Skip to content

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жунубдуктан жуунганда, алгач эки колун жууп, анан намазга даарат алгандай даарат алчу да, андан кийин толук жуунчу

Ыймандуулардын энеси Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жунубдуктан жуунганда, алгач эки колун жууп, анан намазга даарат алгандай даарат алчу да, андан кийин толук жуунчу . Кийин чачтарынын арасына колун салып, терисине чейин суу жеткени анык болгонго чейин аралатчу. Башына сууну ич ирет куйчу. Анан бүт денесин (суу куюп) жуучу. (Айша) дагы кошумчалайт: Мен, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) экөөбүз тең чогуу сузуп алып, бир идиштен жуунат элек.

كَانَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ إِذَا اغْتَسَلَ مِنَ الجَنَابَةِ، غَسَلَ يَدَيْهِ، وَتَوَضَّأَ وُضُوءَهُ لِلصَّلاَةِ، ثُمَّ اغْتَسَلَ، ثُمَّ يُخَلِّلُ بِيَدِهِ شَعَرَهُ، حَتَّى إِذَا ظَنَّ أَنَّهُ قَدْ أَرْوَى بَشَرَتَهُ، أَفَاضَ عَلَيْهِ المَاءَ ثَلاَثَ مَرَّاتٍ، ثُمَّ غَسَلَ سَائِرَ جَسَدِهِ، وَقَالَتْ: كُنْتُ أَغْتَسِلُ أَنَا وَرَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ مِنْ إِنَاءٍ وَاحِدٍ، نَغْرِفُ مِنْهُ جَمِيعًا.

Бухари жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жунубдуктан жуунмакчы болгондо, колдорун жуудан баштаган. Кийин намазга даарат алгандай даарат алган. Андан кийин бүт денесине суу куйган. Кийин чачтарынын арасына колун салган. Чачтарынын түбүнө, терисине чейин суу жетти деп ишенгенге чейин колун салып аралаткан. Башына сууну үч жолу куйган, анан бүт денесине суу куюп жууган. Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Мен, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) экөөбүз тең чогу сузуп алып, бир идиштен жуунат элек.

Сөздөрдүн маанилери

ثُمَّ يُخَلِّلُ بِيَدَيْهِ شَعْرَهُ: التخليل هنا إدخال الأصابع المبتلة بين أجزاء الشعر.

أَنَّهُ قَدْ أَرْوَى بَشَرَتَهُ: أوصل الماء إلى أصول الشعر، والبشرة المرادة هنا: ظاهر الجلد المستور بالشعر.

Хадистин пайдалары

Жуунуу эки түрдүү болот: Толук жуунуу, жарым-жартылай жуунуу. Жарым-жартылай жууну дегени, мында киши тазаланууну (дааратты) ниет кылат, анан оозу, мурдун чайкоо менен бирге бүт денесине суу тийгизет. Ал эми толук жуунуу дегени, жогорудагы хадисте айтылган пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жуунуусундай жуунуу.

Уруктук суусу түшкөндө, же жыныстык катнаш кылып, бирок уруктугу түшпөсө да жунубдук пайда болот.

Жубайлар бири-биринин авретин караса жана бир идиштен жуунса жайыз.

Булактар

Сахих ал-Бухари (1/ 63) (272.

273).

Дагы (6)

الإلمام بشرح عمدة الأحكام.

لإسماعيل الأنصاري (1/ 48).

تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.

للبسام (ص62).

خلاصة الكلام شرح عمدة الأحكام.

لفيصل آل مبارك (ص33).