суроо: Дубанын адептери кайсылар?
- الباب / الفصل
- قسم الآداب الإسلامية
السؤال
س٢٦: ما آداب الدعاء؟
26-суроо: Дубанын адептери кайсылар?
الجواب
ج:١. البدء بحمد الله والثناء عليه.
- الصلاة على النبي صلى الله عليه وسلم.
- في الحديث عن النبي صلى الله عليه وسلم:
«إذا صليت، فقعدت، فاحمد الله بما هو أهله، وصل عليَّ ثم ادعه»
رواه الترمذي.
- رفع اليدين أثناء الدعاء.
- قال رسول الله صلى الله عليه وسلم:
«إن ربكم تبارك وتعالى حيي كريم يستحيي من عبده إذا رفع يديه إليه أن يردهما صفرًا»
رواه الترمذي وأبو داود.
- التوبة والاعتراف بالذنب.
- في دعاء موسى عليه السلام:
﴿قَالَ رَبِّ إِنِّي ظَلَمۡتُ نَفۡسِي فَٱغۡفِرۡ لِي فَغَفَرَ لَهُۥٓۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلۡغَفُورُ ٱلرَّحِيمُ﴾
[القصص ١٦].
- الإلحاح في الدعاء، يعني إكثاره وتكراره.
- عدم استعجال الإجابة.
- لا تدع بإثم أو قطيعة رحم.
- في الحديث:
«لا يزال يستجاب للعبد ما لم يدع بإثم أو قطيعة رحم، ما لم يستعجل. قيل: يا رسول الله، ما الاستعجال؟ قال: يقول: قد دعوت، وقد دعوت، فلم أر يستجيب لي. فيستحسر عند ذلك، ويدع الدعاء»
رواه البخاري ومسلم.
- خفض الصوت في الدعاء.
- قال تعالى:
﴿ٱدۡعُواْ رَبَّكُمۡ تَضَرُّعٗا وَخُفۡيَةًۚ﴾
[الأعراف: ٥٥].
- حضور القلب أثناء الدعاء.
«ادعوا الله وأنتم موقنون بالإجابة، واعلموا أن الله لا يستجيب دعاء من قلب غافل لاه»
- الإخلاص لله تعالى، وسؤال الله وحده في الشدّة والرخاء.
﴿وَأَنَّ ٱلۡمَسَٰجِدَ لِلَّهِ فَلَا تَدۡعُواْ مَعَ ٱللَّهِ أَحَدٗا﴾
[الجن: ١٨].
- التوسّل إلى الله بأسمائه الحسنى وصفاته.
﴿وَلِلَّهِ ٱلۡأَسۡمَآءُ ٱلۡحُسۡنَىٰ فَٱدۡعُوهُ بِهَاۖ﴾
[الأعراف: ١٨٠].
- استقبال القبلة.
في الحديث:
«فما زال يهتف بربه مادًّا يديه مستقبل القبلة، حتى سقط رداؤه عن منكبيه»
رواه مسلم.
- إطابة المأكل والملبس.
«ثم ذكر الرجل يطيل السفر أشعث أغبر يمد يديه إلى السماء: يا رب يا رب، ومطعمه حرام، ومشربه حرام، وملبسه حرام، وغذي بالحرام، فأنى يستجاب لذلك»
Жооп: 1. Дубаны Аллахка шүгүрлөрдү жана мактоолорду айтуу менен баштоо.
- Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) салават айтуу.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
«Намаз окуп, анан отурганыңда Аллахка Өзүнө татыктуу болгондой алкыш-мактоо айт, анан мага салават айт, андан кийин Аллахтан дуба кылып тилегиңди сура».
Тирмизи риваят кылган.
- Дуба кылганда колду өйдө көтөрүү.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) минтип айткан:
«Чынында, силердин Улук жана Бийик Раббинер Уяттуу Берешен, Ал колун көтөрүп сураган пендесинин колун куру кайтаргандан уялат».
Тирмизи жана Абу Дауд риваят кылган.
- Тообо кылуу жана күнөөнү моюнга алуу.
Муса пайгамбар дуба кылганда минтип айткан:
"(Дагы) айтты: «О Раббим! Мен өзүмө зулумдук кылып алдым! Мени кечире көр! Анан Аллах аны кечирди. Чынында, Бир Өзү гана (күнөөлөрдү) Кечирүүчү, Мээримдүү!"
(Касас сүрөсү, 16-аят).
- Көп дуба кылуу жана кайра-кайра кайталоо.
- Дубанын кабыл болуусуна шашылбоо.
- Күнөөгө же тууганчылыкты үзүүгө дуба кылбоо.
Хадисте минтип айтылган:
"Пенде эгер күнөө ишти дуба кылбаса, же тууганчылыктан кол үзбөсө жана дубасынын кабыл болуусуна шашылбаса, анын дубасы кабыл болот". Сахабалар: "О Аллахтын элчиси, шашылуу дегениниз кандай?" деп сурашты. Ал: "Дуба кылдым, дуба кылдым, кабыл болгон жок" деп шашылат да, дуба кылууну таштап коёт" - деди.
Бухарий жана Муслим риваят кылган.
- Дуба кылганда үнүн акырын чыгаруу.
Аллах Таала минтип айткан:
"Раббиңерге жалбаруу менен, купуя дуба (ибадат) кылгыла!"
(Аъраф сүрөсү, 31-аят).
- Дуба кылган учурда чын жүрөктөн берилип дуба кылуу.
"Алахка дуба кылганда кабыл болоруна толук ишенип дуба кылгыла. Билгиле, Аллах капарсыз, кош көңүл жүрөктүн дубасын кабыл кылбайт".
- Аллах Таалага чын ыкылас кылуу жана кыйынчылыкта да, жыргалчылыкта да жалгыз Аллахтан суроо.
"(Бардык) мечиттер Аллахка ибадат кылуу үчүн! Силер Аллахка кошуп башка “кудайларга” дуба кылбагыла!"
(Жин сүрөсү, 18-аят).
- Аллахтын көркөм ысымдары жана сыпаттарын айтып дуба кылуу.
"Аллахтын эң сонун ысымдары бар. Ага ошолор менен дуба кылгыла!"
- Кыбылага жүздөнүү.
«Ал кыбылага жүздөнүп, колдорун созуп, Раббисине токтоосуз жалбара бергендиктен, ийиндеринен чепкени түшүп калды».
Муслим риваят кылган.
- Жегени, кийгени адал болушу керек.
«Андан кийин алыс сапарга чыккан, чачы саксайып, үстү-башын чаң баскан, асманга колун көтөрүп: «О Раббим! О Раббим!» – деп дуба кылган адамды эскерди. Анын жегени арам, ичкени арам, кийгени арам, арамдан азыктанган, анан кантип анын дубасы кабыл болсун?!»