Чындыгында, Аллах ушул себептүү ага бейишти важип кылды, же ушул себептүү аны тозоктон азат кылды
- التصنيف الشرعي
- الفضائل والآدابفضائل الأعمال الصالحة
Момундардын энеси Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
Мага эки кызын көтөргөн бир бей-бечара аял келди, мен ага үч курма бердим. Ал алардын ар бирине бирден курма берди да, өзү жеш үчүн бир курманы оозуна алып барды. Ошондо эки кызы андан тамак сурашты эле, ал өзү жейин деп жаткан курманы экөөнө бөлүп берди. Анын бул иши мени таң калтырды, анан анын кылганын Аллахтынэ Элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтып бердим. Ошондо ал: «Чындыгында, Аллах ушул себептүү ага бейишти важип (милдеттүү) кылды, же ушул себептүү аны тозоктон азат кылды», - деп айтты.
جَاءَتْنِي مِسْكِينَةٌ تَحْمِلُ ابْنَتَيْنِ لَهَا، فَأَطْعَمْتُهَا ثَلَاثَ تَمَرَاتٍ، فَأَعْطَتْ كُلَّ وَاحِدَةٍ مِنْهُمَا تَمْرَةً، وَرَفَعَتْ إِلَى فِيهَا تَمْرَةً لِتَأْكُلَهَا، فَاسْتَطْعَمَتْهَا ابْنَتَاهَا، فَشَقَّتِ التَّمْرَةَ الَّتِي كَانَتْ تُرِيدُ أَنْ تَأْكُلَهَا بَيْنَهُمَا، فَأَعْجَبَنِي شَأْنُهَا، فَذَكَرْتُ الَّذِي صَنَعَتْ لِرَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَقَالَ: «إِنَّ اللهَ قَدْ أَوْجَبَ لَهَا بِهَا الْجَنَّةَ، أَوْ أَعْتَقَهَا بِهَا مِنَ النَّارِ».
Момундардын энеси Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Эки кызын көтөргөн бир бечара аял келип андан сураганда, ал ага үч курма берди. Аял эки кызынын ар бирине бирден курма берди жана өзү жеш үчүн бир курманы оозуна алып барды. Ошондо кыздары ал жейин деп жаткан курманы сурашты. Ал курманы экөөнө бөлүп берди. Аялдын бул иши Айшаны (Аллах андан ыраазы болсун) таң калтырды жана ал аялдын кылган иши жөнүндө Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтып берди. Ошондо ал минтип айтты: Чындыгында, Аллах ушул курмасы себептүү ага бейишти важип кылды, же аны ошол себептүү тозоктон азат кылды.
Садака аз болсо дагы, анын артыкчылыгы бар жана ал момундун өз Раббисине болгон ыйманынын чынчылдыгына, Анын убадасына жана пазилетине ишенгендигине далил болот.
Эненин баласына карата болгон мээриминин күчтүүлүгү жана анын кор болуусунан коркуусу.
Өзгөнү өзүнөн артык көрүүнүн, жаш балдарга мээрим төгүүнүн жана кыздарга көбүрөөк жакшы мамиле кылып, боорукер болуунун артыкчылыгы. Анткени бул бейишке кирүүгө жана тозоктон кутулууга себеп болот.
Аз нерсени кичине деп санап, аны садака кылуудан баш тартпоо керек. Тескерисинче, садака берүүчү аз болобу, көп болобу колунан келишинче садака кылуусу керек.
Мында Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үйлөрү кандай абалда болгондугу, анын жана үй-бүлөсүнүн кандай жашоо өткөргөндүгү, ошондой эле алардын үйүндө бир же үч курмадан башка жей турган эч нерсе болбогондугу баяндалат.
Сахих Муслим (4/ 2027) (2630).
Сахих Муслим (4/ 2027) (2630).
Дагы (12)
تطريز رياض الصالحين.
لفيصل آل مبارك (ص199).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (3/ 111).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 278).
تطريز رياض الصالحين.
لفيصل آل مبارك (ص199).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (3/ 111).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 278).
Китептерде келтирилген
2 КитептерДагы (2)
- المنتقى من المتجر الرابح في ثواب العمل الصالح - المعتمدالمنتقى من المتجر الرابح في ثواب العمل الصالحجاءتني مسكينة تحمل ابنتين لها، فأطعمتها ثلاث تمرات، فأعطت كل واحدة منهما تمرة، ورفعت إلى فيها تمرة لتأكلها، فاستطعمتها ابنتاها، فشقت التمرة، التي كانت تريد أن تأكلها بينهما، فأعجبني شأنها، فذكرت الذي صنعت لرسول الله صلى الله عليه وسلم فقال:
- رياض الصالحينرياض الصالحين مع فوائد وهدايات - 2«إنَّ اللهَ قَدْ أوْجَبَ لهَا بِهَا الجَنَّةَ، أَوْ أَعْتَقَهَا بِهَا مِنَ النَّارِ».