Skip to content

"Тилиң ар дайым Аллахты зикир кылуу менен нымдалып турсун

Абдулла бин Буср (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбызга бир киши келип: "О Аллахтын элчиси! Ислам шарияты (напил амалдар) бизге көптүк кылып жатат. Анын баарына татый турган дайыма аткарып жүрө турган амал барбы?" - деп сурады. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди:

"Тилиң ар дайым Аллахты зикир кылуу менен нымдалып турсун". Дагы бир айтымда: Муаз бин Жабал (ага Аллах ыраазы болсун) айткан хадисте: Мен Аллахтын элчисинен эң акыркы сураганым: "Кайсы амал Аллахка жакын жана жагымдуу" деген суроо болду. Ал: "Сен Аллахты зикир кылуу менен тилиң нымдалган абалда өлүүң" - деди.

«لاَ يَزَالُ لِسَانُكَ رَطْبًا مِنْ ذِكْرِ اللَّهِ». وفي رواية: مِنْ حَدِيثِ مُعَاذِ بْنِ جَبَلٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ: آخِرُ مَا فَارَقْتُ عَلَيْهِ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَنْ قُلْتُ: أَيُّ الأَعْمَالِ خَيْرٌ وَأَقْرَبُ إِلَى اللَّهِ؟ قَالَ: «أَنْ تَمُوتَ وَلِسَانُكَ رَطْبٌ مِنْ ذِكْرِ اللَّهِ عَزَّ وَجَلَّ».

Ахмад, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ибн Хиббан риваят кылган
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Бир киши Аллахтын элчисине келип, напил ибадаттарды аткарууга алсыздык кылып жатканын айтып даттанат. Анан Аллахтын элчисинен ага аткарууга жеңил, сообу көп бир ибадатты үйрөтүүсүн суранат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бардык убакта жана абалда Аллахка тасбих айтып, мактоо айтып, кечирим тилеп, дуба кылып тили кыймылдап, нымдалып туруусун айтып жол көрсөтөт.

Хадистин пайдалары

Аллах Тааланы дайыма зикир кылуунун артыкчылыгы.

Соопко жетүүнүн жолдорун жеңил кылганы Аллах Тааланын берешендигинен.

Пенделердин жакшылыктагы насиптери да ар түрдүү болот.

Аллах Таалага тасбих, мактоо, тахлил, такбир ж.б. зикирлерди ар дайым тил менен айтып, жүрөк менен тастыктоо башка көптөгөн напил ибадаттардын ордуна жүрөт.

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар дайым өзүнө суроо бергендердин абалын эске алып, ар бирине шартына, мүмкүнчүлүгүнө жараша жооп берген.

Булактар

Сунан ат-Тирмизи (5/ 318) (3375).

Сунан Ибн Маажа (4/ 707) (3793).

Муснад Ахмад (29/ 226) (17680).

Дагы (8)

جامع العلوم والحكم في شرح خمسين حديثا من جوامع الكلم.

لابن رجب الحنبلي (2/ 510).

التحفة الربانية في شرح الأربعين حديثًا النووية.

لإسماعيل الأنصاري (ص104).

فتح القوي المتين في شرح الأربعين وتتمة الخمسين.

للنووي وابن رجب (ص154).

الأحاديث الأربعون النووية وعليها الشرح الموجز المفيد.

لعبد الله بن صالح المحسن (ص93).