Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир күнү минбарга отурду, биз да анын айланасына отурдук. Ошондо ал: «Чынында, мен өзүмдөн кийин силерге дүнүйөнүн кооздугу жана зыйнаты ачылып берилишинен (жана ага азгырылууңардан) коркомун», – деди. Бир адам: «Оо, Аллахтын элчиси, жакшылык жамандык алып келеби?» – деп сурады. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) унчукпай калды. Тиги адамга: «Сага эмне болду? Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы мактоосу болсун) сүйлөп жатасың, бирок ал сага жооп бербей жатат?» – дешти. Биз ага вахий түшүрүлүп жатканын байкадык. Анан ал (жүзүндөгү) терди аарчыды да: «Суроо берүүчү кайда?» – деди. Ал анын (суроосун) мактагандай болду. Андан соң мындай деди: «Чынында, жакшылык жамандык алып келбейт. Бирок, жаз өстүрүп чыгарган өсүмдүктөрдүн ичинде (мал көп жеп алса) өлтүрө тургандары же өлүмгө жакындата тургандары бар. Ал эми жашыл чөптү (ченем менен) жеген мал андай эмес: ал чөптү жейт, эки капталы кампайганда, күндү карап туруп, тезегин таштап, заарасын ушатат да, кайра жайылып оттой берет.Чынында, бул мал-дүйнө жашыл (кызыктыруучу) жана таттуу нерсе. Бул мал-дүйнөдөн кембагалга, жетимге жана жолоочуга (мусапырга) берген мусулман адам кандай жакшы дос! – же Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткандай. – Ал эми ким аны акысы жок (адилетсиздик менен) алса, ал жеп бирок тойбогон сыяктуу болот жана кыямат күнү ал (байлыгы) ага каршы күбө болот».
Абу Саид ал-Худриден (Аллах андан ыраазы болсун) риваят:
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир күнү минбарга отурду, биз да анын айланасына отурдук. Ошондо ал: «Чынында, мен өзүмдөн кийин силерге дүнүйөнүн кооздугу жана зыйнаты ачылып берилишинен (жана ага азгырылууңардан) коркомун», – деди. Бир адам: «Оо, Аллахтын элчиси, жакшылык жамандык алып келеби?» – деп сурады. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) унчукпай калды. Тиги адамга: «Сага эмне болду? Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы мактоосу болсун) сүйлөп жатасың, бирок ал сага жооп бербей жатат?» – дешти. Биз ага вахий түшүрүлүп жатканын байкадык. Анан ал (жүзүндөгү) терди аарчыды да: «Суроо берүүчү кайда?» – деди. Ал анын (суроосун) мактагандай болду. Андан соң мындай деди: «Чынында, жакшылык жамандык алып келбейт. Бирок, жаз өстүрүп чыгарган өсүмдүктөрдүн ичинде (мал көп жеп алса) өлтүрө тургандары же өлүмгө жакындата тургандары бар. Ал эми жашыл чөптү (ченем менен) жеген мал андай эмес: ал чөптү жейт, эки капталы кампайганда, күндү карап туруп, тезегин таштап, заарасын ушатат да, кайра жайылып оттой берет.Чынында, бул мал-дүйнө жашыл (кызыктыруучу) жана таттуу нерсе. Бул мал-дүйнөдөн кембагалга, жетимге жана жолоочуга берген мусулман адам кандай жакшы дос! – же Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткандай. – Ал эми ким аны акысы жок (адилетсиздик менен) алса, ал жеп бирок тойбогон сыяктуу болот жана кыямат күнү ал (байлыгы) ага каршы күбө болот».
أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ جَلَسَ ذَاتَ يَوْمٍ عَلَى المِنْبَرِ وَجَلَسْنَا حَوْلَهُ، فَقَالَ: «إِنِّي مِمَّا أَخَافُ عَلَيْكُمْ مِنْ بَعْدِي، مَا يُفْتَحُ عَلَيْكُمْ مِنْ زَهْرَةِ الدُّنْيَا وَزِينَتِهَا» فَقَالَ رَجُلٌ: يَا رَسُولَ اللَّهِ، أَوَيَأْتِي الخَيْرُ بِالشَّرِّ؟ فَسَكَتَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَقِيلَ لَهُ: مَا شَأْنُكَ؟ تُكَلِّمُ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ وَلاَ يُكَلِّمُكَ؟ فَرَأَيْنَا أَنَّهُ يُنْزَلُ عَلَيْهِ؟ قَالَ: فَمَسَحَ عَنْهُ الرُّحَضَاءَ، فَقَالَ: «أَيْنَ السَّائِلُ؟» وَكَأَنَّهُ حَمِدَهُ، فَقَالَ: «إِنَّهُ لاَ يَأْتِي الخَيْرُ بِالشَّرِّ، وَإِنَّ مِمَّا يُنْبِتُ الرَّبِيعُ يَقْتُلُ أَوْ يُلِمُّ، إِلَّا آكِلَةَ الخَضْرَاءِ، أَكَلَتْ حَتَّى إِذَا امْتَدَّتْ خَاصِرَتَاهَا اسْتَقْبَلَتْ عَيْنَ الشَّمْسِ، فَثَلَطَتْ وَبَالَتْ، وَرَتَعَتْ، وَإِنَّ هَذَا المَالَ خَضِرَةٌ حُلْوَةٌ، فَنِعْمَ صَاحِبُ المُسْلِمِ مَا أَعْطَى مِنْهُ المِسْكِينَ وَاليَتِيمَ وَابْنَ السَّبِيلِ - أَوْ كَمَا قَالَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ - وَإِنَّهُ مَنْ يَأْخُذُهُ بِغَيْرِ حَقِّهِ، كَالَّذِي يَأْكُلُ وَلاَ يَشْبَعُ، وَيَكُونُ شَهِيدًا عَلَيْهِ يَوْمَ القِيَامَةِ».
Бир күнү Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минбарга отуруп, сахабаларына сүйлөп жатып минтип айтты: Чындыгында, мен өзүмдөн кийин силер үчүн эң көп корккон нерсем – бул силерге ачыла турган жердин берекелери, дүйнөнүн көркү, кооздугу жана көркөмдүгү, ошондой эле андагы ар түрдүү дүйнөлүк пайдалар, кийим-кече, эгиндер жана убактылуу болгонуна карабастан адамдар кооздугу менен сыймыктанган башка нерселер. Ошондо бир адам мындай деди: «Дүйнө кооздугу – Аллахтын берген нээмат-жакшылыгы, анда ушул нээмат кайра азап жана жазага айланып калабы?!» Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) унчукпай калганын көргөн адамдар, аны ачуулантты деп ойлоп, сураган адамды жемелешти. Ошентип, Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) вахий түшүп жатканы билинди, анан чекесиндеги терди сүртүп мындай деди: «Суроо берген адам кайда?» Ал: "Мен" - деп жооп берди. Ал (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахка мактоолорду айтып, андан кийин мындай деди: «Чыныгы жакшылык жакшылыкты гана алып келет. Бирок бул дүйнөнүн кооздугу таза жакшылык эмес. Анткени ал фитнага, атаандашууга жана аны менен алек болуп, акыретке толук бет алуудан алаксытууга алып барат». Андан соң ал буга мисал келтирип, мындай деди: «Чындыгында, жазгы өсүмдүктөр жана анын жашыл чөптөрү – малга абдан жага турган өсүмдүктүн түрү. Аны көп жегендиктен мал көбүп өлөт же өлүмгө жакындайт. Бирок жашыл чөптү жеген мал андай эмес: ал эки капталы толгучакты жеп, андан кийин күнгө карап туруп, ичиндеги калдыктарды суюк кылып чыгарат же сийет, анан карынындагысын кайра чыгарып кепшейт да, чайнап жутат, андан соң кайра барып жей баштайт». Чындыгында, бул байлык жашыл, таттуу өсүмдүк сыяктуу кызыктырган нерсе. Анын көптүгү өлтүрөт же өлүмгө жакындатат. Бирок, муктаждык талап кылган аз гана нерсе менен чектелип, адал жол менен жетиштүүсүн алса, анда ал зыян келтирбейт. Андан кембагалга, жетимге жана мусапырга берген адам мусулмандын кандай гана жакшы жолдошу! Ким аны өз акысы менен алса, Аллах ага береке берет, ал эми ким аны акысы жок алса, ал жеп бирок тойбогон адам сыяктуу болот жана кыямат күнү ал ага каршы күбө болот.
Ан-Нававий минтип айткан: Мында мал-мүлктү адал жол менен таап, аны жакшылык жолдоруна жумшаган адам үчүн мал-мүлктүн пазилети жөнүндө айтылган.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтүнүн абалы, аларга ачыла турган бул дүйнө жашоосунун кооздугу жана анын азгырыктары тууралуу кабар берген.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир маанини элдин аң-сезимине жакындатып, түшүнүктүү болуусу үчүн ар түрдүү мисалдарды айтып түшүндүргөн.
Садака берүүгө жана мал-мүлктү жакшылык жолдоруна сарптоого кызыктырып, сараңдыктан сактанууга үндөө.
Анын: "Жакшылык жамандыкты алып келбейт" деген сөзүнөн төмөнкүдөй маани алынат: Ырыскы канчалык көп болсо да, ал жакшылыктардын катарына кирет. Ал эми ага жамандык бир гана сырттан кошулат: ал байлыкка татыктуу муктаж адамдардан аяп сараңдык кылуу жана шарият уруксат бербеген нерселерге ысырап кылып сарптоо себебинен гана келет. Аллах Таала эмнени "жакшылык" деп өкүм жазган болсо, ал эч качан жамандыкка айланбайт, жана тескерисинче (Аллах эмнени "жамандык" деп өкүм кылса, ал эч качан жакшылык болбойт). Бирок, жакшылык ырыскы кылып берилген адам, аны колдонууда өзүнө жамандыкты алып келе турган нерсеге кабылып калуусу мүмкүн.
Эгер жооп берүү ойлонууну талап кыла турган болсо, шашылыш жооп берүүнү таштоо.
Ат-Тайиби минтип айткан: Бул [мисалдан] адамдардын төрт түрү келип чыгат: Ким өтө ырахаттанып, аша чаап, берилип жеп, ал тургай кабыргалары шишип чыкканча жешин токтотпосо, ага өлүм-апаат тез жетет. Ким ошондой эле (аша чаап) жеп, бирок оору күч алгандан кийин гана андан кутулуунун айласын издесе, оору аны жеңип, жок кылат. Ким ошондой эле жеп, бирок зыяндуу нерсени тез арада кетирүүгө шашылса жана ал сиңип кеткичекти андан кутулуунун айласын кылса, ал саламат калат. Ал эми ким аша чаппай, ага берилбестен, болгону ачкачылыгын басып, жанын сактап калуучу өлчөм менен гана чектелсе. Биринчиси – каапырдын мисалы. Экинчиси – күнөөнү токтотуудан жана тообо кылуудан бейкапар болуп, убактысы өтүп (кеч болуп) калганда гана эсине келген күнөөкөрдүн мисалы. Үчүнчүсү – (жакшы менен жаман амалдарды) аралаш кылып, бирок тообо кабыл боло турган убакта тообо кылууга шашылган адамдын мисалы. Төртүнчүсү – бул дүйнөгө кызыкпаган (захид) жана акыретке умтулган адамдын мисалы.
Ибн Мунир минтип айткан: Бул хадисте бир нече кереметтүү салыштыруулар бар. Биринчиси: мал-мүлктүн жана анын өсүп-көбөйүшүнүн өсүмдүккө жана анын өнүп чыгышына салыштырылышы. Экинчиси: мал-мүлк топтоого жана анын жолдоруна өтө берилип кеткен адамды - көк чөпкө сугалактык менен жулунган мал-жандыкка салыштырылышы. Үчүнчүсү: мал-мүлктү көбөйтүүгө жана сактап топтоого болгон ачкөздүктү - тамакты ач көздүк менен жешке жана ага курсакты ашыкча толтуруп алууга салыштырылышы. Төртүнчүсү: напсиде мал-мүлктүн улук көрүнүп, чектен ашкан сарандыкка жеткиргенине карабастан, андан чыгарылган нерсенин (зекет, садака) мал-жандык бөлүп чыгарган тезекке салыштырылышы. Мында шариятта анын жийиркеничтүү нерсе экендигине кереметтүү ишарат бар. Бешинчиси: мал-мүлктү чогултуудан жана топтоодон оолак болгон адамдын - эс алып, күнгө кактанып капталынан жаткан койго салыштырылышы. Анткени бул анын эң бейпил жана тынч абалы болуп эсептелет, жана мында анын өз пайдасын түшүнө билгендигине ишарат бар. Алтынчысы: мал-мүлктү чогултуп, бирок (тийиштүү жерлерге) бербеген адамдын өлүмүн - өзүнө зыян тийгизүүчү нерседен сактануудан бейкапар болгон мал-жандыктын өлүмүнө салыштырылышы. Жетинчиси: мал-мүлктү — акыры барып душманга айланып кетүүсүнөн аман болууга (ишенүүгө) мүмкүн болбогон жолдошко салыштырылышы. Анткени, мал-мүлктүн табияты ушундай: ага болгон сүйүүнүн айынан ал бекем катылып, сакталат. Бул болсо аны татыктуу ээсинен тосууга алып келет жана аны жыйнаган адамдын жазаланышына себеп болот. Сегизинчиси: малды акысыз (адилетсиз) алган адамдын - жеп бирок эч тойбогон адамга салыштырышылы.
Ас-Синдий минтип айткан: Демек, бул (хадисте айтылган нерседе) эки нерсенин болуусу зарыл. Биринчиси: аны туура (адал) жол менен табуу. Экинчиси: аны тиешелүү жерлерине сарптоо. Эгерде бул экөөнүн бири жок болсо, анда ал зыянга айланат... Ошондой эле мындай деп да айтылат: мында бул эки шарттын бири-бири менен тыгыз байланыштуу экенине ишарат бар. Адам аны туура жол менен тапканда гана аны тиешелүү жерлерине сарптоого жеңилдик (тавфик) табат.
Сахих ал-Бухари (2/ 121) (1465).
Сахих Муслим (2/ 728) (1052).
Дагы (7)
فتح الباري لابن حجر (11/ 246).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 529).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 411).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (7/ 211).