Skip to content

Ал туура чыгып калган сөздү жиндер уурдап келип (көзү ачык) досунун кулагына тоок какылыктагандай какылдайт. Алар болсо ага жүздөн ашык жалганды аралаштырып айтат"-деп айтты.

Аиша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:

Адамдар Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көзү ачыктар тууралуу сурашты. Ал: "Алар эч нерсе кыла албайт" - деди. О, Аллахтын элчиси, кээде алардын айтканы туура чыгып калып жатпайбы - дешти. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Ал туура чыгып калган сөздү жиндер уурдап келип (көзү ачык) досунун кулагына тоок какылыктагандай какылдайт. Алар болсо ага жүздөн ашык жалганды аралаштырып айтат"-деп айтты.

سَأَلَ أُنَاسٌ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ عَنِ الْكُهَّانِ، فَقَالَ لَهُمْ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «لَيْسُوا بِشَيْءٍ» قَالُوا: يَا رَسُولَ اللهِ، فَإِنَّهُمْ يُحَدِّثُونَ أَحْيَانًا بِالشَّيْءِ يَكُونُ حَقًّا، فَقَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «تِلْكَ الْكَلِمَةُ مِنَ الْحَقِّ يَخْطَفُهَا الْجِنِّيُّ فَيَقُرُّهَا فِي أُذُنِ وَلِيِّهِ قَرَّ الدَّجَاجَةِ، فَيَخْلِطُونَ فِيهَا أَكْثَرَ مِنْ مِائَةِ كَذْبَةٍ».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тычтыгы жана мактоосу болсун) келечектеги кайып кабарлар тууралуу айткандар жөнүндө суралды эле, ал: "Аларга арлашпагыла, алардын айтканын укпагыла, алардын кылганы силерди кыжаалат кылбасын" - деген. Кээ бир окуяларда алардын айтканы туура чыгып калып жатат, мисалы, баланча айда, баланча күнү мындай болот деп кайып ишти айтса, ошолордун айтканындай болуп калган учурлар болот дешет. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жиндер асманда айтылган кабарларды тыңшап угуп келет да көзү ачык досторуна түшүп укканын аларга айтат. Кийин көзү ачык анын асмандан укканына жүз жалганды кошуп жиберет.

Сөздөрдүн маанилери

يخْطفُها: يأخذها بسرعة.

فَيَقُرُّهَا في أُذُنِ: يلْقِيهَا على مسَامِع.

قرَّ الدجاج: صوتها عند مخاطبة دجاجة أخرى.

Хадистин пайдалары

Көзү ачыктарга ишенүүгө болбойт. Кээде туура болгонуна карабай, алардын айтканы жалган жана атайын дайындалган.

Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарлыгы башталгандан тартып асман кабарлары шайтандардын кулак салып угуп алуусунан сакталган. Кээ бир гана жылдыздын соккусунан аман калып кулак төшөгөндөрү угуусу мүмкүн.

Жиндер адамдардын арасынан дос тутат.

Булактар

Сахих ал-Бухари (8/ 47) (6213).

Сахих Муслим (4/ 1750) (2228).

Дагы (9)

نزهة المتقين (2/ 1143).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (17/ 557).

بهجة الناظرين.

لسليم الهلالي (3/ 177).

مرقاة المفاتيح شرح مشكاة المصابيح.

لعلي القاري (7/ 2904).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (6/ 404).