Skip to content

Ал уятсыз да, уятсыз сөздөрдү сүйлөгөн да адам эмес эле жана базарларда кыйкырып сүйлөөчү эмес. Ал жамандыкка жамандык менен жооп кайтарбастан, тескерисинче, кечиримдүү болуп, жакшылык менен жооп берчүү.

Абу Абдулла ал-Жадали айтат: Мен момундардын энеси Айшадан (Аллах андан ыраазы болсун) Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кулк-мүнөзү жөнүндө сураганымда, ал мынтип айтты:

"Ал уятсыз да, уятсыз сөздөрдү сүйлөгөн да адам эмес эле жана базарларда кыйкырып сүйлөөчү эмес. Ал жамандыкка жамандык менен жооп кайтарбастан, тескерисинче, кечиримдүү болуп, жакшылык менен жооп берчүү."

لَمْ يَكُنْ فَاحِشًا وَلَا مُتَفَحِّشًا وَلَا صَخَّابًا فِي الْأَسْوَاقِ، وَلَا يَجْزِي بِالسَّيِّئَةِ السَّيِّئَةَ وَلَكِنْ يَعْفُو وَيَصْفَحُ.

Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Момундардын энеси Айшадан (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кулк-мүнөзү тууралуу суралганда. Ал: "Сөзүндө да, ишинде да уятсыздык жана жамандык кылуу анын табиятында жок эле. Ал мындайды максат да кылган эмес, атайылап жасаган да эмес. Базарларда үнүн көтөрүп кыйкырчу да эмес эле. Жамандыкка жамандык менен жооп кайтарчу эмес, тескерисинче, жакшылык менен жооп кайтарып, ичинен кечиримдүү болуп, сыртынан да кечирип, ага көңүл бурчу эмес" - деди.

Хадистин пайдалары

Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жогорку көркөм мүнөздүн ээси болгондугу жана жаман кулк-мүнөздөрдөн алыс болгондугун баяндоо.

Жакшы кулк-мүнөздүү болууга кызыктыруу жана жаман кулк-мүнөздөрдөн алыс болуу.

Башкаларды иренжиткен жаман сөз сүйлөөнү айыптоо.

Адамдарга үн көтөрүүнү жана аларга кыйкырууну айыптоо.

Жамандыкка жакшылык менен жооп берүүгө, кечиримдүүлүккө жана айкөлдүккө үндөө.

Булактар

Сунан ат-Тирмизи (3/ 437) (2016).

Муснад Ахмад (42/ 256) (25417).

Сунан ат-Тирмизи (3/ 437) (2016).

Муснад Ахмад (42/ 256) (25417).

Дагы (14)

فتح الباري شرح صحيح البخاري.

لابن حجر(6/ 575).

إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري.

القسطلاني (9/ 30).

معجم اللغة العربية المعاصرة (2/ 1629).

مرقاة المفاتيح شرح مشكاة المصابيح.

لعلي القاري (9/ 3717).

فتح الباري شرح صحيح البخاري.

لابن حجر(6/ 575).

إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري.

القسطلاني (9/ 30).

معجم اللغة العربية المعاصرة (2/ 1629).

مرقاة المفاتيح شرح مشكاة المصابيح.

لعلي القاري (9/ 3717).