Биз пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге саарлык кылдык, андан кийин ал намазга турду. Мен: «Азан менен саарлыктын ортосунда канча убакыт бар эле?» — деп сурадым. Ал: «Элүү аят окуганчалык өлчөмдөй»,— деп жооп берди.
Зайд ибн Саабит (Аллах андан ыраазы болсун) айтты:
«Биз пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен саарлык кылдык, анан ал намазга турду. Мен: «Азан менен саарлыктын ортосунда канча убакыт бар эле?» — деп сурадым. Ал: «Элүү аят окуганчалык өлчөмдөй»,— деп жооп берди.
تَسَحَّرْنَا مَعَ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، ثُمَّ قَامَ إِلَى الصَّلاةِ، قُلْتُ: كَمْ كَانَ بَيْنَ الأَذَانِ وَالسَّحُورِ؟ قَالَ: قَدْرُ خَمْسِينَ آيَةً.
Кээ бир сахабалар (Аллах алардан ыраазы болсун) пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен саарлык кылышты. Андан кийин пайганбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) багымдат намазына турду. Анас Зайд ибн Саабиттен (Аллах андан ыраазы болсун) мынтип сурады: «Азан менен саарлыкты бүтүрүүнүн ортосунда канча убакыт бар эле?» Зайд (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: «Узун да, кыска да эмес, орточо элүү аятты тез да, жай да эмес окугандын өлчөмүндөй».
Саарлыкты багымдатка бир аз калганга чейин кечиктирүүдө өзгөчө артыкчылык бар. Анткени аны кечиктирген учурда дененин андан ала турган пайдасы чоңураак болуп, күндүзү орозо кармоо кыйла жеңилдейт.
Сахабалар андан үйрөнүү үчүн Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен жолугушууга өтө ынтызар болушкан.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларына ар дайым жакшы мамиле жасап, алар менен бирге тамактанчу.
Ооз бекитүү убагы – таңдын атышы.
Анын: «Азан менен саарлыктын ортосунда канча убакыт болгон?» — деген сөзүндө саарлык менен кооматтын ортосу максат кылынган. Анткени башка хадисте: «Ал экөөнүн саарлыкты бүтүрүүсү менен намазга кирүүсүнүн ортосунда канча убакыт болгон?» — деп айтылган жана хадистер бири-бирин чечмелейт.
Мухаллаб мындай дейт: «Бул жерде убакыттын дене амалдары менен өлчөнүшү айтылат. Арабдар убакытты күнүмдүк иш-аракеттер менен өлчөп, мисалы, "кой саап алгыдай убакыт" же "төө сойгончолук убакыт" дешчү. Бирок Зайд ибн Сабит (Аллах андан ыраазы болсун) мындай өлчөөлөрдөн баш тартып, убакытты Куран окуу менен өлчөгөн. Бул ошол убакыттын Куран окуп, ибадат кыла турган берекелүү учур экенине ишарат кылат. Эгерде алар убакытты күнүмдүк иштерден башка нерсе менен өлчөй турган болушса, анда байыркы астрономиялык терминдер менен "бир даража өлчөмүндөй" же "бир сааттын бештен биринин үчтөн бириндей" деп айтышмак».
Ибн Абу Жамра минтип айткан: «Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтүнө эмне жеңил болсо, ар дайым ошону карап аткарчу. Анткени ал саарлык кылбай койсо, сахабалары аны ээрчип орозо кармашмак жана бул алардын кээ бирлерине кыйынчылык туудурмак. Ал эми түндүн ортосунда саарлык кылса, уйкусун жеңе албаган кээ бирөөлөргө машакат жаратмак. Бул акыр аягы багымдат намазын өткөрүп жиберүүгө алып бармак же уктабай чыгуу үчүн ашыкча кыйынчылык тартууга мажбур кылмак».
Сахих ал-Бухари (3/ 29) (1921).
Сахих Муслим (2/ 771) (1097).
Дагы (6)
تيسير العلام.
لعبد الله البسام (ص318).
تنبيه الأفهام شرح عمدة الأحكام.
لابن عثيمين (3/ 418).
خلاصة الكلام على عمدة الأحكام.
لفيصل آل مبارك (ص147).