Skip to content

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көшөгөнүн артындагы бойго жеткен кыздан да уялчаак эле. Эгерде кайсы бир нерсени жактырбаса, жүзүнөн байкайт элек.

Абу Саид Худри (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көшөгөнүн артындагы бойго жеткен кыздан да уялчаак эле. Эгерде кайсы бир нерсени жактырбаса, жүзүнөн байкайт элек.

كَانَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَشَدَّ حَيَاءً مِنَ العَذْرَاءِ فِي خِدْرِهَا، فَإِذَا رَأَى شَيْئًا يَكْرَهُهُ عَرَفْنَاهُ فِي وَجْهِهِ.

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Абу Саид Худри (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) уялчаактыгын бойго жеткен, турмушка чыга элек, эркектерден өзүн жашырган кызга салыштырган. Анткени, анын уяттуулугу жогору болгон, эгер бир нерсени жактырбаса, жүзү өзгөрүп кетет эле жана эч нерсе деп айтчу эмес. Сахабалар анын жүзүнөн жактырбай жатканын байкашчу.

Сөздөрдүн маанилери

العَذْرَاء: البكر، وهي الأنثى التي لم يمسها رجل، سميت به لبقاء عذرتها، وهي ما يكون من التحام في فم الرحم.

الخِدْر: ناحية في البيت يترك عليها ستر.

Хадистин пайдалары

Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көркөм мүнөздөрүнүн бири ал –уяттуулугу болгон.

Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) уяттуулугу аны Аллах арам кылган иштерди айтуудан токтотуп койгон эмес. Эгер мындай иштерди көрсө, ачууланып, саахабаларын буйруп же тыйып турчу.

Уяттуулук сыпатын мүнөзгө киргизүү зарыл, анткени, уяттуулук жакшы иштерди аткарып, жаман ишти таштоого түрткү болот.

Булактар

Сахих ал-Бухари (8/ 26) (6102).

Сахих Муслим (4/ 1809) (2320).

Дагы (6)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (2/ 11).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (4/ 32).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 562).