Айыз же нифас каны таң атканга чейин токтосо жана ал аял таң атканга чейин жуунбаса, орозосу туура болобу же жокпу?
السؤال
1-суроо:
Айыз же нифас каны таң атканга чейин токтосо жана ал аял таң атканга чейин жуунбаса, орозосу туура болобу же жокпу?
س7: إذا طهرت الحائض أو النّفساء قبل الفجر، ولم تغتسل إلا بعد الفجر، فهل يصحّ صومها، أو لا؟
الجواب
Жооп:
Ооба, айызы келген аялдын таң атканга чейин каны токтосо жана таң атканга чейин жуунбаса да орозосу туура болот. Нифас аял деле айыз көргөн аялдай. Анткени ал аял ошол убакта орозо парз болгон адамдардын катарында болуп, жунуб 5 болгон адамга окшош болот. Жунуб адам эгерде жунуб абалында таң аттырса да анын орозосу туура болот.
Алла Таала айтты: «Мына эми (Рамазандын түнүндө) аялыңарга жакындай бергиле жана Алла силерге жазган нерсеге аракет кылгыла. Таң эрте ак жиптен кара жипти айырмалап билмейинче жеп-иче бергиле». (Бакара: 187)
Алла Таала таң атканга чейин жыныстык мамилеге уруксат берсе, демек мындан таң аткандан кийин гусул алууга уруксат экени келип чыгат. Айша, радыяллаху анха, риваят кылат: «Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, аялы менен жакындык кылууда жунуб абалында орозо кармап таң аттырган".
Башкача айтканда, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, таң аткандан кийин жунуб болгондугу үчүн гусул алган.
ﺟ7: نعم، يصحّ صوم المرأة الحائض إذا طهرت قبل الفجر، ولم تغتسل إلا بعد طلوع الفجر، وكذلك النّفساء؛ لأنها حينئذٍ من أهل الصوم، وهي شبيهةٌ بمن عليه جنابةٌ، إذا طلع الفجر وهو جنبٌ فإن صومه يصحّ؛ لقوله تعالى:
﴿...فَٱلۡـَٰٔنَ بَٰشِرُوهُنَّ وَٱبۡتَغُواْ مَا كَتَبَ ٱللَّهُ لَكُمۡۚ وَكُلُواْ وَٱشۡرَبُواْ حَتَّىٰ يَتَبَيَّنَ لَكُمُ ٱلۡخَيۡطُ ٱلۡأَبۡيَضُ مِنَ ٱلۡخَيۡطِ ٱلۡأَسۡوَدِ مِنَ ٱلۡفَجۡرِ...﴾
[البقرة:187]،
وإذا أذن الله تعالى بالجماع إلى أن يتبين الفجر لزم من ذلك ألّا يكون الاغتسال إلا بعد طلوع الفجر، ولحديث عائشة رضي الله عنها
«أَنَّ النَّبِيَّ ﷺ كَانَ يُصْبِحُ جُنُبًا مِنْ جِمَاعِ أَهْلِهِ وَهُوَ صَائِمٌ» [1].
أي: أنه عليه الصلاة والسلام لا يغتسل عن الجنابة إلا بعد طلوع الصّبح.
[1] البخاري، كتاب الصوم، باب اغتسال الصائم (1931)، ومسلم، كتاب الصوم، باب صحة صوم من طلع عليه الفجر وهو جنب (75) (1109).