Эгерде асыр намазынын убактысында айыз жана нифас каны токтогон болсо, ал аял бешим намазын асыр менен кошо окуш керекпи же асыр намазын гана окуйбу?
السؤال
1-суроо:
Эгерде асыр намазынын убактысында айыз жана нифас каны токтогон болсо, ал аял бешим намазын асыр менен кошо окуш керекпи же асыр намазын гана окуйбу?
س12: إذا طهرت الحائض أو النّفساء وقت العصر، فهل تلزمها صلاة الظّهر مع العصر، أو لا يلزمها سوى العصر فقط؟
الجواب
Жооп:
Бул маселеде эң туура пикир: Асыр намазын гана окуу керек. Анткени, ал аялга бешим намазынын парз экендигине эч кандай далил жок. Негизи адамга эч кандай милдеттер жүктөлбөйт деген эреже бар. Ошондой эле Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айткан:
«Кимде-ким күн батканга чейин асыр намазынын бир рекетин окууга жетишсе, анда асыр намазына толук жетишкен болот».
Ал бешим намазына жетишкенин айткан жок. Эгер бешим намазы парз болгондо, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, баяндап бермек. Анткени, эгер аялдын бешим убагы киргенден кийин айызы келсе, бешим намазынын казасын окуусу гана талап кылынат. Асырды окуусу талап кылынбайт. 12-суроодо суралган маселе менен бул маселенин ортосунда эч кандай айырма жок.
Ушундан улам эң туура көз караш – ал аял настан 6 жана ага кыястан 7 далил болгондугу үчүн асыр намазын гана окуусу керек. Куптан намазынын убактысы чыга электе айыз жана нифас каны токтогон аялдын абалы деле дал ушундай куптан намазын гана окуйт. Шам намазын окуу талаб кылынбайт.
ﺟ12: القول الراجح في هذه المسألة: أنه لا يلزمها إلا العصر فقط؛ لأنه لا دليل على وجوب صلاة الظّهر، والأصل براءة الذّمة، ثم إن النبي ﷺ قال:
«مَنْ أَدْرَكَ رَكْعَةً مِنَ الْعَصْرِ قَبْلَ أَنْ تَغْرُبَ الشَّمْسُ فَقَدْ أَدْرَكَ الْعَصْرَ» [1]،
ولم يذكر أنه أدرك الظّهر، ولو كان الظّهر واجبًا لبينه النبيّ ﷺ، ولأن المرأة لو حاضت بعد دخول وقت الظّهر لم يلزمها إلا قضاء صلاة الظّهر دون صلاة العصر، مع أن الظّهر تجمع إلى العصر، ولا فرق بينها وبين الصّورة التي وقع السّؤال عنها.
[2] البخاري، كتاب الصوم، باب الحائض تترك الصوم والصلاة (1951).
وعلى هذا يكون القول الراجح أنه لا يلزمها إلا صلاة العصر فقط؛ لدلالة النصّ والقياس عليها، وكذلك الشأن فيما لو طهرت قبل خروج وقت العشاء، فإنه لا يلزمها إلا صلاة العشاء، ولا تلزمها صلاة المغرب.