Оо, Аллахтын Элчиси, менин мал-мүлкүмдү тартып алууну каалаган адамга эмне кылуум керек?
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
Аллахтын Элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир адам келди да: Оо, Аллахтын Элчиси, менин мал-мүлкүмдү тартып алууну каалаган адамга эмне кылуум керек? — деп сурады. (Пайгамбар): «Мал-мүлкүңдү ага бербе» — деп жооп берди. (Ал киши): Эгер мага кол салсачы? — деди. (Пайгамбар): «Анда ага каршы күрөш» — деди. (Ал): А эгер ал мени өлтүрсөчү? — деп сурады. (Пайгамбар): «Анда сен шейитсиң» — деди. (Ал): А мен аны өлтүрүп койсомчу? — деди эле: (Пайгамбар): «Анда ал тозокто» — деп жооп берди.
جَاءَ رَجُلٌ إِلَى رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَقَالَ: يَا رَسُولَ اللهِ، أَرَأَيْتَ إِنْ جَاءَ رَجُلٌ يُرِيدُ أَخْذَ مَالِي؟ قَالَ: «فَلَا تُعْطِهِ مَالَكَ» قَالَ: أَرَأَيْتَ إِنْ قَاتَلَنِي؟ قَالَ: «قَاتِلْهُ» قَالَ: أَرَأَيْتَ إِنْ قَتَلَنِي؟ قَالَ: «فَأَنْتَ شَهِيدٌ»، قَالَ: أَرَأَيْتَ إِنْ قَتَلْتُهُ؟ قَالَ: «هُوَ فِي النَّارِ».
Бир адам Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип, минтип айткан: Оо, Аллахтын Элчиси, менин мал-мүлкүмдү тартып алууну каалаган адамга эмне кылуум керек? Пайгамбар: Ага багынып, малыңды ага берүү сага милдет эмес, — деп айтты. Ал: Эгер ал мага кол салса, эмне кылам? — деди. Пайгамбар: Ага каршы күрөшүңө уруксат, — деди. Ал: Айтыңызчы, эгер ал мени өлтүрсө, (эмне болот)? — деди. Пайгамбар: Анда сен шейитсиң, — деп айтты. Ал: Айтыңызчы, эгер мен аны өлтүрсөм (эмне болот)? — деп сурады. Пайгамбар: Ал Кыямат күнү тозокто жазаланууга татыктуу, — деди.
Ан-Навави минтип айткан: Үй-бүлөнү (намысты) коргоо – эч кандай талашы жок важиб. Ал эми өз жанын коргоо максатында (кол салган адамды) өлтүрүү боюнча биздин мазхабда жана башка мазхабдарда талаш бар. Мал-мүлктү коргоо – жайыз (уруксат), бирок важиб эмес.
Бул хадис илимдин амалдан алдын турарына далил, анткени бул сахаба Аллахтын Элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) амал кылардан алдын өзүнө эмне милдет экендигин сураган.
Кол салган адам менен урушууну баштаардан мурда, насаат айтуу же жардамга чакыруу аркылуу андан баскыч-баскычы менен коргонуу зарыл. Эгерде аны менен уруша баштаса, анда анын максаты аны өлтүрүү эмес, андан коргонуу гана болуусу керек.
Мусулмандын каны, малы жана абийири – арам.
Ан-Навави минтип айткан: Билгин, шейиттер үч бөлүккө бөлүнөт. 1– Каапырлар менен болгон согушта согуштун себептеринен улам өлгөн адам. Бул адамга акырет сооптору боюнча да, дүйнө өкүмдөрү боюнча да шейиттик өкүм тиешелүү, б.а. ал жуулбайт жана ага жаназа да окулбайт. 2 – Дүйнө өкүмдөрүндө эмес, сооп алууда гана шейит эсептелгендер. Алар: ичи ооруп өлгөн адам, жугуштуу оорунун айынан өлгөн адам, дубал же башка нерсе урап, анын астында калып өлгөн адам, өз мал-мүлкүн коргоп жатып өлтүрүлгөн адам жана башка сахих хадистерде шейит деп аталгандар. Булар жуулуп, аларга жаназа окулат жана акыретте аларга шейиттердин сообу берилет, бирок алардын сообу биринчилердин сообундай болуусу шарт эмес. 3 – Олжодон уурдаган (кыянаттык кылган) жана ушул сыяктуулар. Эгер ал каапырлар менен болгон согушта өлтүрүлсө, ага "шейит" деген ат берилбей тургандыгы тууралуу хадистер (асарлар) келген. Мунун бул дүйнөдөгү өкүмү шейиттердикиндей болот: жуулбайт жана ага жаназа намазы окулбайт, бирок акыретте алардын (шейиттердин) толук сообуна ээ болбойт.
Сахих Муслим (1/ 124) (140).
Сахих Муслим (1/ 124) (140).
Дагы (12)
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (2/ 449).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (2/ 936).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (5/ 389).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (2/ 449).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (2/ 936).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (5/ 389).