Skip to content

"Эч кимиңер заара кылганда мүчөсүн оң колу менен кармабасын. Даарат ушатканда оң колу менен тазалабасын. Ичкенде идиштин ичине демин чыгарбасын".

Абу Катада (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

"Эч кимиңер заара кылганда мүчөсүн оң колу менен кармабасын. Даарат ушатканда оң колу менен тазалабасын. Ичкенде идиштин ичине демин чыгарбасын".

«لَا يُمْسِكَنَّ أَحَدُكُمْ ذَكَرَهُ بِيَمِينِهِ وَهُوَ يَبُولُ، وَلَا يَتَمَسَّحْ مِنَ الْخَلَاءِ بِيَمِينِهِ، وَلَا يَتَنَفَّسْ فِي الْإِنَاءِ».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кээ бир адептерди баяндаган; заара кылган учурда мүчөсүн оң кол менен кармоодон тыйды. Алды жагын, арты жагын оң кол менен тазалоодон тыйды. Анткени, оң кол жакшы иштерди кылууга дайындалган. Ошондой эле суусундук ичкен идиштин ичине демин чыгаруудан тыйган.

Хадистин пайдалары

Ислам дининин адепте жана тазалыкта алда канча алдында экендиги баяндалды.

Ыплас нерселерден этият болуу керек. Эгер тазалоо зарылдыгы болсо, сол кол менен тазалоо керек.

Оң тараптын шарапаттуулугу жана сол тараптан артыкчылыгы бар экени айтылган.

Ислам шариятынын толуктугу жана анын таалим-тарбиясынын ар тараптуулугу айтылган.

Булактар

Сахих ал-Бухари (1/ 42) (154).

Сахих Муслим (1/ 225) (267).

Дагы (4)

تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.

للبسام (ص41).

تنبيه الأفهام شرح عمدة الأحكام.

لابن عثيمين (1/ 45).