Skip to content

"Эгер жаныңдагы адамга жума күнү имам кутба айтып жаткан маалда: "Тынчтанып ук» - десең да, анда куру сөз сүйлөгөн болосуң".

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:

"Эгер жаныңдагы адамга жума күнү имам кутба айтып жаткан маалда: "Тынчтанып ук» - десең да, анда куру сөз сүйлөгөн болосуң".

«إذا قُلْتَ لِصَاحِبِكَ: أَنْصِتْ، يومَ الجمعةِ، والْإِمامُ يَخْطُبُ، فَقَدْ لَغَوْتَ».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жума хутбасына келгендер үчүн жума хутбасындагы важиб адептердин бири хутбаны түшүнүү үчүн тынч олтуруп угуу экенин баяндап жатат. Кимде-ким имам хутба айтып жатканда кыска болсо да сүйлөп, башкага: "Тынч бол, ук" - десе, анда жума намазынын пазилетинен куру калган болот.

Сөздөрдүн маанилери

أَنْصِتْ: اسكت عن الكلام.

لَغَوْتَ: لغا أتى بقول ساقط، ليس فيه فائدة.

Хадистин пайдалары

Хутба угуп жатканда жамандыктан кайтаруу же саламга алик алуу жана чүчкүргөнгө жооп берүү менен болсо да сүйлөөгө тыюу салынган.

Бир гана имамга кайрылган адамга же имам ага кайрылган адамга сүйлөө болот.

Зарыл учурда эки кутбанын ортосунда сүйлөөгө уруксат.

Имам хутба айтып жатканда Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эскерилсе, анда ал үчүн купуя салават айтыңыз, ошондой эле дубада "аамиин" деп айтсаңыз да болот.

Булактар

Сахих ал-Бухари (2/ 13) (934).

Сахих Муслим (2/ 583) (851).

Дагы (10)

تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.

للبسام (ص244).

تنبيه الأفهام.

للعثيمين (2/ 307).

الإلمام بشرح عمدة الأحكام.

لإسماعيل الأنصاري (1/ 195).

فتح الباري.

لابن حجر (2/ 409).

تاج العروس من جواهر القاموس.

لمحمّد الحسيني الزَّبيدي (39/ 463).