Аялдын айыз келүүсүнүн адаты сегиз же жети күн болуп келип кийин бул адатынан бир же эки жолу көбүрөөк келген болсо, анда анын өкүмү кандай болот?
- الموضوعات
- الطهارةأحكام الحيض والنفاس
- التصنيف الشرعي
- الفقهالطهارةالحيض والنفاس والاستحاضة
السؤال
1-суроо:
Аялдын айыз келүүсүнүн адаты сегиз же жети күн болуп келип кийин бул адатынан бир же эки жолу көбүрөөк келген болсо, анда анын өкүмү кандай болот?
س4: إذا كانت المرأة عادتها الشهرية ثمانية أيامٍ أو سبعة أيامٍ، ثم استمرت معها مرةً أو مرتين أكثر من ذلك، فما الحكم؟
الجواب
Жооп:
Эгер бул аялдын айыз келүүсүнүн адаты алты же жети күн болсо, бул мөөнөт узарып сегиз, тогуз, он же он бир күн болуп калса, ал айыз бойдон калып айызы токтомоюнча намаз окубайт.
Себеби, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айызды белгилүү бир убакытка чектеген эмес.
Алла Таала айтты: "Алар сенден айыз тууралуу сурашат, ал зыян деп айткын". (Бакара: 222)
Бул кан агып турганда ал айыз болуп эсептелет. Качан ал айызынан тазаланып, гусул алып жана намаз окуганга чейин. Эгер кийинки айда мурунку айдагы күнүнөн аз келип калса, анда мурунку айызын мөөнөтүндөй болбосо да айызы токтогон кезде гусул алып жууна берет.
Эң негизгиси, аялдын айызы келип турганда намаз окубайт. Анын айызы мурунку адатына туура келеби, же андан ашып кетеби же андан аз келеби айырмасы жок.
ﺟ4: إذا كانت عادة هذه المرأة ستة أيامٍ أو سبعةً، ثم طالت هذه المدة، وصارت ثمانيةً أو تسعةً أو عشرةً أو أحد عشر يومًا فإنها تبقى لا تصلّي حتى تطهر،
وذلك لأن النبي ﷺ لم يحد حدًّا معيّنًا في الحيض، وقد قال الله تعالى:
﴿وَيَسۡـَٔلُونَكَ عَنِ ٱلۡمَحِيضِۖ قُلۡ هُوَ أَذٗى...﴾
[البقرة:222]،
فمتى كان هذا الدم باقيًا فإن المرأة على حالها حتى تطهر، وتغتسل، ثم تصلّي، فإذا جاءها في الشهر الثاني ناقصًا عن ذلك فإنها تغتسل إذا طهرت وإن لم يكن على المدة السابقة.
والمهمّ أن المرأة متى كان الحيض معها موجودًا فإنها لا تصلّي، سواءٌ كان الحيض موافقًا للعادة السابقة، أو زائدًا عنها، أو ناقصًا، وإذا طهرت تصلّي.