Skip to content
البَقَرَة /

Аят 228

2 : 228

Аят 228 of البَقَرَة (2 : 228). This page carries the verse in the Uthmani script with a translation of its meaning, at a stable URL that can be cited on its own.

البَقَرَة Аяттар 286
2 : 228

وَٱلۡمُطَلَّقَٰتُ يَتَرَبَّصۡنَ بِأَنفُسِهِنَّ ثَلَٰثَةَ قُرُوٓءٖۚ وَلَا يَحِلُّ لَهُنَّ أَن يَكۡتُمۡنَ مَا خَلَقَ ٱللَّهُ فِيٓ أَرۡحَامِهِنَّ إِن كُنَّ يُؤۡمِنَّ بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِۚ وَبُعُولَتُهُنَّ أَحَقُّ بِرَدِّهِنَّ فِي ذَٰلِكَ إِنۡ أَرَادُوٓاْ إِصۡلَٰحٗاۚ وَلَهُنَّ مِثۡلُ ٱلَّذِي عَلَيۡهِنَّ بِٱلۡمَعۡرُوفِۚ وَلِلرِّجَالِ عَلَيۡهِنَّ دَرَجَةٞۗ وَٱللَّهُ عَزِيزٌ حَكِيمٌ

Талагы берилген аялдар үч (айыздан) тазалануу мөөнөтү (өткөнгө чейин) өздөрүн байкашат. Эгер алар Аллахка жана Акырет күнүнө ишенишсе, Аллах жатындарында жаратып койгон нерсени (түйүлдүктү) жаап-жашыруулары аларга адал эмес. Жана алардын күйөөлөрү эгер жашоону кааласа ушул (үч айыз) аралыгында аларды (өз никесине) кайтарууга көбүрөөк акылуу. Ошондой эле, аларга үстүндөгү милдетине жараша жакшылыкка болгон акылары да бар. Жана да эркектерге аялдардан жогору даража бар. Аллах – Кудуреттүү, Даанышман.

Explanation & meanings · 1
  1. Талагы берилген аялдардын үч айыз көрүү мөөнөтүнчө башка эрге тийбей, күйөөсүнөн түйүлдүк бар же жок экенин билүү үчүн өздөрүн байкап отуруулары - парыз. Бул мөөнөт Шариятта “идда сактоо” деп аталат. Аллахка жана Акырет күнүнө ишенген ыймандуу аялдар, эгер талак кылынса сөзсүз идда сакташы керек. Идда сактабай коюу жатындагы күмөндүн атасы белгисиз болуп калууга, анын натыйжасында бала өз урук-тукумун билбей, жетесиз болуп калууга жана насил-насаптардын аралашып кетүүсүнө себеп болот. Бул - ыйман келтирген аялдар үчүн адал эмес.