"Кимде-ким Аллах жолуна казатка чыккан адамга (ат-күлүгүн, курал-жарагын, азык-түлүгүн) даярдап берсе, казатка чыккандай сооп алат. Кимде-ким Аллах жолуна казатка чыккан адамдын үй-бүлөсүнө жакшылык кылып каралашса, казатка чыккандай сооп алат".
Махмуд бин Лабид (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди:
"Кимде-ким Аллах жолуна казатка чыккан адамга (ат-күлүгүн, курал-жарагын, азык-түлүгүн) даярдап берсе, казатка чыккандай сооп алат. Кимде-ким Аллах жолуна казатка чыккан адамдын үй-бүлөсүнө жакшылык кылып каралашса, казатка чыккандай сооп алат".
«مَنْ جَهَّزَ غَازِيًا فِي سَبِيلِ اللَّهِ فَقَدْ غَزَا، وَمَنْ خَلَفَ غَازِيًا فِي سَبِيلِ اللَّهِ بِخَيْرٍ فَقَدْ غَزَا».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах жолунда казатка чыккан адамдын сапарга керектүү каржыларын, курал-жарагын, азык-түлүгүн ж.б. камдап берген адам, казатка чыккандын өкүмүндө болуп, казатка чыккан адамдай соопко ээ болот. Ошондой эле казатка чыккан адамдын үй-бүлөсүнө жардам берип, ал казаттан келгенче каралашкан адам да казатка чыккандын өкүмүндө болот.
Жакшылык иште жардам берүү зарыл.
Ибн Хажар минтип айткан: Бул хадисте мусулмандар үчүн пайдалуу иш кылгандарга жана алардын кайсы бир милдеттүү ишин аткарууга чыккандарга жакшылык кылып жардам берүүгө үндөйт.
Жалпы эреже: Кимде-ким Аллахка таат-ибадат кылган адамга жардам берсе, ошол адам сыяктуу соопко ээ болот. Мындан тигинин сооп-сыйы кемип калбайт.
Сахих ал-Бухари (4/ 27) (2843).
Сахих Муслим (3/ 1506) (1895).
Дагы (12)
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 267).
تطريز رياض الصالحين.
لفيصل آل مبارك (ص143).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (3/ 588).
لسان العرب.
لابن منظور (15/ 123).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (2/ 374).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 202).