ورأت الطّهر المتيقن في الحيض وفي النّفاس -وأعني بالطّهر في الحيض: خروج القصة البيضاء، وهو ماءٌ أبيض تعرفه النّساء- فما بعد الطّهر من كدرةٍ، أو صفرةٍ، أو نقطةٍ، أو رطوبةٍ، فهذا كلّه ليس بحيضٍ، فلا يمنع من الصلاة، ولا يمنع من الصّيام، ولا يمنع من جماع الرجل لزوجته؛ لأنه ليس بحيضٍ، قالت أمّ عطية:

«كُنَّا لَا نَعُدُّ الصُّفْرَةَ وَالْكُدْرَةَ شَيْئًا»

أخرجه البخاريّ[1]، وزاد أبو داود [2]:

«بَعْدَ الطُّهْرِ»

وسنده صحيحٌ.

[6] كتاب الحيض، باب الصفرة والكدرة في غير أيام الحيض (326).

[7] كتب الطهارة، باب في المرأة ترى الصفرة والكدرة بعد الطهر (307).

وعلى هذا نقول: كلّ ما حدث بعد الطّهر المتيقن من هذه الأشياء فإنها لا تضرّ المرأة، ولا تمنعها من صلاتها وصيامها ومباشرة زوجها إياها، ولكن يجب ألّا تتعجل حتى ترى الطّهر؛

لأن بعض النّساء إذا جف الدم عنها بادرت، واغتسلت قبل أن ترى الطّهر،

ولهذا كان نساء الصحابة يبعثن إلى أمّ المؤمنين عائشة رضي الله عنها بالكرسف، يعني: القطن فيه الدم، فتقول لهن:

«لَا تَعْجَلْنَ حَتَّى تَرَيْنَ القَصَّةَ البَيْضَاءَ»[3].

[8] أخرجه البخاري معلقًا، كتاب الحيض، باب إقبال الحيض وإدباره.