Skip to content

"Мен мусулман болууну каалап, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, алдына келдим, ал мага суу жана сидр (лотос) жалбырактары менен жуунууну буйруду".

Кайс бин Асим, радыяллаху анху, риваят кылат:

"Мен мусулман болууну каалап, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, алдына келдим, ал мага суу жана сидр (лотос) жалбырактары менен жуунууну буйруду".

أتيتُ النبيَّ صلى الله عليه وسلم أُريدُ الإسلامَ، فأَمَرَني أن أغتَسِلَ بماءٍ وسِدرٍ.

Абу Дауд, ат-Тирмизи жана ан-Насааи жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Кайс бин Асим Ислам динин кабыл алгысы келгендиктен Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, келгенде ага суу жана сидр дарагынын жалбырактары менен жуунууну буйруду. Анткени сидр дарагынын жалбырактары тазалоосу болгону үчүн жана жагымдуу жыты болгону үчүн колдонулат.

Хадистин пайдалары

Каапыр адам Исламды кабыл алгандагы жуунуусу шарият мыйзамына киргизилген.

Ислам дини денеге да жана руханий байлыкка да чогуу көңүл бурат.

Сууга таза нерселерди аралаштыруу аны тазалыгынан чыгарбайт.

Сидрдин ордун самын жана башка ушул сыяктуу заманбап жуучу каражаттарды иштетсе болот.

Булактар

Сунан Абу Дауд (1/ 266) (355).

Сунан ат-Тирмизи (1/ 595) (605).

Сунан ан-Насааи (1/ 109) (188).

Дагы (3)

معالم السنن (1/111).

ذخيرة العقبى (4/131).

شرح سنن أبي داود للعباد (54/ 10).