Skip to content

Чындыгында, Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) башына кайгы түшкөндө өкүрүп-бакырып ыйлаган, чачын кырган (же жулган) жана үстүндөгү кийимин жырткан аялдардан алыс экенин билдирген.

التصنيف الشرعي
الفقهالجنائزالموت وأحكامه

Абу Бурда ибн Абу Муса (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:

Абу Муса катуу ооруп, башы үй-бүлөсүндөгү бир аялдын тизесинде турганда эсинен танып калды. Ошол учурда тиги аял (өкүрүп ыйлап киргенде), ага эч нерсе деп жооп кайтара алган жок. Ал эми өзүнө келгенде мындай деди: «Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимден алыс болсо, мен да андан алысмын. Чындыгында, Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) башына кайгы түшкөндө өкүрүп-бакырып ыйлаган, чачын кырган (же жулган) жана үстүндөгү кийимин жырткан аялдардан алыс экенин билдирген».

وَجِعَ أَبُو مُوسَى وَجَعًا شَدِيدًا، فَغُشِيَ عَلَيْهِ وَرَأْسُهُ فِي حَجْرِ امْرَأَةٍ مِنْ أَهْلِهِ، فَلَمْ يَسْتَطِعْ أَنْ يَرُدَّ عَلَيْهَا شَيْئًا، فَلَمَّا أَفَاقَ، قَالَ: أَنَا بَرِيءٌ مِمَّنْ بَرِئَ مِنْهُ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، إِنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ بَرِئَ مِنَ الصَّالِقَةِ وَالحَالِقَةِ وَالشَّاقَّةِ.

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Абу Бурда (Аллах андан ыраазы болсун) мындай деп эскерет: «Атам Абу Муса ал-Ашари (Аллах андан ыраазы болсун) катуу ооруп, эсинен танып калды. Анын башы үй-бүлөбүздөгү бир аялдын тизесинде жаткан эле. Ошол учурда тиги аял кыйкырып, өкүрүп ыйлай баштады. Бирок атам эс-учун жоготуп жаткандыктан, ага эч нерсе деп жооп кайтара алган жок. Ал эми өзүнө келгенде (эс-учун жыйганда) мындай деди: "Чындыгында, Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимден алыс болсо, мен да андан алысмын. Жана Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төмөнкүлөрдөн алыс экенин билдирген"». Ас-Саалика: Бул башына кайгы түшкөн учурда үнүн катуу чыгарып, өкүрүп-бакырып ыйлаган аял. Ал-Хаалика: Бул башына кайгы түшкөн учурда чачын кырккан (же такыр алып салган) аял. Аш-Шаакка: Бул башына кайгы түшкөн учурда үстүндөгү кийимин жырткан аял. Анткени бул — жахилият (караңгылык) доорунун адаттарынан болуп саналат. Тескерисинче, Ислам дини кыйынчылык учурунда сабыр кылууга жана анын сообун бир гана Аллахтан үмүт кылууга буйруйт.

Хадистин пайдалары

Кайгы-капа жеткенде кийимди айрууга, чачты жулууга жана үндү көтөрүп ыйлоого тыюу салынат; бул — чоң күнөөлөрдөн болуп эсептелет.

Өкүрбөй жана үнүн көтөрбөй, ичтен кайгырып, көзгө жаш алып ыйлоо арам эмес. Бул Аллахтын тагдырына сабырсыздык кылууга жатпайт. Тескерисинче, жүрөктөгү ырайымдуулукту билдирет.

Аллахтын тагдырына сөз менен же кыймыл аракет менен ачууланууга тыюу салынат.

Кыйынчылык келгенде сабыр кылуу милдет.

Булактар

Сахих ал-Бухари (2/ 81) (1296).

Сахих Муслим (1/ 100) (104).

Сахих ал-Бухари (2/ 81) (1296).

Сахих Муслим (1/ 100) (104).

Дагы (8)

تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.

لعبد الله البسام (ص287).

تنبيه الأفهام شرح عمدة الأحكام.

لابن عثيمين (2/ 371).

تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.

لعبد الله البسام (ص287).

تنبيه الأفهام شرح عمدة الأحكام.

لابن عثيمين (2/ 371).