Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дааратканага киргенде, мен жана мен курактуу бир бала тери идишке суу жана таякча көтөрүп алчубуз, анан ал суу менен истинжа кылат эле.
Анас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дааратканага киргенде, мен жана мен курактуу бир бала тери идишке суу жана таякча көтөрүп алчубуз, анан ал суу менен истинжа кылат эле.
كَانَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَدْخُلُ الْخَلَاءَ، فَأَحْمِلُ أَنَا وَغُلَامٌ نَحْوِي إِدَاوَةً مِنْ مَاءٍ وَعَنَزَةً فَيَسْتَنْجِي بِالْمَاءِ.
Анас ибн Малик (Аллах андан ыраазы болсун) мындай деп кабарлайт: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) даарат ушатканы чыкканда, ал жана өзүнө жашташ дагы бир кызматчы бала экөө артынан ээрчип барышчу. Алар өздөрү менен бирге намазда алдына тосмо (сутра) кылуу же үстүнө бир нерсе илип далдаалануу үчүн найзанын учундай учтуу темир бекитилген таяк алып жүрүшчү. Ошондой эле ичине суу толтурулган териден жасалган кичинекей идишти кошо ала барышчу. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) даарат ушатып бүткөндө, экөөнүн бири ага идишти сунуп, ал суу менен истинжа кылаар эле.
Мусулман адам ажат өтөө учурунда тазалануучу нерсесин даярдап алышы керек; ал ордунан турууга муктаж болуп, нажасатка булганып калбашы үчүн.
Ажат өтөөдө эч ким көрбөшү үчүн аврат жерлерин жабуу; анткени авратты кароо арам, ошондуктан ал таякты жерге сайып, ага тосо турган чүпүрөктү байлап коёт эле.
Балдарга Ислам адептерин үйрөтүү жана муундан-муунга мурас кылып калтыруулары үчүн аларды ушул адептерге тарбиялоо.
Сахих ал-Бухари (1/ 42) (152).
Сахих Муслим (1/ 227) (271).
Сахих ал-Бухари (1/ 42) (152).
Сахих Муслим (1/ 227) (271).
Дагы (12)
تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.
لعبد الله البسام (ص40).
تنبيه الأفهام شرح عمدة الأحكام.
لابن عثيمين (1/ 43).
الإفهام في شرح عمدة الأحكام.
لابن باز (ص84).
تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.
لعبد الله البسام (ص40).
تنبيه الأفهام شرح عمدة الأحكام.
لابن عثيمين (1/ 43).
الإفهام في شرح عمدة الأحكام.
لابن باز (ص84).