Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 11

Чыпкаларды алып салуу
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки мүрзөнүн жанынан өтүп баратып: "Бул экөө азапталып жатат. (Өздөрүнүн оюндагы) чоң эмес күнөө себептүү азапталып жатат. Экөөнүн бири заарасынан тазаланбайт эле. Ал эми экинчиси ушак-айың таратып басып жүрчү" - деди. Анан кургай элек бутакты алып, тең ортосунан жарды да, эки мүрзөнүн ар бирине бир-бирден сайып койду. О, Аллахтын элчиси, эмне үчүн мындай кылдың? - деп сурашты. "Ушул бутактар соолуп калганга чейин алардын азабы жеңилдесе ажеп эмес" деди ал.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Бир киши экинчи бир кишинин кабырынын жанынан өтүп бара жатып: "Аттиң десе, ушунун ордунда мен болуп калганымда" деп (самап) калмайынча кыямат болбойт".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Бир кишиге менин бир хадисим жетсе, ал сөөрүсүндө жөлөнүп отуруп алып: «Силер менен биздин ортобузда Аллахтын Китеби бар. Андан адал деп тапканыбызды адал кылабыз, арам деп тапканыбызды арам кылабыз. Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) арам кылган нерсени Аллах арам кылган» - деп айтуусуна жакын калбадыбы?!.
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ибн Маажа жазып калтырган.
«Кыяматтын белгилери болгон кезде илим көтөрүлөт, наадандык көбөйөт, зина көбөйүп, арак көп ичилет. Эркектер азайып, аялдар көбөйөт. Камсыз кылган ар бир эркекке элүү аял туура келет»
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Күн батыштан чыкмайынча, Кыямат болбойт. Качан күн батыштан чыкканда аны адамдар көрүшүп баары ыйман келтиришет. Мына ошол ушул аятта айтылган убакыт: «Эгерде мурда ыйман келтирбеген болсо же ыйманы менен жакшылык таппаса, анда ал кезде анын ыйман келтиргени ага пайда бербейт». (Анаам, 158) Кыямат келгенде эки адам кийимдерин сатууга коюшат, бирок алар аны сата албай калышат жана кайра бүктөп ала алышпайт. Кыямат келгенде бир адам төөнүн сүтүн саап келет, бирок иче албай калат. Кыямат келгенде бир адам суу куйганы чуңкурун жасап чыгат, бирок ага суу толтура албай калат. Кыямат келгенде силерден бирөө тамагын оозуна алып барат, бирок аны жей албай калат».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Силер яхудийлер менен согушмайынча Кыямат болбойт. Ошондо таштын артында яхудий турса, таш: «Эй мусулман, менин артымда бир жөөт бар, аны өлтүр!» - деп айтат».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Менин үммөтүмдүн акыркыларынан силер да, силердин атаңар да укпаган нерсени айта турган адамдар чыгат. Андыктан силер да алардан сак болгула".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Жаным Анын колунда турганга (Аллахка) ант ичип айтам, силерге Мариямдын уулу түшүп, адилеттүү өкүмдар болоруна аз калды. Ал крестти сындырат, чочкону өлтүрөт, салыкты (жизя) жок кылат, мал-мүлк аябай көбөйүп, аны эч ким албай калат".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)