Skip to content

"Убакыт тарымайынча кыямат кайым болбойт

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

"Убакыт тарымайынча кыямат кайым болбойт . Жыл айдай болуп калат. Ай аптадай болот. Апта күндөй эле болуп калат. Күн сааттай болот. А саат болсо куураган курма жалбырагын күйгүзгөндөй (жалт этип) өтөт".

«لَا تَقُومُ السَّاعَةُ حَتَّى يَتَقَارَبَ الزَّمَانُ، فَتَكُونَ السَّنَةُ كَالشَّهْرِ، وَيَكُونَ الشَّهْرُ كَالْجُمُعَةِ، وَتَكُونَ الْجُمُعَةُ كَالْيَوْمِ، وَيَكُونَ الْيَوْمُ كَالسَّاعَةِ، وَتَكُونَ السَّاعَةُ كَاحْتِرَاقِ السَّعَفَةِ الْخُوصَةُ».

Ахмад жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) убакыттын таруусу кыяматтын белгиси экенин кабарлаган. Ошентип жыл ай өткөндөй өтөт. Ай апта өткөндөй өтөт. Апта күн өткөндөй өтөт. Күн болсо бир саат өткөндөй өтөт. Саат курманын кургак жалбырагы жалп күйүп кайра өчкөндөй өтө бат өтөт.

Сөздөрдүн маанилери

...:

Хадистин пайдалары

Убакыттын берекесинин кетиши же анын бат өтүүсү кыяматтын белгилеринен бири.

Булактар

Муснад Ахмад (16/ 550) (10943).

Дагы (4)

معالم السنن (4/341).

فتح الباري (13/16).

شرح سنن أبي داود لابن رسلان (16/678).

تحفة الأحوذي (6/514).