Аллахтын Элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки иштин бирин тандоо сунушталса, эгер ал күнөө болбосо, дайыма жеңилирээгин тандачу. Ал эми күнөө иш болсо, адамдардын ичинен андан эң алыс турганы Пайгамбарыбыз эле.
Момундардын энеси Айша (Аллах андан ыраазы болсун) минтип айтат:
«Аллахтын Элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки иштин бирин тандоо сунушталса, эгер ал күнөө болбосо, дайыма жеңилирээгин тандачу. Ал эми күнөө иш болсо, адамдардын ичинен андан эң алыс турганы Пайгамбарыбыз эле. Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эч качан өзү үчүн өч алган эмес. Ал эми Аллахтын тыюулары бузулуп, арам иштер жасалган учурда, Жараткандын акысы үчүн гана адилеттүү жазасын берчү».
مَا خُيِّرَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ بَيْنَ أَمْرَيْنِ إِلَّا أَخَذَ أَيْسَرَهُمَا، مَا لَمْ يَكُنْ إِثْمًا، فَإِنْ كَانَ إِثْمًا كَانَ أَبْعَدَ النَّاسِ مِنْهُ، وَمَا انْتَقَمَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ لِنَفْسِهِ إِلَّا أَنْ تُنْتَهَكَ حُرْمَةُ اللَّهِ، فَيَنْتَقِمَ لِلَّهِ بِهَا.
Момундардын энеси Айша (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) улуу кулк-мүнөзү тууралуу кабарлап, мындай дейт: «Пайгамбарыбызга эки иштин бирин тандоо сунушталганда, эгер ал күнөө иш болбосо, дайыма жеңилирээгин тандачу. Себеби ал күнөөдөн адамдардын эң алыс турганы эле». Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эч качан өзү үчүн өч алган эмес. Тескерисинче, дайыма жумшактык кылып, өз акысынан кечип жиберчү. Ал эми Аллахтын тыюулары бузулган учурда, Жараткандын акысы үчүн гана чара көрүп (адилеттүүлүктү орнотуп), Аллахтын дини үчүн баарынан катуу ачууланат эле.
Эгерде ал иш күнөөгө алып барбаса, анда анын жеңилин тандоо абзел.
Исламдын жеңилдиги.
Аллах Таала үчүн ачуулануунун шарияттуулугу.
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жумшактыгы, сабырдуулугу жана Аллах Тааланын чектерин тургузууда акыйкатты жүзөгө ашыруусу.
Ибн Хажар мындай деген: «Бул хадисте ашыкча кыйынчылыктан (убаракерчиликтен) оолак болуу, жеңил нерсе менен гана канааттануу жана зарылчылыгы жок нерсеге ашыкча өжөрлөнбөө (өжөрлүк кылбоо) айтылган».
Аллах Тааланын акыларынан башка учурларда кечиримдүүлүккө кызыктыруу.
Сахих ал-Бухари (4/ 189) (3560).
Сахих Муслим (4/ 1813) (2327).
Сахих ал-Бухари (4/ 189) (3560).
Сахих Муслим (4/ 1813) (2327).
Дагы (10)
فتح الباري لابن حجر (575/6).
شرح صحيح مسلم (83/15).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (601/9).
شرح رياض الصالحين لابن عثيمين (587/3).
فتح الباري لابن حجر (575/6).
شرح صحيح مسلم (83/15).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (601/9).
شرح رياض الصالحين لابن عثيمين (587/3).
Китептерде келтирилген
2 КитептерДагы (2)
- الحقيقة المُبْهِرَة في العلاقة بين الإسلام والإنسان(وما خُيِّر رسول الله صلى الله عليه وسلم بين أمرين إلا أخذ أيسرهما، ما لم يكن إثماً، فإن كان إثماً كان أبعد الناس منه)[173].
- مشروع المنهج التعليميمادة الحديث مستوى 1«مَا خُيِّرَ رَسُولُ اللهِ ﷺ بَيْنَ أَمْرَيْنِ إِلَّا أَخَذَ أَيْسَرَهُمَا، مَا لَمْ يَكُنْ إِثْمًا، فَإِنْ كَانَ إِثْمًا كَانَ أَبْعَدَ النَّاسِ مِنْهُ، وَمَا انْتَقَمَ رَسُولُ اللهِ ﷺ لِنَفْسِهِ إِلَّا أَنْ تُنْتَهَكَ حُرْمَةُ اللهِ، فَيَ